Menu

СПОРТ

Парижде балбандардын "чоң казаты"

Бу күндөрү жалпы күрөш боюнча дүйнө чемпионаты Франциянын Париж шаарында өтүп атат. Өткөндө да ченебей өтүп атат. Өтө деле кубанта турган жаңылык азырынча аз. Анткени, грек-рим күрөшү боюнча балбандарыбыз байгелүү орундарга бир аз жетпей калды. Эң мыкты балбандарыбыз 5-орунга жетти. Кечээ гезит басууга даярдалып аткан учурда кыздардын күрөшү аяктап кала жаздаган. Айсулуу Тыныбекова коло медаль үчүн күрөштө кытайлык Нининг Ронг аттуу балбан менен күрөшөт. Айпери Медет кызы коло медаль үчүн күрөштө канадалык балбан кызга алы келбей койду.

Булак: “Азия Ньюс”

Ушактарды убагынан кечиктирбей берген коомдук канал улуттук оюн, улуттук баалуулуктарга келгенде өлүмүш болуп калды

Мамлекеттик чоң канал КТРК Астана шаарында өтүп жаткан көкбөрү оюнун түз алып бере албай көпчүлүктүн нааразылыгын жаратты. Равшан Жээнбеков, Айбек Турдалиевдин чакан «Next.TV» телеканалы түз чагылдырганга жөнөп кетишти. «Демейде, ушактарды убагынан кечиктирбей берген коомдук канал улуттук оюн, улуттук баалуулуктарга келгенде өлүмүш болуп калышты. “Уят эле” деп соцтармактарда нааразычылыгын биддиргендер көбөйдү.

Булак: “Азия Ньюс”

Алдыдагы эки оюнду тең жеңиш менен аяктаган кыргыз кыраандары

Учурда Астанада өтүп жаткан Көкбөрү (казакча көкпар) боюнча дүйнө чемпиондугуна катышкан Кыргызстандын курама командасынын тегерегинде бир топ бүйүр кызыткан окуялар болууда. Анткени баурдастар алгач биздин мыкты көкбөрүчү Манас Ниязовду мелдешке катыштырбай койсо, кийин аттардын арткы такасын чечип мелдешүү шартын коюшту. Мындай эрежеде жок талапка нааразы болгон оюнчуларыбыз артка аттанышканда калыстар Монголияга 0:7 эсебинде жеңишти ыйгарышкан. Бирок кайра кеңешкен калыстар канткен менен бул оюнга уруксат беришип, кыргыз улакчылары 4:0 эсебинде жеңишке жетишишти.

Ал эми 22-августта Өзбекстанды 11:2 эсебинде утушту. Кыскасы, алгач мелдешти уюштуруучулар тарабынан ар кандай тоскоолдуктарга кабылган кыргыз кыраандары эки оюнду тең ири жеңиш менен аяктап, духу Ала-Тоодой бийиктикке жетип турган чагы. Эми алдыда дагы бир топ мелдештер бар. Жалпысынан 12 мамлекеттин улакчылары катышкан бул дүйнөлүк чемпионат бүтүндөй ушул өлкөлөрдүн спорт күйөрмандарынын бүйүрүн кызытып турган учур. Андыктан өздөрүн чыныгы Манас баатырдын урпагы катары көрсөтө алган жигиттерибиз аягына чейин  чаалыкпай, жениш менен кайтып келишин тилейбиз жана ал элибиз менен мамлекетибиздин эл аралык кадыр-баркын да бир топ көтөрүп коймок.

Булак: “Майдан.kg”

Суучулдар Азия биринчилигине даярдык көрүүдө

6-сентябрда Ташкент шаарында (Өзбекстан) өтүүчү сууда сүзүү боюнча Азия биринчилигине даярдык көрүү максатында Кыргызстандын курама командасы 1-августган 22-августка чейин Чолпон-Ата шаарында (Ысык-Көл облусу) окуу-машыгуудан өтүштү. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматы билдирди.

КОМАНДАНЫН ТИЗМЕСИ:
1. Азиз Сансызбаев, 2001 ж.т., КР-нын спорт чебери (СЧ);
2. Асылбек Усенканов, 1999 ж.т., СЧ;
3. Елизавета Рогожникова, 2004 ж.т., СЧ;
4. Кирилл Вайс,1995 ж.т., ЭКСЧ;
5. Кристина Панасенко, 2003 ж.т, СЧ;
6. Станислав Карнаухов, 1996 ж.т., ЭКСЧ (эл аралык категориядагы спорт чебери);
7. Темирлан Каратаев, 2001 ж.т., СЧ;
8. Юрий Захаров – ага машыктыруучу;
9. Александр Заваринский – машыктыруучу.
Курама команда Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан каржыланат. Бюджеттен окуу-машыгуу жыйынын өткөрүүгө 326 миң сом каралган.

Булак: “Фабула”

Эрежесиз эр урушта беттешишти

Ысык-Көл облусундагы Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдо 19-августта саат 17:00дө масштабдуу эл аралык “Nomad Fights” эрежесиз эр мушташ боюнча мелдеш болуп өттү. Мелдеште Россия, Казакстан, Тажикстан, Афганистан, Өзбекстан жана Кыргызстандын белгилүү спортчулары беттешти, Бизден Кыргызстандын “Тайсонумун” деп жүргөн Канат Келдибеков аттуу спортчу беттешти.

Булак: “Фабула”

Алып жүргөн жеңишти кайра алабыз дейт Илмиянов

“Көк бөрү” федерациясынын президенти Икрамжан Илмиянов Астана шаарында өтүүчү мелдешке кандай даярдыктар көрүлүп жаткандыгы тууралуу айып берди. Ал өз сөзүндө “Команда бардык жагынан даяр. Жакшы ой, жакшы үмүт менен кетип жатат. Кудай буюрса, алып жүргөн жеңишти кайра алабыз деген үмүт чоң”- деп билдирди.

Булак: “Фабула”

Мыкты оюнчу оюндан четтетилди

Көк бөрүчү Манас Ниязовдун улуттук курама команда менен Астанадагы дүйнө чемпионатына барбай калды. Албетте мындай кабар жалпы кыргыз элинин нааразычылыгын жаратууда. Азырынча анын курама командага кирбей калышынын себептери так айтыла элек. Айрымдар казак тарапты күнөөлөп жатышат, алар Ниязовдун келишине каршы деген сыяктуу. Бирок андай болушу мүмкүн эмес. Баамыбызда көкбөрүчүлөр арасында чыр чыгып, ич ара пикир келишпестиктер жаралган сыяктуу. Эмнеси болсо да Астанада кыргыз жигиттери жеңишке жетип кайтышсын.

Булак: “Ачык саясат”

Волейбол боюнча Азия кубогу Кыргызстанда

Үстүбүздөгү жылдын ноябрь айында Азия конфедерация уюмунун кезектеги чоң жыйыны өтөт. Анда бирден-бир орчундуу маселе катары 2018-жылы Азия мелдеши кайсы өлкөдө өтө турганы чечилет. КР Волейбол федерациясынын баш катчысы Кылыч Сарбагишев «Азия конфедерация жетекчилери бизди жакшы билишет. Эл аралык мелдештерди өткөрүү жагынан бардык шарттарыбыз бар экенин өздөрү биздин жергеге келип көрүшкөн. Жадагалса «Азиянын кайсы бир мелдешин сиздер алсаңар болот эле» деген сунушун айтышкан. Ушундан улам биз 2018-жылы эркектер арасында өтө турган волейбол боюнча Азия кубогу клубдук мелдешин бизге бергиле деп сунуш кат жибердик» деди. Айтмакчы, акыркы кезде биздин өлкөдө волейбол оюну мыкты деңгээлде өрчүп атат. Бу жагынан алып караганда, Азия мелдештери биздин жергеде өтсө биздин топ чапкычтарга кошумча стимул болмок.

Булак: “Азия Ньюс”

Азия мелдешинен бешинчи медаль

Вьетнам өлкөсүнүн Ханой шаарында джиу-джитсу күрөшүнүн NE-WAZA жааты боюнча Азия чемпионаты өттү. Кыргызстандан 8 балбан кеткен эле. Анын бешөө байгелүү орундарды жеңип кайтышты. Алсак, Абдурахманхаджи Муртазалиев 85 килограмм салмак ченинде Азия чемпиондугун багынтты. Бир тууган атасы Муртазали Муртазалиев 77 килограмм салмак ченинде финалга чейин жетип, жыйынтыгында күмүшкө арзыды. Ушундай эле медалга Дмитрий Новиков жетти. Ал эми Эржан Батыров (62 кг) менен Нуркалый Мирланов (69 кг) татыктуу коло медалды багынтып мекенине кайтышты.

Булак: “Азия Ньюс”

Видео -Англияда Премьер-лиганын тарыхындагы мыкты гол тандалды

Англияда өлкөнүн Премьер-лигасынын тарыхындагы эң мыкты голду тандоо боюнча сурамжылоонун жыйынтыгы чыгарылды. Ага ылайык, лондондук «Арсеналдын» оюнчусу Деннис Бергкамптын 2002-жылы «Ньюкасл» командасына каршы беттеште узаткан соккусу мыкты деп табылды.

Ал оюнда нидерландылык футболчу дарбазага далысы менен туруп, топко бир тийүү менен коргоочуну алдап өтүп сокку узаткан. BBC Sport тарабынан жарыяланган сурамжылоонун жыйынтыгы боюнча, бул гол добуштардын 31 пайызын алган.

Экинчи орунга «Лидс Юнайтед» командасынын чабуулчусу Тони Йебоанын 1995-жылы «Уимблдонго» каршы оюнда киргизген голу жазылды.

https://youtu.be/EBBnKu5bnCE

Үчүнчү орунга “Манчестер Юнайтеддин” чабуулчусу Уэйн Рунинин 2011-жылы “Манчестер Ситинин” дарбазасына киргизген голу ээледи. Анда англиялык оюнчу жыгылып баратып топту башынан ашыра тепкен.

Төртүнчү орунду Жек Уилшердин голу алса, бешинчи орунга Тьерри Анринин коргоочуларды жалгыз алдап өтүп киргизген голу татыктуу болду.

Англиянын Премьер-лигасы (АПЛ) 1992-жылы негизделген. Ал дүйнөдөгү эң популярдуу спорттук чемпионаттардын бири болуп саналат. Андан сырткары АПЛ – эң кирешелүү футболдук лига болуп эсептелет. Премьер-лиганын учурдагы чемпиону лондондук “Челси”.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню