Menu

Гаага трибуналы

Гаагада Путинди соттоо үчүн атайын трибунал түзүлөт

Гаагада Украинанын өтүнүчү менен эң мыкты эл аралык юристтердин катышуусунда Путин жана Орусиянын бардык саясий жетекчилери үчүн атайын трибунал түзүлүүдө.

Аларды Украинага каршы агрессиялык кылмыштары үчүн соттошот. Трибуналды түзүүнү он бир өлкө колдоду. Сот болжол менен бир жылдан кийин башталышы мүмкүн. Бул тууралуу “Настоящее Время” телеканалына атайын трибуналдын украиналык жумушчу тобунун мүчөсү Олег Гавриш билдирди.

Анын айтымында, трибуналды түзүү боюнча эл аралык келишим дээрлик даяр.

“Агрессия кылмышы эл аралык укукта эң жогорку кылмыш болуп эсептелет. Ошондуктан бул согушту баштаган кишилерди соттоо үчүн жетиштүү себеп боло алат. Украинада согуш 2014-жылы эле башталган, быйыл февралда болсо толук масштабдуу кол салуу болду. Мунун баарын Путин, Шойгу, Лавров, Патрушев, Бортников, Медведев жана башкалар кирген Орусиянын Коопсуздук кеңеши колдоду. Алар бул кылмыштар үчүн жазаланышы керек болгон биринчи талапкерлер”, – деп белгиледи Гавриш.

Эгер күнөөлөрү далилденсе, алар 30 жылдан өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылат. Бул сотту түзүүнү Балтия өлкөлөрү, Польша, Улуу Британия, Чехия, Словакия, Румыния колдойт.

Гавриштин билдиришинче, бул жерде Орусиянын пикири такыр маанилүү эмес. Эгер орус лидерлери аталган өлкөлөргө келсе, алар кармалат жана соттолот.

Меню