Menu

Кыргызстандан мал экспорттоого уруксат берилди

Бөлүшүү:

8-июлдан тартып малды Өзбекстанга жана башка өлкөлөргө сатууга уруксат берилет. Бул тууралуу Айыл чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин өкүлү Рахатбек Ибраев билдирди.

“Тоют таңкыстыгынан улам малды сыртка экспорттоого уруксат бердик. Ошол эле учурда тоюттун баасы көтөрүлүп бараткандыгына байланыштуу чөп, байытылган тоют, жүгөрү жана арпаны өлкөдөн чыгарууга толук тыюу салынды”, — деди ал.

Ибраевдин маалыматына караганда, Кыргызстандан тоют негизинен Казакстанга сатылат.

Бодо малга жана майда жандыкты экспорттоого салынган тыюу алынарын Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов да 24-июнда маалымдаган.

2020-жылдын ноябрь айында малды сыртка сатууга убактылуу чек коюлган. Айыл чарба министрлиги муну азык-түлүк коопсуздугу, ургаачы мал-жандыктын азайып жатканы менен байланыштырган. Мындай чектөөлөр айрым фермерлерди нааразы кылган.

Быйылкы кургакчылыктан улам чөп аз болуп, баасы өсүп жатат. Министрликтин маалымдашынча быйыл чөп мурунку жылдарга караганда 35% аз жыйналууда.

Ушул тапта бир түк чөптүн баасы талаада орулуп жаткан жеринде орточо 300 сомдон, 1 кило арпа 23-25 сомдон сатылууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 45 − = 41

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: