Menu

Ташкент метросунда үйлөнүү той үчүн видео тарткан тиктокчуларга айып пул салынды

Бөлүшүү:

Ташкент метросунда үйлөнүү той үчүн видео тарткан тиктокчулар тобу жазаланды. Бул тууралуу Өзбекстандын Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы кабарлады.

ИИМдин билдирүүсүндө метродо видео жана сүрөт тартууга тыюу жок экени, бирок бул ишти коомдук тартипти бузбай жасоо керектиги белгиленген.

«Коомдук жайларда элдин тынчтыгын бузуп, карантиндик режим маалында беткапсыз жүрүүгө болбойт», — деп жазылган билдирүүдө.

Тиктокчуларга карата «Майда бейбаштык», «Эпидемияга каршы күрөшүү эрежелерин бузуу» жана «Метрополитенди колдонуу эрежелерин бузуу» беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, ар бири 980 миң сум (93 доллар) өлчөмүндө айып пул төлөөгө милдеттендирилди.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: