Menu

Орусияга эки ПЧР тесттин жыйынтыгын көрсөткөн гана чет өлкөлүк студенттер киргизилет

Бөлүшүү:

Керектөөчүлөрдүн укугун жана жыргалчылыгын коргоо боюнча федералдык кызмат (Роспотребнадзор) чет өлкөлүк студенттердин Орусия аймагына кирүү тартиби тууралуу токтом кабыл алды.

Ага ылайык, Орусиянын аймагына COVID-19 жок экенин ырастаган эки ПЧР-тесттин жыйынтыгын көрсөткөн чет өлкөлүк студенттер гана киргизилет. Алар алгачкы тестти Орусияга келгенден үч күн мурда, экинчисин акыркы 72 сааттын ичинде тапшырышы керек болот.

Буга чейин коронавирус пандемиясына байланыштуу миңдеген чет өлкөлүк студент Орусияга кире албай калганы тууралуу бир нече жолу кабарланган. Жогорку окуу жайлар студенттердин көбүнө аралыктан окууга уруксат бербегендиктен, алар окуу үчүн төлөгөн акчасы текке кетип каларын айтып чыгышкан.

Былтыр сентябрдын башында Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин алдына ондогон студент топтолуп, мекемеден Орусияга кетүүгө жардам берүүнү өтүнүшкөн:

Акыркы апталарда Орусиянын бийлик өкүлдөрү коронавируска байланышкан абал кыйла жакшырып калганын, айрым өлкөлөр менен чек араларды ачууга даяр экенин көбүрөөк билдире башташты.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 69 − = 61

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: