Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Парламенттер аралык ассамблеясындагы жана Жамааттык коопсуздук уюмунун Парламенттик ассамблеясындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кызмат ордуна Сатвалдиев Нурбек Абдрашитовичтин талапкерлигин жактырды. Бул тууралуу бүгүн, 16-февралда Жогорку Кеӊештин басма сөз кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, Нурбек Сатвалдиев бул кызматта 2008-жылдан бери иштеп келет.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ