Menu

Жерар Депардьеге зоруктоо боюнча айып тагылды

Бөлүшүү:

Француз прокуратурасы актер Жерар Депардьеге зордуктоо жана сексуалдык зомбулук боюнча айып такты. Маалыматка караганда, 2018-жылы ал анын үйүнө эки жолу келген 20 жаштагы актрисаны зордуктаган. Актер өзү айыптоону четке кагууда.

Француз медиасы билдиргендей, бул окуялар 2018-жылы август айларында актердун Париждеги үйүндө болгон. 20 жаштагы актриса – Депардьенин досунун кызы. Бул окуя боюнча иш 2019-жылы иштин жагдайларын иликтөөгө мүмкүн болбогондуктан жабылган, бирок кыздын адвокаты доо арыз менен кайрылып, шектүү суралгандан кийин кайра жандандырылган.

Депардье —дүйнөгө белгилүү француз актерлорунун бири. 50 жылдан ашык карьерасында ал 200дөн көп фильмге жана сериалдарга катышып, театрда ойногон.

2005-жылы ал өзүн сүрөткө тарткысы келген папарацци кабарчысын сабап салган. 2011-жылы Парижден Дублинге баратканда отургучтардын ортосунда даарат ушатканы үчүн учактан түшүрүлгөн. Кийинки жылы жол кырсыгынан кийин автомобилистти чаап жиберген жана Франциянын салык кызматы менен болгон жаңжалдан кийин орус жарандыгын алган. Анын адвокаты зордуктоо боюнча айыптоолор чындыкка дал келбей турганын жана актер күнөөсүз экенин билдирүүдө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: