Menu

Баткенде чек арада ок атылды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 29-апрелде эртең мененкиге карата Баткен районунун Тажикстан менен чек арасында абал курч бойдон калууда.

Жергиликтүү тургундар ЖМКларга билдиргендей, таңкы саат 4төр чамасында Көк-Таш айылында тажик тараптан ок атылды. 
Маалыматтар боюнча, атылган октон Самаркандек айылынын 1991-жылы туулган тургуну жаракат алган. Ал Лейлек аймактык ооруканасына жеткирилген.

“Эртең менен мектептин алдында ок атылды. Ал жерде Кыргызстандан милиция кызматкерлери жана Тажикстандан келген аскер кызматкерлери бар болчу. Биздин укук коргоо органдары азырынча курал колдонушкан жок. Эртең менен эки тараптын тең тургундары чогулушту. Жарандык форма кийген тажиктер Ош – Исфана жолунан өтүп бараткан унааларды аткылап жатышат. Ошондуктан, азыр биздин милиция транспортторду токтотуп жатат”, – дейт жергиликтүү тургундар.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 26 − 23 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: