Бүгүн, 2-мартка карата өлкөдө коронавирус жана пневмония илдетинин жаңы 57 учуру аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 24, Чүй облусунан – 22, Талас облусунан – 1, Нарын облусунан – 2, Ысык-Көл облусунан – 6, Жалал-Абад облусунан – 1 катталды. Ошентип, өлкөдө жалпысынан 86 308 адам ооруга чалдыккан.
Өткөн сутка ичинде 59 адам оорудан айыгып ооруканадан чыгарылган. Алардын жалпы саны 83 269га жетти.
Оорудан айыккандар: Бишкек шаарынан – 17, Ош шаарынан – 1, Чүй облусунан – 23, Ош облусунан – 1, Нарын облусунан – 1, Ысык-Көл облусунан – 5, Баткен облусунан – 5.
Акыркы бир сутка ичинде коронавирустан Бишкек шаарынан 1 бейтап каза болду. Илдеттен каза болгондордун жалпы саны 1467ге жетти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ