Бүгүн, 24-мартка карата өлкөдө коронавирус жана пневмония илдетинин жаңы 115 учуру аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 66, Ош шаарынан – 2, Чүй облусунан – 42, Нарын облусунан – 2, Ысык-Көл облусунан – 3. Ошентип, өлкөдө жалпысынан 87 652 адам ооруга чалдыккан.
Өткөн сутка ичинде 65 адам оорудан айыгып ооруканадан чыгарылган. Алардын жалпы саны 84 339га жетти.
Оорудан айыккандар: Бишкек шаарынан – 26, Чүй облусунан – 20, Ош облусунан – 3, Нарын облусунан – 3, Ысык-Көл облусунан – 10, Жалал-Абад облусунан – 3.
Акыркы бир сутка ичинде коронавирустан каза болгондор: Бишкек шаарынан – 2. Илдеттен каза болгондордун жалпы саны 1492ге жетти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ