Menu

ДҮЙНӨ ЖҮЗҮНДӨ

Тажикстандык жүздөгөн качкын Польша чек арасынан өтө албай турат

Польшанын адам укуктары боюнча Хельсинки тобу Варшава Тажикстандын ондогон жаранына башкалка берүүдөн баш тартканын билдирди. Маалыматка караганда, учурда жүздөгөн тажикстандык аталган европалык өлкөнүн чек арасынан өтө албай турат.

Польшанын адам укуктары боюнча Хельсинки тобунун юристти Даниэл Витко башкалка сурап жаткандардын көбүнүн визасы жок экенин, ошондуктан алар бир канча айлап чек ара аймагында калууга аргасыз болорун айтты. “Мен үч айдан бери үй-бүлөсү менен бирге украин-польша чек арасында кирүүгө уруксат күтүп турган Тажикстандын жаранын билем. Алардын паспортторунда штамп басууга бош жер калган жок, алар эми кайрадан Украинага да бара алышпайт”, – деди ал.

Витконун айтымында, Польша чек арасы аркылуу Европага кирүүгө аракет кылган тажиктердин так саны белгисиз. Бирок аталган өлкөнүн аймагына кирүүгө уруксат алган тажиктер беларус-польша чек арасында эле 100дөн 200гө чейинки сандагы тажикстандык качкын ары же бери өтө албай турганын билдиришүүдө.

Качкындардын тагдырына эл аралык Human Rights Watch (HRW) укук коргоо уюму да тынчсыздануусун билдирди. Уюмдун бир канча күн мурун жарыяланган баяндамасында Варшава адатта башкалка сурагандардын укуктарын бузуп жатканын четке кагып, аларды кайрадан Беларуска жөнөтө тургандыгы белгиленген.

Польша ТИМинин чет өлкөлүк жарандар менен иштөө кызматынын өткөн жылы жайында тараткан маалыматына караганда, Польшадан башкалка сурап Тажикстандын 1200гө чукул жараны кайрылса, алардын бирөөсү гана расмий качкын макамын алган.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Кыргызстанга Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасы Дмитрий Медеведев келди

Кыргызстанга Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасы Дмитрий Медеведев баштаган делегация келди.
Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасын «Манас» Эл аралык аэропортунда Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Мухамметкалый Абулгазиев тосуп алды.
Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасы Дмитрий Медеведев 2017-жылдын 7-мартында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын төрагалыгы астында өтө турган Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн келди.

Мамдепартамент тажик бийлигин адам укуктарын бузууга айыптоодо

АКШнын Мамлекеттик департаменти дүйнөдөгү адам укуктарынын сакталышы боюнча  баяндамасын жарыялап, Тажикстанды кескин сынга алды. Документте өкмөт жарандардын таза жана эркин шайлоо өткөрүү мүмкүнчүлүктөрүн чектеп жаткандыгы негизги маселе экени айтылат.

Башка маселелердин катарында – камактагыларга катаал мамиле жасоо, саясий жана жарандык активисттерди опузалоо, ММКлардын ишмердүүлүгүнө тоскоолдук жаратуу, социалдык түйүндөрдү колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн чектөө бар. Баяндамада Тажикстанда көп партиялуу саясий система орун алганы менен бийлик бир колго топтолгону баяндалат.

Документте 2016-жылы өлкөдө Баш мыйзамга референдум аркылуу өзгөртүү киргизилгени жана азыркы президент Эмомали Рахмон “улут лидери” катары чектөөсүз бийликте калуу мүмкүнчүлүгүн алганы баса белгиленет.

Мамлекеттик департамент Тажикстан Ислам кайра жаралуу партиясынын мүчөлөрү жана белгилүү адвокат Бузургмехр Ёровдун камалганын да эске салган.

Мындан тышкары өлкөдө коррупция менен күрөшүү натыйжасыз жүрүп жатканы дагы айтылат.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

АКШ башка өлкөлөргө жардам берүүнү кыскартат

АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы башка өлкөлөргө каржылык колдоо көрсөтүүнү кыскартуу ниетинде. Үнөмдөлгөн акчалар Коргоо министрлигинин муктаждыктарына жумшалат.

Акүйдүн бюджет башкармалыгынын директору Мик Малвэни бюджеттин кыскарышы боюнча так маалымат 16-мартта жарыяланарын билдирди.

Пентагондун бюджети 600 миллиард доллардан көбүрөөк. Акүй аскердик чыгымдарды 50 миллиондон ашык долларга көбөйтүүнү сунуштоодо. АКШ президенти Дональд Трамп февралда Америка армиясын жаңылоо ниетин билдирген. Ал Кошмо Штаттар тарыхында болуп көрбөгөндөй аскердик кеңейүү орун аларын ишара кылган.

АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) – Мамлекеттик департаментке карайт. Уюм башка өлкөлөргө жардам иретинде жыл сайын 50 миллиард доллар коротот. USAID соода, айыл чарба, экономикалык өнүктүрүү, саламаттыкты сактоо, ыкчам гуманитардык жардам берүү, жаңжалдарды болтурбоого көмөктөшүү жана жарды өлкөлөрдө демократияны колдоо менен алектенет.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Трамп Конгрессти Обаманын администрациясынын аракеттерин иликтөөгө чакырды

АКШ президенти Дональд Трамп мурдагы мамлекет башчы Барак Обаманын администрациясы былтыркы шайлоо өнөктүгү учурундагы иликтөөлөрүндө ыйгарым укуктарын ашыкча колдонгон-колдонбогонун аныктоо өтүнүчү менен Конгресске кайрылды. Бул тууралуу Associated Press агенттиги билдирүүдө.

Акүйдүн басма сөз катчысы Шон Спайсер Трамп Конгресстин Чалгындоо комитетин 2016-жылы Обаманын администрациясы ыйгарым укуктарын кыянат пайдаланган-пайдаланбаганын аныктап берүүгө чакырганын билдирди. Ал тергөө иштери аяктаганга чейин бул тема боюнча Трамп дагы, анын администрациясы дагы комментарий бербей тургандыгын белгиледи.

Буга чейин Трамп шайлоо алдында анын телефондук сүйлөшүүлөрү таңшалганын билдирип, ага Обаманын администрациясын айыптаган.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Түрк жараны кыргыз кызынын колунан өлдү

Түркияда 34 жаштагы Айгүл аттуу кыргыз аял 31 жаштагы түрк жаранын бычак менен жүрөк тушка сайып, азыр тергөө абагында отурат. Окуя 1- март күнү кечинде Түркиянын Манавгат деген шаарында болгон. Маалым болгондой кыргыз келин менен түрк жараны ортого бир бөтөлкөнү коюп, бөлө тартып отурушкан. бир маалда экөөнүн ортосунда чыр чыгып, келин түрк жаранына үч жолу бычак сайган. Оор жарааттан улам, түрк жараны ооруканага жетип көз жумган. Ага дарыгерлер эч жардам бере алышкан эмес.

Булак: “Фабула”

Тарых илимдеринин доктору, Кыргызстандык профессор Анварбек Мокеевге ЭКУ сыйлыгы ыйгарылды

Пакистан Ислам Республикасынын Исламабад шаарында Экономикалык кызматташтык уюмунун 13-Саммитинин алкагында бүгүн, 1-мартта, ЭКУ номинанттарына ЭКУ сыйлыгын тапшыруу салтанаты өттү. Алардын бири тарых илимдеринин доктору, Кыргызстандык профессор,  Кыргыз-Түрк «Манас»  университетинин проректору Анварбек Мокеевге ыйгарылды. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлады.

Сыйлык илим-изилдөө иштериндеги аймактык мүнөздөгү ЭКУ экономика, тарых, маданият, адабият жана искусство, илим жана технология, билим берүү, айыл чарбасы жана айлана чөйрө жаатындагы жетишкендиктерге берилет. Ар бир мамлекет ЭКУ катчылыгына жогорудагы ар бир тармак боюнча 5 талапкерди көрсөтө алат.

Анварбек Мокеевге сыйлык илим жана технология тармагындагы илимий-изилдөө иштериндеги жетишкендиктери үчүн ыйгарылды.

Белгилей кетсек, ЭКУ сыйлыгы ЭКУ мамлекет жана Өкмөт башчыларынын жолугушуусунун жүрүшүндө берилет.

Эске салсак, бүгүн, 1-мартта, Пакистан Ислам Республикасынын Исламабад шаарында  Экономикалык кызматташтык уюмунун 13-Саммитти  катышуучу он өлкөнүн Иран, Пакистан, Түркия,  Кыргызстан, Казакстан, Азербайжан, Афганистан, Тажикистан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын катышуусунда өттү.

Депутат иш учурунда үйүнө барып. төшөк кумарына батып келүү үчүн тыным берүүнү сунуштады

 

Швециялык депутат кызматкерлерге иш ортосунда үйүнө барып төшөк кумарына батып келүүсү үчүн бир сааттык тыным берүүнү сунуштады. Ал аталган тыныгууну акча төлөнө турган тыным болуусу керек деди. Бул туурасында: “Секстин пайдалуу экендигин окумуштуулар изилдеп чыгышкан. Бул алака жубайлар арасындагы мамилени жакшыртышы мүмкүн” – дейт Эвертурнео Пер-Эрик Мускос аймагындагы шаардык кеңешинин мүчөсү. Аталган сунушту алып чыккан депутаттын пикиринде, азыр аталган өлкөдөгү жубайлардын көбү жетишээрлик деңгээдде чогуу болбой келет. Ал сунушталган бул бир сааттык төшөк үчүн тынымды шведдер натыйжалуу пайдаланаарына ишенээрин айтты.

Булак: “Фабула”

Депутат иш учурунда үйүнө барып. төшөк кумарына батып келүү үчүн тыным берүүнү сунуштады

 

Швециялык депутат кызматкерлерге иш ортосунда үйүнө барып төшөк кумарына батып келүүсү үчүн бир сааттык тыным берүүнү сунуштады. Ал аталган тыныгууну акча төлөнө турган тыным болуусу керек деди. Бул туурасында: “Секстин пайдалуу экендигин окумуштуулар изилдеп чыгышкан. Бул алака жубайлар арасындагы мамилени жакшыртышы мүмкүн” – дейт Эвертурнео Пер-Эрик Мускос аймагындагы шаардык кеңешинин мүчөсү. Аталган сунушту алып чыккан депутаттын пикиринде, азыр аталган өлкөдөгү жубайлардын көбү жетишээрлик деңгээдде чогуу болбой келет. Ал сунушталган бул бир сааттык төшөк үчүн тынымды шведдер натыйжалуу пайдаланаарына ишенээрин айтты.

Булак: “Фабула”

АКШ Орусияга каршы санкциялык тизмесин кеңейтти

АКШ санкциялык тизмеге дагы 7 орус жаранын жана 30 компания менен 2 кемени киргизди.

Санкцияга илинген орус жарандарынын арасында президент Владимир Путиндин «жеке ашпозчусу» деп айтылып келген миллиардер, ресторатор Евгений Пригожин да бар.

Визалык жана каржы чектөөлөрүнө туш болгондордун катарына “Курулуш долбоору”, “Крым деңиз порттору”, “Крым темир жолу” компаниялары, ошондой эле «Маршал Жуков» жана «Сталинград» суюктук ташуу кемелери да кошулган.

АКШнын Каржы министрлигинин чет өлкөлүк активдерди көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Жон Смит санкциялар Украина жана аннексияланган Крымдагы абалдан улам кеңейтилгенин билдирди. Смиттин айтымында, Вашингтондун башкы максаты Крымдын оккупациясы үчүн Орусияны көбүрөөк төлөөгө аргасыз кылып басымды улантуу, ошондой эле Украинадагы зомбулук менен туруксуздукту колдогондордун ишмердүүлүгүнө тоскоолдуктарды жаратуу.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню