Menu

бруцеллез

Ысык-Көлдө ветеринарлар текшерилбеген үй жаныбарларын сатууга уруксат беришкен

Ысык-Көл областтык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан малдарда жугуштуу оорулардын алдын алуу жана четтетүү боюнча ветеринардык адистер тарабынан ветеринардык-санитардык эрежелерди тийиштүү талапта аткарбагандыгы боюнча тергөө амалдарын  жүргүзүүдө.

Алып айтсак,  24-апрелде Түп РИИБне Талды-Суу айылынын 46-жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Арызында, 28-март күнү Каракол шаарынын мал базарынан О.Б. атуу жарандан, тийиштүү ветеринардык тактамасы менен 64 миӊ сомго уй сатып алгандыгын, үйүнө алып келип, дагы бир жолу ветеринардык текшерүүдөн өткөргөндө, сатып алган малы бруцеллёз илдети менен ооругандыгы белгилүү болгондугун көрсөткөн.

Аталган факты райондук милициянын КЖБРне катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 204 (Алдамчылык) беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында жүргүзүлгөн тергөө амалдарынын жүрүшүндө, жеке ветеринардык практиканы жүзүүгө ашырып келген Жети-Өгүз районунун 62 жаштагы тургуну Б.М., Кыргыз Республикасынын «Ветеринария жөнүндө» мыйзамынын жана Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасындагы жеке ветеринардык практиканы жүргүзүү тартиби жөнүндө Жобонун» талаптарын эске албастан, мөөнөтү өтүп кеткен күбөлүктүн негизинде, жаӊы ветеринардык күбөлүктү бруцеллез илдетине чалдыккан уйга жазып берүү менен, аны Каракол шаарындагы мал базарынан колдон колго сатылып кетүүгө шарт түзгөндүгү аныкталган.

Жеке ветеринардык практика менен алектенген адамдын кыймыл аракетинде Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 156 берененин 1 бөлүгү (Ветеринардык эрежелерди бузуу) менен көрсөтүлгөн талаптары бузулгандыктан, чогулган материалдар Жети-Өгүз райондук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармалыгына чара көрүүгө жиберилген.

Ушундай эле арыз менен Түп районунун Шаты айылынын 67-жаштагы тургуну кайрылып, 9-май күнү Каракол шаарындагы мал базарынан сатып алган бодо малы, кийинчерек «Цестодоз тобундагы гемильтозом» илдети менен ооругандыгы белгилүү болгондугун арызында көрсөткөн.

Аталган факты да Түп РИИБдин КЖБРне катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 204 (Алдамчылык) беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө, жугуштуу илдетине чалдыккан бодо малга ветеринардык күбөлүктү, Тоӊ райондук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармалыгынын ветеринар – дарыгери, 27 жаштагы К.Ы. бергендиги аныкталган.

Учурда, жаныбарда жугуштуу илдетинин качан пайда болушун аныктоо максатында, Ысык-Көл областтык ветеринардык диагностика борборунда тийиштүү изилдөө жүргүзүлүп келүүдө. Анын жыйынтыгы менен тергөө-процессуалдык чечим кабыл алынат.

Ысык-Көл ОИИБдин тергөө кызматы, ветеринария жаатындагы мыйзамдардын талаптарын мамлекеттик ветеринардык көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу жоопту кызматкерлер жана жеке ветеринардык практиканы жүзөгө ашыруучу жактар тарабынан өз милдеттерин талаптагыдай аткарбаса жана адамдардын өмүрүнө же ден соолугуна коркунуч түзгөн жагдайларды жашырса Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилике тартатыларын эскертет.

Меню