“Женго” каймана аттуу криминалдык авторитет Кадырбек Досонов УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымында, ал бүгүн Оштон Бишкекке алынып келинди.
«11-февралда УКМК уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердүүлүгүнө каршы аракеттенүүнүн алкагында республиканын түштүк аймагынын көзөмөлдөөчүсү аталган криминалдык авторитет Досоновду кармоо боюнча атайын издөө иш-чараларын аяктады. Тергөөдөгү кылмыш ишинин алкагында ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди », – деп айтылат билдирүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ