Menu

Диний миссионерлер

УКМК кызматкерине $1000 пара берүүгө аракет кылган диний уюмдун чет элдик өкүлдөрү кармалды

КР УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренесинин 1-бөлүгү (Пара берүү) боюнча каралган кылмыш белгилеринин негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагындагы жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жыйынтыгында, чет элдик жаран К.С. жана Кыргыз Республикасынын жараны Ш.Л. кармалды.

Кыргыз Республикасындагы христиандык диний уюмдардын биринин өкүлдөрү мурда диний чөйрөдөгү мыйзамдардын нормаларын бузгандыгы үчүн административдик жоопкерчиликке тартылган. Алар белгиленген тартипте диний иш жүргүзүүгө уруксат албастан чет өлкөлүк миссионерлерди тартуу менен диний ырым-жырымдарды өткөрүшкөн. Айып салынгандан кийин чет элдик жаранга диний ишмердүүлүк менен алектенүүгө расмий уруксат берилген эмес.

Мындан улам диний уюмдун өкүлдөрү бул маселени чечүүгө көмөк көрсөтүү үчүн УКМКнын кызматкерине кайрылып, “кызмат” үчүн 1000 АКШ доллары өлчөмүндө материалдык сыйлык сунушташкан. 

2023-жылдын 29-майында чет элдик жаран К.С. жана Кыргыз Республикасынын жараны Ш.Л. пара катары 500 АКШ доллары өлчөмүндөгү акча каражаттарын УКМКнын кызматкерине берип жаткан жеринен кармалды. Чет элдик жаран КР УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. 

Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында комплекстүү керектүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети республиканын аймагында иш алып барган чет өлкөлүк диний өкүлчүлүктөрдүн өкүлдөрүн Кыргыз Республикасынын улуттук мыйзамдарын сактоого чакырат.

УКМК: Таластыктарды католицизм динине үгүттөп, мыйзамсыз диний топ уюштурган Словакиянын жарандары кармалып, айып салынды

 КР УКМКнын Талас облусу боюнча башкармалыгы тарабынан тиешелүү профилактикалык жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө чет өлкөлүк жарандардын мыйзамсыз миссионердик ишмердүүлүгү (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 200-беренеси «Мыйзамсыз диний топту уюштуруу») фактысы аныкталып, бөгөт коюлду.

Тактап айтканда, ушул жылдын 26-мартында Словакиянын С.Д. жана Э.Э. аттуу жарандары мыйзамсыз миссионердик ишмердүүлүгүн активдештирүү максатында, Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын уруксаты жок, Талас шаарынын тургундарынын арасында Рим-католик чиркөөсүнүн (католицизм) идеологиясын үгүттөшкн. 

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгы менен аталган чет өлкөлүк жарандарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербөө үчүн эскертүү менен административдик айып салынды.

Меню