Menu

АКШ

АКШ COVID-19дун келип чыгышы тууралуу Чалгын кызматынын маалыматтарын ачыктайт

АКШнын президенти Жо Байден чалгындоо кызматтарын COVID-19дун келип чыгышы тууралуу болушунча көбүрөөк маалыматты ачыкка чыгарууга милдеттендирген мыйзамга кол койду.

“Биз COVID-19дун келип чыгышы, анын ичинде коронавирустун Ухань шаарындагы вирусология институту менен ыктымал байланышын аныкташыбыз керек. COVID-19 боюнча болушунча көбүрөөк маалыматты ачыктоо тууралуу Конгресстин максатын колдойм. Бирок маалыматтар толук жарыяланбайт, анткени ал улуттук коопсуздукка зыян алып келиши мүмкүн”, – деди Байден.

Марттын башында АКШнын Федералдык иликтөөлөр бюросунун (ФБР) директору Кристофер Рэй Fox News телеканалына берген маегинде COVID-19 кытай лабораториясынан тараган деген версияга көбүрөөк ыктап жатканын билдирген. Анын айтымында, мекеме “көптөн бери эле” бул версияны приоритеттүү деп эсептеп келген.

Буга чейин вирустун пайда болушун Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) да изилдеген. Бирок Кытайдан маалымат чогултуу кыйындаганына байланыштуу быйыл февралдын ортосунда ал иш токтогон.

Коронавирустун алгачкы учуру 2019-жылдын аягында Кытайдын Ухань шаарында аныкталган. 2020-жылдын 11-мартында ДССУ аны пандемия деп жарыялаган.

Бээжин COVID-19 кытай лабораториясында тараганы боюнча божомолдорду бир канча жолу “негизсиз” атап, АКШда да коронавирус изилденгенин жана вирус ошол жактан жайылганын билдирген.

АКШ тажик-ооган-өзбек чек арасындагы долбоору тууралуу жарыялады

Кошмо Штаттардын Дүйшөмбүдөгү элчилиги 1-сентябрда жарыялагандай, соңку айлары кырдаал курчуп турган тажик-ооган-өзбек чек арасында чек ара бекети курулат. Дипломатиялык мекеме долбоордун пайдубалын куруу 2022-жылдын башына боолголонуп жатканын билдирди.

“Жаңы чек ара бөлүгү Шахритусдагы эски объектинин ордуна курулат жана коркунуч жаралса аскерлерди чек аралаш аймактарга тезирээк жөнөтүүгө шарт түзөт”, – деп жазылат билдирүүдө.

Ал бекетте бир нече чек арачылар жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү жайгаштырылат.

Ооганстан менен чектешкен Борбор Азия мамлекеттери учурда коопсуздук үчүн кооптонуп турушат. Ошондой эле, талибдерден качкан түмөндөгөн качкындардын агымынан чочулашат.

“Тажикстан менен АКШ коопсуздук жаатында тыгыз кызматташууда жана бул долбоор биздин Борбор Азиянын жана Тажикстандын коопсуздугун жана көз карандысыздыгын сактоого болгон ынтызарлыгыбыздын дагы бир мисалы”, – деди АКШнын Тажикстандагы элчиси Жон Поммершайм.

Ошондой эле, билдирүүдө 2002-жылдан бери АКШ Тажикстанга коопсуздук жаатында 300 миллион долларлык жардам көрсөткөнү белгиленет. Расмий Москва Ооганстан жактан кандай гана коркунуч жаралбасын, Борбор Азиядагы өнөктөштөрүн коргоого убада кылган. Орусиянын Тажикстанда жана Кыргызстанда аскердик базалары бар.

Меню