Menu

Азамат Дыйканбаев Санариптик өнүктүрүү министрлигинин жамаатына тааныштырылды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин жамаатына жаңы жетекчини – Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — санариптик өнүктүрүү министри Азамат Дыйканбаевди тааныштырды.

Улукбек Марипов санариптик трансформацияны активдүү ишке ашыруунун жана атамекендик IT-адистерди колдоого алуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

«Санариптештирүү маселеси жаңы Министрлер кабинетинин ишиндеги артыкчылыктуу багыттардын бири болуп саналат. Санариптештирүү боюнча милдеттерди натыйжалуу чечүү, бардык мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү электрондук форматка өткөрүү максатында Санариптик өнүктүрүү министрлигин түзүү чечими кабыл алынган. Биздин милдет – тиричиликтин бардык тармагын, мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдары менен саламаттык сактоо, билим берүү, туризм, транспорт, курулуш, тейлөө көрсөтүү тармагынын өз-ара аракеттешүүсүн санариптештирүү процесси менен камтуу болуп саналат», – деп белгиледи ал.

Санариптик өнүктүрүү министрлигинин кызматкерлери менен жолугушуусунда Улукбек Марипов мамлекеттик ишканаларды кайрадан түзүү маселесине басым жасады.

«Мамлекеттик ишканалардын түзүмүн өзгөртүүдө IT-эксперттерди максималдуу сактоо милдети коюлду. Ишканалардын административдик аппаратына тийиштүү айтсак, бюджетти үнөмдөө максатында кайталанма функциялар гана кыскартылат», – деп белгиледи Министрлер кабинетинин төрагасы.

Өз кезегинде Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — санариптик өнүктүрүү министри Азамат Дыйканбаев бирдиктүү максаттын – өлкө өнүгүүсүнүн туруктуулугун камсыздоо, түзүлүп келе жаткан дүйнөнүн санарип картасында татыктуу орун табуу жана жаңы жумушчу орундарды түзүү үчүн санарип Кыргызстанды куруу идеясынын тегерегинде биригүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Ошондой эле ал ар бир IT жана санариптик эксперттин баалуулугун жана өзүнүн аталган позициядагы жалпы идея жана командалык баалуулуктардын тегерегинде биригүүгө даяр болгон мамлекеттик ишканалардын техникалык адистерин сактоо жана аларды ишке орноштуруудагы милдетинин маанилүү экендигин белгиледи.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 36 + = 38

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: