Menu

Базар-Коргон

УКМК: Базар-Коргон районунун эки мамлекеттик кызматкери ишкерди опузалап, 200.000 сом пара алып жаткан жеринен кармалды

Үстүбуздөгү жылдын 6-февралында КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүмүндө каралган кылмыштын негизинде (Опузалап пара алуу) боюнча Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган материалдын алкагында, акча каражаттарынын бир бөлүгүн берип жаткан учурда Базар-Коргон райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башкы бухгалтери К.Т.И. жана Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын архитектура-курулуш көзөмөлүнүн башкы инспектору Д.А.К. кармалды.

Аталган кызмат адамдары алдын ала кылмыштуу бүтүмгө келип, кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланып, жеке ишкерден коммерциялык объектти курууга уруксаат берүү үчүн 200 000 миң сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылгандыгы аныкталган.

Кармалгандар КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренеси боюнча КР УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди.

Учурда КР УКМКнын Башкы башкармалыгы тарабынан бул кылмышты жасоого катышкандардын бардыгын аныктоого багытталган комплекстүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

УКМК: Базар-Коргон районунун айылдык кеңешинин экс-депутаты 5 жылга камакка алынды

Мурда маалымдалгандай, КР УКМК 2020-жылдын 30-октябрь күнү Жалал-Абад шаарында уруксатсыз митингдин уюштуруучуларынын бири болуп, эл алдында Орто Азия өлкөлөрүнүн аймагында «Ислам Халифатын» орнотуу тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясына каршы келген ойлорун айткан, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 310-беренесинин 1-бөлүгү жана 313-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык кылмыш жасаган деген айып менен 2020-жылдын  ноябрь айында «М.А.Т.» аттуу жаранды кармаган.

Белгилүү болгондой, «М.А.Т.» кармалганга чейин Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун айылдык кеңешинин биринин депутаты, «Солдат» каймана аты бар «Хизбут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмунун активдүү мүчөсү болгон.

2021-жылдын 16-июлунда Жалал-Абад шаардык сотунун чечими боюнча 3 жылга чейин белгилүү кызматтарды ээлөөбөө менен 5 жылга эркинен ажыратылды.

Милиция: Базар-Коргондо өспүрүм балдарын оор жумуштарга тартып иштеткен 3 ата-энеге айыппул салынды

Базар-Коргон РИИБдин Жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери тарабынан “Өспүрүм – эмгек” аталышындагы рейд өткөрүлдү. Бул тууралу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Рейддин алкагында Арстанбап айыл аймагындагы соода жайларында, курулуш тармагында эмгектин оор түрлөрүнө тартылган өспүрүмдөрдү аныктоо иштери жүргүзүлдү.

Рейддин жүрүшүндө 13 жашы жете элек өспүрүм эмгекке тартылганы аныкталып, анын ичинен 3 ата-энеге карата Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 61-беренесинин негизинде протокол толтурулуп, айып пулдар салынды. Ал эми 10 ата-энеге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, өспүрүмдөрдү оор жумуштарга иштетпөө керектиги эскертилди.

Базар-Коргон РИИБи тарабынан өспүрүмдөрдөн оор жумуштарга тартылуусуна бөгөт коюу жана кылмыштуулуктун алдын алуу багытында тынымсыз профилактикалык иштер жүргүзүлүп келүүдө.

Базар-Коргондо улуттар аралык ынтымакты бекемдѳѳгѳ багытталган кичи футбол боюнча мелдеш өткөрүлдү

2010-жылы июнь окуясында кызмат ѳтѳѳ учурунда каза тапкан милициянын майору Мыктыбек Сулаймановдун жаркын элесине арналып, улуттар аралык ынтымакты бекемдөөгө багытталган кичи футбол боюнча мелдеш өткөрүлдү. Иш-чара учурунда Мыктыбек Сулаймановдун кызмат учурунда жасаган эрдиги, кызматтагы ѳзгѳчѳлүктѳрү, жѳнѳкѳйлүгү жана атына жараша мыкты инсан экендиги айтылды.

Кичи футболго Базар-Коргон районунун аймагындагы 9 айыл аймактардын командалары активдүү катышып, биринчилик үчүн күч сынашышты. Жыйынтыгында жеңүүчү командага кубок, баалуу белектер, Базар-Коргон РИИБдин дипломдору тапшырылды.

Иш-чара учурунда милиция кызматкерлери келген конокторду спорттук таймаш аркылуу достукка чакырышты. Район аймагында улуттар аралык ынтымакты бекемдөө, жаштар арасында кылмыштуулуктун алдын алуу багытында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Меню