“Мекенчил” партиясынын жергиликтүү жана парламенттик шайлоого катышпай турганы аталган партиянын мүчөсү Жылдызкан Жолдошевага күтүүсүз болду. Бул тууралуу ал журналисттерге билдирди.
Анын айтымында, партияда билимдүү, прогрессивдүү жаштар бар болгон.
“Эгер партия шайлоого катышпай турган болсо, бул абдан кейиштүү. Анткени партияда жогорку билимдүү жаш балдар бар болчу. Алар 4-октябрдагы шайлоодо мыкты иштеген болчу. Бирок шайлоо жыйынтыгын БШК жокко чыгарды. Мына эми шайлоо өнөктүгүнө катышуудан баш тартып, “Мекенчилдин” түптөөчүлөрү аларга чыккынчылык кылышты”, – деди ал.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ