Menu

Дарига Назарбаева

Британ бийлиги Назарбаевдин үй-бүлөсүнүн кыймылсыз мүлкү тууралуу маалыматтарды жарыялады - видео

Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин жакындары Улуу Британияда оффшордук компанияларга катталган 40 миллион фунт стерлингден ашык мүлккө ээ. Бул тууралуу Times гезити билдирди.

Улуу Британиянын жаңы эрежелерине ылайык, кыймылсыз мүлккө ээлик кылган оффшор компаниялар түпкү бенефициарларын жарыялоого тийиш.

Британ реестериндеги маалыматка караганда, Нурсултан Назарбаевдин улуу кызы Дарига Лондондун түндүгүндө баасы 9,3 миллион фунт стерлинг турган сарайга жана Челсиде 31 миллион фунт стерлингге бааланган эки батирге ээ. Мүлк Панамадагы Tropicana Assets Foundation жана Villa Magna Foundation оффшордук компанияларында катталган. Бул мүлктөр буга чейин эле британ басылмаларынын көңүлүн бурган.

Назарбаевдин күйөө баласы, ортончу кызы Динаранын күйөөсү Тимур Кулибаев Беркширдеги Саннингхилл паркын 2007-жылы азыркы падышанын иниси, принц Эндрюдан оффшордук компания аркылуу сатып алган. Ал бул үчүн 15 миллион фунт стерлинг төлөгөн. Times гезити Кулибаев Виргин аралдарында катталган компания аркылуу Гайд-парктын жанындагы 1,5 миллион фунт стерлинг турган кыймылсыз мүлккө да ээ экенин жазган.

2020-жылы казак журналисттери Казакстандын мурдагы президентинин үй-бүлөсүнө Испания, Франция, Швейцария, АКШ, Чехия жана Улуу Британияда жалпы баасы 785 миллион доллардан кем эмес үйлөр жана сарайлар тиешелүү экенин жазган.

Назарбаевдин кудасы Кайрат Боранбаев эки айга камалды

Казакстанда экс-президент Нурсултан Назарбаевдин кызы Дарига Назарбаеванын мурдагы кудасы Кайрат Боранбаевдин бөгөт чарасы каралып, ал эки айга камакка алынды.

Расмий маалыматта Боранбаев “мамлекет менен бирге түзүлгөн ишканадан ири суммадагы каражатты уурдоого” айыпталып жатканы жазылган.

Боранбаев кармалганын жергиликтүү басылмалар 15-мартта кабарлашкан. 17-мартта “Целинный” заманбап маданият борбору анын ишин калыс тергөө өтүнүчү менен президент Касым-Жомарт Токаевге кат жолдогон.

Казакстандык бизнесмен Кайрат Боранбаев мурдагы президент Нурсултан Назарбаевдин тун кызы Дарига Назарбаеванын кудасы. Боранбаевдин кызы Алима 2013-жылы мурдагы президенттин небереси Айсултан Назарбаевге турмушка чыккан. Айсултан 2020-жылы Лондондо каза болгон жана британ басылмалары ал кокаинге ууланып калганын кабарлашкан.

Боранбаев 2016-жылдан бери Казакстандын эң бай адамдарынын катарын толуктайт. Ал McDonald’s брендин казак жергесинде франчайзинг ыкмасында иштетет. Өзү “Алмалы” активдерди башкаруу компаниясына, “Кемикал” мунай-химиялык компаниясы, “Алекс” минералдык суу чыгаруу ишканасына ээлик кылат. Мындан сырткары Phystech II акционердик коому жана “КазТурбоРемонт” холдинг компанияларында үлүштөрү бар.

Бизнесмен башкалар менен чогуу кожоюндук кылган Караганды шаарындагы фармацевтикалык комплекс Орусиянын өндүрүшүндөгү коронавируска каршы “Спутник V” вакцинасын өз алдынча чыгарат. Аны казак мамлекеттик мекемелери сатып алат.

Боранбаевдин кармалганы тууралуу маалымат сот Нурсултан Назарбаевдин иниси Кайрат Сатыбалдыны эки айга камакка алуу чечимин чыгаргандан көп өтпөй пайда болду. 13-мартта Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Сатыбалды кызмат абалынан кыянат пайдаланууга жана “Казактелеком” ишканасынан ири өлчөмдө акча кымырууга шектелип кармалганын кабарлаган.

Меню