Menu

Жергиликтүү соттун судьясы дайындалды

Бөлүшүү:

Судьяларды тандоо боюнча кеңеш тарабынан Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун дарегине Нарын облусунун административдик сотунун бош судьялык кызмат ордуна дайындоо үчүн 1 талапкер боюнча сунуш келип түшкөн. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматынын басма сөз кызматы маалымдайт.

Тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан сунушталган талапкерге карата берилген кошумча материалдарды эске алуу менен Садыр Жапаров аны судьялык кызматка дайындоо боюнча Кеңештин сунушуна макул болду.

Президенттин тийиштүү Жарлыктары менен Кудайбергенов Азис Абылович жергиликтүү соттун судьялык кызматына дайындалып, ал Нарын облусунун административдик сотуна судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберилди.

Жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 35 + = 43

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: