Menu

СПОРТ

Азия мелдешинен 11 медаль!

Таиланд өлкөсүндө күрөш боюнча өспүрүмдөр арасында Азия чемпионаты өттү. Чынын айтыш керек, буга чейинки Азия мелдешинде өспүрүмдөр арасында мындай жогорку көрсөткүч боло элек эле. Алар жалпы жонунан 11(1 алтын, 3 күмүш жана 7 коло) медалды байге куржунуна бөктөрүп келишти. Өзгөчө грек-рим жаатындагы балбандарыбыздан алтын медалды мойнуна тагынып, Азия чемпиону наамын жеңген Керимберди уулу Нуртазинди (50 кг) баса белгилегим келет. Алдынан чыккан атаандаштардын бирөөсүн калтырбай таза жеңишке жетип отурду. Финалга чыгып, бир аз тажрыйба жоктугунан Байэл Сатаев (54 кг) менен Мустафа Гасановдор (100 кг) күмүшкө арзышты. Коло медалды Марлен Асикеев (58 кг), Аслан Тойчиев (63 кг), Акылбек Талантбеков (76 кг) жана Данияр Шеримбековдор (85 кг) жеңишти. Эркин күрөштөн татыктуу коло медалды Алмаз уулу Бекзат (42 кг), Каныбек Абдухаиров (76 кг) жана Фарход Тешебаевдер (100 кг) жеңип, 3-орунду камсыздады. А кыздардан жалгыз Нураида Анаркулова (56 кг) финалга чейин барып, упай ажырыман Азия чемпиондугуна бир аз жетпей күмүш медалга арзыды.

Булак: “Азия Ньюс”

Астанада биздин улакчыларга кысым болбойбу?

Казакстандын борбору Астана шаарында казак боордоштордун көкпара, бизче кадимки эле көкбөрү боюнча дүйнөлүк чемпионат өткөнү турат. Ал август айынын 20-28дерине белгиленди. Бизди эки нерсе кызыктырат. Биринчиси, казактардын көкпарасы, анысы биздин көкбөрүдөн эмнеси менен айырмаланат. Экинчиси, казак-кыргыз ортосунда көкбөрү оюнунда бир аз ич күйдүлүк бар. Чечмелеп отуруунун кажети жок, баарыбыз эле билебиз. Биринчи маселе боюнча тактоо иретинде айтып кетейин, көкпарада улакты биздикине окшоп тайказанга салбайт. Диаметри 3 метр болгон айлампага таштайт. Оюн талаасы казактардыкы бир аз чоңураак, болду. Ал эми экинчи ичкүйдүлүк маселе боюнча айтыш кыйын. Ансыз да улакчыларыбыз кылдан кыйкым издеп турганда алдын ала «тигиндей болот же мындай болот» деп айта албайбыз. Болгону казак боордоштордун абийирине жана кыргыз улакчылардын сабырдуулугуна коёбуз.

Булак: “Азия Ньюс”

«EREM» командасынын ийгилиги али алдыда

Бир жума мурун Вьетнам өлкөсүндө футзал боюнча Азия чемпиондугу старт алып, Кыргызстандан «EREM» командасы жөнөп кеткенин билет элек. «А» тайпада күч сынашып, үч команданын ичинен бирөөнө утулуп, эки команданы утуп алган. Ошону менен бирге биздин команда кошумча көрсөткүчтүн айынан чейрек финалдык мелдешке өтпөй калды.

Алгач оюндардын жүрүшүнөн маалымат бере кетели. Мелдеш Вьетнам өлкөсүнүн Хошимин шаарында болду. «EREM» командасы «А» тайпасына туш келип, «Аль Дафра» (БАЭ), «Вик Випере» (Австралия) жана «Тайсоннам» (Вьетнам) командалары менен күч сынашты. Биринчи атаандашы катары Вьетнамдын «Тайсоннам» командасы менен 20-июль күнү оюн талаага чыгып, 5:4 эсебинде биздин топ тепкичтер жеңишке жетишкен. Албетте, атаандаштар бул оюнду жөн эле утулуп берген жок. Беттешүүнүн 8-мүнөтүндө эсепти талаа ээлери ачты. Көп узабай Максатбек Алимов эсепти теңеди. Дильшат Кадыров биздин команданы алдыга сүрөп, бир гол сокту. Экинчи таймда эрегешүү күчөп, атаандаштар 3 топту катары менен (34, 38, 40 мүн.) киргизсе, биздикилер да жөн турбай ошол эле Максатбек эки топту (31, 37 мүн.) жана Байгазы Уланбек уулу 38-мүнөттө жооп берип, 5:4 эсебинде «EREM» жеңишти илип кетти.

Экинчи оюн 22-июль күнү «Аль-Дафра» командасы ортосунда болуп, бу күнү биздин топ тепкичтер өтө эле бошоңдоп койдубу же спорттук ийгилик атаандаштар жакта болдубу,айтор, 4:0 эсебинде алдырып ийдик.

Үчүнчү оюн биздин команда үчүн чечүүчү оюндардын бири болчу. Анткени, Австралиянын «Вик Випере» командасын ири эсеп менен утуу керек деген максат алдыга коюлган. Тилекке каршы, андай мүмкүнчүлүк «ЕКЕМде» боло албады. Оюндун эки бөлүгүндө тең биздин топ тепкичтер жанталашып ойношту. Болгон күчтөрүн жумшашты. Эсеп санын Адилет Култаев ачып, андан ары атаандаштар катуу коргонууга өтүп, биздин оюнчулардын тобун дарбазасына жолотушкан жок. 1:0 эсебинде мелдеш аяктап, аны менен кошо чейрек финалга барчу жол да жабьшды. Себеби, «Вик Випере» командадан тышкары үч командалардын упайлары бирдей (6) болуп, топ айырмачылык боюнча биздин команда 3-орунду камсыз кылды. Алдыдагы эки команда чейрек финалды көздөй кетти. Албетте, Оштун «EREM» командасы биринчи ирет эл аралык, анын ичинде Азия чөлкөмүндө оюн алпарып бир аз тажрыйба жетишпегендигинен ушундай мүчүлүштүктөр кетирип койду. Алдыда дагы мелдештер күтүп турат. Аны менен катар ийгиликтер да болот деп ишенип туралы. Биз бүгүн болгону «EREM» спорттук клубдун футзал гана боюнча түрүнүн өткөн жумадагы мелдеш көрсөткүчтөрү тууралуу кеп кылдык. «EREM» командасынын ийгилиги али алдыда.

Булак: “Азия Ньюс”

Кыргыздар өздөрүнүн президенттикке талапкерлерин жаңы монгол президенти Х.Баттулга менен салыштырууну чечишти

Монголиянын бешинчи президенти Х.Баттулга Sputnik Кыргызстан ресурсун өлкөнүн президенттигине кандидаттарынын “булчуңдарын” тактап көрүүсүнө түрткү болду.

Жакында Монголиянын президенти болуп Халтмаагийн Баттулга шайланган. Мурда ал дүйнөнүн самбо боюнча чемпионаттарын утуп жүргөн. Азыр болсо бизнес менен саясатта көп жүргөнүнө карабастан спортту унуткан жок. Көптөгөн ММКлардын ою боюнча Баттулга  бардык дүйнөлүк лидерлердин арасында эң эле булчуңдуулардан.

Мындан улам Sputnik Кыргызстан редакциясы Кыргызстандын президенттигине ат салышкан талапкерлердин кимиси спорт менен жана кайсы түрү менен машыгаарын билүүнү чечти.

Сагынбек Абдрахманов

Экс-губернатор Сагынбек Абдрахманов бокс боюнча СССРдин спорттун мастери. Спорттун бул түрү менен ал 15 жыл алектенген.

Фото Нургуль Максутова

Арстанбек Абдылдаев

Ишкер совет армиясынын спецназында кызмат өтөгөнүн билдирди.

Фото Жоомарт Ураимов

 Турсунбек Акун
Экс-акыйкатчы жаш кезинде жеңил атлетикага кызыкчу, марафондук чуркоолорго катышып керек болсо утушка да ээ болчу. Азыр деле чуркаганды жакшы көрөт, кышкысын тоолорго чыгат.

Фото Султан Досалиев

Өмүрбек Бабанов

 «Республика — Ата-Журт»  фракциясынын лидер Өмүрбек Бабанов формасын бузуп албоо үчүн  фитнес-залдарга барып турат.

Фото Султан Досалиев

Турсунбай Бакир уулу
Дагы бир экс-акыйкатчы 2008-жылга чейин футбол ойночу. 2013-2016-жылдары Кыргызстан бильярд спорту федерациясынын президенти болгон. Лифтти колдонбогонго аракет кылат.

Фото пресс-служба ЖК

 Азимбек Бекназаров
Белгилүү оппозиционер кышкы лыжаларды жактырат. Жана мергенчиликке кызыгат.

Фото Табылды Кадырбеков

Куттубек Бешбаков
Ишкер жаш кезинде, чет жакта окуп жүргөндө каратэ менен алектенчи.

Фото Табылды Кадырбеков

 Бакыт Дегенбаев
Бизнесмен бала чагында футболго өтө кызыкчу. Формада болуш үчүн ал дайыма спортзалга барат. Бош убактысында шахмат ойнойт.

Фото Ярослав Мальцев

Руслан Жунусов
Ишкер мурда дзюдо менен алектенчи. Азыр спортзалга барат жана сүзүү менен машыгат.

Фото Табылды Кадырбеков

 Сооронбай Жээнбеков
Учурдагы премьер-министр улак тартыш жана волейболго кызыгат.

Фото Сабыр Аильчиев

Максатбек Жумабеков
Бир нече жылдан бери футбол ойнойт. Жумасына эки жолу барып достору менен топ тебет.

Фото Максатбек Жумабеков

 Рита Карасартова
Мурда армрестлин менен алектенип, катар таймаштарды уткан. Азыр укук коргоочу велогонкаларга катышып, волейбол ойноп турат.

Фото Протопопова Юлия

Улукбек Кочкоров
Экс-депутат футбол, волейбол ойнойт, сууда сүзөт. Баса, футболду ал ГКНБ ветерандары менен ойнойт.

Фото ЖК басма сөз кызматы

Адахан Мадумаров
«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери жаш чагында футбол ойночу. Акыркы жылдары бильярд ойнойт, жана саясатчылардын айтымында күчтүү оюнчу.

Фото Табылды Кадырбеков

Арсланбек Малиев
Экс-депутат жаш чагында бокс жана футбол менен алектенчи. Азыр лыжа тепкенди жактырат.

Фото Айтбек Орозбеков

Нусрет Мамедов
Кыргызстандагы түрк тилдүү мамлекеттердин саясатын колдоо фондунун президенти спортко убактысы жок экенин айтты. Мурда ал шахмат ойночу.

Фото Максат Элебесов

Таалатбек Масадыков

Көп жыл бокс менен машыккан. Спорттун мастери.

Фото Максат Элебесов

 Замира Муратбекова
Пенсионер жаш кезинде баскетбол ойночу. Азыр короодогу жумуштарды спорт менен машыгуу деп билет.

Фото Замира Муратбекова

Назарбек Нышанов

«Лига Антикризис» коомдук бирикмесинин башчысы жаш чагында эркин күрөшкө кызыкчу жана волейбол ойночу. Азыр шахмат ойноп турат.

Фото Максат Элебесов

 Темир Сариев
Мурдагы премьер-министр Крупская атындагы спортинтернатты аяктаган. Жаш кезинде күрөш менен машыкчу. Азыр чуркайт, футбол ойнойт, кышкы сезондо лыжа тебет.

Фото Сабыр Аильчиев

Анвар Сартаев

Пенсионер бала кезинде оор атлетика менен алектенчи. Азыр бош убактысында чуркайт.

Фото Макст Элебесов

 Токтобүбү Таласбаева
Коомдук фонддун башчысы Токтобүбү Таласбаева студенттик жылдарында узак дистанцияларга чуркачу жана жарыштарг катышчу.

Фото Данияр Сандыбаев

Омурбек Текебаев

 «Ата Мекен» фракциясынын лидери көп жыл сууда сүзүп машыккан, шахмат ойнойт. Жана жөө басканды жакшы көрөт.  

Фото Султан Досалиев

Дамира Токтосунова

«Дос Береке-1» ОсООнун консультанты билими боюнча педагог. Жаш кезинде көркөм гимнастика менен алектенчи жана чуркачу.    

Фото Максат Элебесов

Бакыт Торобаев

 Депутат бокс жана футболго кызыгат. Жана күн сайын эки сааттан чуркайт.

Фото  «Онугуу — Прогресс» фракциясынын секретариаты

 Кубан Чороев
Экономист бала кезинде ушу жана карате менен машыкканын айтты. Студенттик жылдарында кикбоксинг жана волейбол менен алектенчи. Азыр анын хоббиси стол үстүндөгү теннис.

Фото Жаныл Раева

 Мукар Чолпонбаев
Бала кезинен дзюдо менен алектенген, 1996-2000-жылдары дал ошол спорт Федерациясынын президенти болгон.

Фото Максат Элебесов

 Камилла Шаршекеева
Экс-министр бош убактысында сүзгөндү жана чуркаганды жакшы көрөт.

Фото Азамат Тотубаев

Санжарбек Энназаров
Ишкер студенттик жылдарында боксер болчу. Азыр ден соолугун чыңдоо максатында жана формасын кармоо үчүн фитнеске барып турат.

Фото Арсен Медебаев

ru.sputnik.kg сайтынан кыргызчаланды 

Ашхабад "жабык шаарга" айланды

Соңку эки аптада Түркөнстандын башка аймактарына баруучу айдоочулар менен жүргүнчүлөр кыйынчылыктарга туш болушууда. Облустук номерге ээ унааларды Ашхабаддын кире беришинде токтотуп, кайра артка кайтарышууда.

Ашхабадга бара турган жүргүнчүлөрдү Чонгалы автобекетине таштап кетишүүдө. Эгер айдоочу өзү борбор калаага баргысы келсе, унаасын шаардын кире беришине токтотуп, коомдук транспорт же такси кызматын колдонушу керек.

Мындай чектөөлөр Ашхабадга башка өлкөдөн жогорку даражадагы коноктор келген маалда киргизилип турат. Бул жолкусу Азия оюндарына байланыштуу жана ал аяктаганга чейин созулары күтүлүүдө.

Чектөөлөрдүн натыйжасында таксилер азайып, кызмат көрсөтүү наркы кыйла жогорулады.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин динамиадасы болуп өттү

2017-жылдын 20-июлдан -23-июль күндөрү Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында “Голубой Иссык-Куль” пансионаты менен “Газпром” ден-соолук чындоо аянтчасында милициянын прапорщиги Б.Абдраевдин жаркын элесине арналган Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин динамиадасы болуп өттү. Бул туурасында КРнын ИИМдин кесиптик жана денетарбия боюнча даярдык башкармалыгынын Басма сөз кызматы билдирди.

Динамиаданын ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары милициянын генерал-майору Курсан Асанов, Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары милициянын подполковниги Атантаев Э.М, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигин Кесиптик жана дене тарбия боюнча даярдык башкармалыгынын башчысы Мадалиев Т.М., ошондой эле Чолпон-ата шаарынын “Газпром” ден соолук чындоо борборунун директору Манапбаев И.З. жана маркумдун карындашы Б.Абдраева катышты. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары милициянын генерал-майору Курсан Асанов динамиаданын катышуучуларына жана конокторуна кайрылып, – Урматтуу биздин кызматкердин туугандары жана жакындары. Ардактуу коноктор жана спортчулар! Бүгүн биз кызмат учурунда курман болгон Б.Адраевдин жаркын элесине арналган динамиада өткөрүүдөбүз. Ал кызматтык жана жарандык милдетин толук бойдон аткара алды. Элдин бейпил турмушу үчүн өз жанын аябастан, чоң эрдик жасады. Аталган иш чарага республиканын бардык аймактарындагы ички иштер органдарынан 12 команда катышты.

ИИМдин динамиадасы төмөнкү 4 спорттун түрү боюнча өттү: Гира көтөрүү спорту, таяк тартыш, аркан тартыш жана самбо.
Динамиаданын жыйынтыгы менен жалпы командалар боюнча:
1-орунду КРнын ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полку;
2-орунду Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгы;
3-орунду Ош облустук Ички иштер башкармалыгы ээледи.

Самбо боюнча:
1-орунга КРнын ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун №1 АОО;
2-орунга КРнын ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун 2- батальону;
3-орунга КРнын ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун №4 АООсу ээ болушту.
Гира көтөрүү спорту боюнча:
1- орунду КРнын ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полку;
2- орунду КРнын ИИМдин МАККББсы;
3- орунду Бишкек ШИИББи алды.

Аркан тартыш мелдеши боюнча:
1- орунду КРнын ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полку;
2- орунду Бишкек ШИИББси;
3- орунду Ош облустук ИИБи алды.
Таяк тартыш боюнча:
1-орунду Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы;
2-орунду КРнын ИИМдин “Шумкар” атайын дайылдалган полку;
3-орунду Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы ээледи.

Байгелүү орундарды ээлеген командалар грамоталар жана акчалай сыйлыктар менен сыйланды.
1-орун 10 000 сом;
2-орун 8 000 сом;
3-орун 5 000 сом.
Ошондой эле жеңүчүлөр менен байге алгандардын ар бири медалдар жана тиешелүү грамоталар менен сыйланышты.
1-орун 1 000сом;
2-орунга 800сом;
3-орунга 500 сом.

Эки казакстандык футбол командасы Европа кубогунан чыгып калды

Өткөн түнү Казакстан Европа кубогу квалификациясы боюнча эки футбол өкүлүнөн ажырады. Европа Лигасынын экинчи айлампасында алматылык “Кайрат” менен оролдук “Иртыш” командалары оюндан чыгып калышты.

Кахабера Цхададзенин жетекчилигиндеги Алматы командасы албаниялык “Скендербеу” командасына 0:2 эсебинде жеңилип калды. Болгар адиси Димитар Димитров баштаган оролдук клуб дагы ушундай эле эсеп менен себриялык “Црвена Звездага” мөрөйдү алдырып койду. Эки апта мурун Европа Лигасынан шымкенттик “Ордабасы” командасы дагы четтетилген.

Натыйжада 2017-2018-жылдардагы Европа кубогунда казакстандык “Астана” клубу гана калды.

Казакстанда футбол командаларынын басымдуу бөлүгү жергиликтүү бюджеттен каржыланат жана дээрлик киреше табышпайт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Рамзан Кадыров UFC мушкерлерин Чеченстандын "Ахмат" клубунун мүчөлөрү менен өлүмгө чейин мушташууга чакырды

Чечен республикасынын башчысынын айтымында, чечен мушкерлеринин баштарынан өткөн согуштар аларды чечкиндүү жана кайраттуу кылды.

Рамзан Кадыров UFC спорттук уюмун аралаш жекеме-жеке урушунун эң мыкты мушкерлери чыккан таймашка чакырды.

— Биз UFC  мушкерлери жана “Ахмат” клубу турнирде беттешүүсүн сунуштайбыз. Анан көрөбүз кимдин мушкерлери күчтүү экенин. Менин оюмча, бул укмуш болот. Алар аягына чейин мушташышат. Алар өлүмгө чейин таймашышат, – деди Рамзан Кадыров НВО телеканалына интервью берип жатып.

Ал чечен мушкерлери өз каршылаштарынан чечкиндүүрөөк жана кайраттуураак, анткени алар бала кезинде эле өз көздөрү менен согуштун бүт жамандыктарын көрүп койгон деп ишенимдүүлүк көрсөттү.

— Мен өзүм 15 жашыман баштап согушкам жана согуш деген эмне экенин билем. Мен мыкты солдат жана мыкты стратегмин. Мен мушташканды жакшы көрөм. Мен согушта төрөлдүм жана согушта өстүм, жана өлүм менен салгылаш мен үчүн өтө кубанычтуу нерсе болмок, – деп кошумчалады Кадыров.

 

«Арашан» ардагерлери жеңишке жетишти

Нарын шаарында волейбол оюну боюнча жаштары 50дөн жогору ардагерлер арасында КР эмгек сиңирген машыктыруучусу Насридин Турсунбаевдин жаркын элесине арналган чоң мелдеш өттү. Бүйүр кызыткан мелдешке Кыргызстандын булуң-бурчунан барган 5 команда ат салышты. Алар айлампа түрүндө мелдеш жүргүзүп, жыйынтыгында Чүйдүн «Арашан» командасы жеңишке жетишти. Экинчи орунду Балыкчы шаарынын командасы багынтты. Үчүнчү байгелүү орунга Жалал-Абаддан барган топ чапкычтар чыгып кетти. Талаа ээлери, Нарындын «бөрүлөрү» 4-орунду жана Бишкектин «Ардагерлери» эң аз упай менен артта калды. КР Волейбол федерациясынын вице-президенти Жеңиш Кызалаков Нарын шаарынын спорт-мектебине дүйнөлүк стандартка жооп берген үч топту салтанаттуу түрдө тапшырып атып, «азыр өлкөбүздүн баардык аймактарында волейбол оюну кеңири тарап, өспүрүмдөрдөн баштаган 60-70 жашка чейинки топ күйөрмандары ойноп атышат. Өзүңөр билгендей, жакында эле дүйнөлүк иргеп алуу жана Азия чемпионатына биздин волейболчулар катышып, алгачкы жараткан ийгиликтерден куру эмеспиз. Нарын жергесинен мыкты топ чапкыч чыгып, Кыргызстандын курамында ойносо жаманбы?» деп жергиликтүү топ ышкыбоздорун шердентип кетти. Эске сала кетсек, байге куржуну 55 миң сомду түзүп, облустук жаштар иши дене тарбия жана спорт башкармалыгы байгелүү орунду жеңген командаларды баалуу сыйлыктар жана дипломдор менен сыйлады.

Булак: “Азия Ньюс”

Көзгө атар мерген Асел

«Эмгек резерви» спорт жайында жаа атуу боюнча Кыргызстандын биринчилиги өттү. Мурун бул спорттун түрү анча өнүкпөй, федерация президенти А.Малиев көп маани бербегенин жана анын ордуна жаа атууга ынтызар бычакка сап адам табылбай атканын коомчулук айтып келүүдө. Анысы ал, ал эми Кыргызстандын негизги мелдеши токтоп турбастан чоңдор арасында 20 көзгө атар, жаштар жана өспүрүмдөр арасында 30га жакыны мелдешке аттанып, «мен-мен» деген мергенчилер бутага таамай тийгизип өлкө чемпиону атанышты. Алсак, чоңдор арасында Асел Шарбекова, жаштар арасында Айтурган Маматкулова жана өспүрүмдөр арасында Сезим Акелеева өлкө чемпиону деген наамга татыды. Август айында жаа атуу боюнча «Шоро» фирмасынын негиздөөчүсү Табылды Эгембердиевдин жаркын элесине арналган эл аралык мелдеш мерченүүдө. Азыртан 15ке жакын өлкөлөргө кат жөнөтүлүп, оозеки сүйлөшүлүп атканын улуттук курамдын машыктыруучусу Кылычбек Нурманбетов кабарлады.

Булак: “Азия Ньюс”

Меню