Menu

Елена Калашникова

Туризмди өнүктүрүү фондунун башчысы Елена Калашникова камалды

“Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду” ачык акционердик коомунун президенти Елена Калашникова менен вице-президенти камакка алынды. Бул тууралуу 18-майда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдирди.

Мекеме алар тергөөнүн жүрүшүндө алынган далилдердин негизинде атайын кызматтын тергөө абагына киргизилгенин, бөгөт чарасын сот аныктарын, мамлекетке келтирилген зыяндын так өлчөмүн аныктоо иштери жүрүп жатканын кошумчалады.

УКМК уставдык капиталы 1 миллиард сомдук бул фонд өлкөдө туризмди өнүктүрүү максатында түзүлгөнүн, бирок акча максатсыз коротулганын, жетекчилиги өзүнө жогору маяна коюп алганын жана курулуш иштери чыныгы наркынан көбөйтүлгөн баада жүргүзүлгөнүн билдирди.

Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин негизинде (“Коррупция”) иш козголгону, былтыр мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн 1 миллиард сомдун 608 миллион сому бир катар долбоорлорду ишке ашырууда өздөштүрүлгөнү, бирок, мисалы, 105 миллион сом которулган 21 эс алуу бекетинин (rest point) бири да пайдаланууга бериле электиги, алардын жалпы баасы 13 миллион сомго көп көрсөтүлгөнү, мындан башка да шектүү жагдайлар бар экени айтылды.

Жогорку Кеңештин 4-майдагы жыйынында бир катар депутаттар ишкананын жетекчиси Елена Калашникованын ишмердүүлүгүн кескин сынга алышкан. Ал өзү ар бир тыйындын сарпталышы боюнча жооп берүүгө даяр экенин, мамлекет туризм тармагына көңүл буруп жатканын белгилеген. Калашникованын айтымында, 2022-жылга “Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондуна” 1 миллиард сом бөлүнгөн. Учурда анын 257 миллиону коротулса, калганы ишкананын эсебинде турат.

УКМК "Туризмди колдоо фондуна" козголгон кылмыш иши боюнча маалымат берди

Башкы прокуратура “Туризмди өнүктүрүү фонду” ишканасына козголгон кылмыш иши тууралуу 4-майда маалымат берди.

Башкы прокурордун орун басары Үмүткан Конкубаева Жогорку Кеңештин жыйынында билдиргендей, 22-апрелде Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети фондго Кылмыш-жаза кодексинин “коррупция” беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Бул иштин алкагында 28-апрелде Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен фонддун кеңсеси жана анын жетекчиси Елена Калашникованын үйү тинтүүгө алынган.

“29-апрелде Финансы министрлигине фондду аудиттик текшерүүдөн өткөрүү дайындалган”, – деди Конкубаева.

УКМКнын төрагасынын орун басары Тимур Шабданбеков фондго кылмыш иши туристтик эс алуу жайларын куруу долбоорун ишке ашырууга байланыштуу козголгонун билдирди.

Жыйынга Туризмди өнүктүрүү фондунун жетекчиси Елена Калашникова да катышып жатат. Ал кылмыш иши козголгонун жаңы билгенин айтып, ишкананын кеңсесинде жана өзүнүн, кызматкерлеринин үйүндө тинтүү жүргөнүн ырастады.

“Жалпы 1 млрд. сом уставдык капиталдын 762 млн. 190 миң 370 сому накталай түрдө сакталуу. Ал эми жалпы 257 млн. 67 миң 294 сому коротулду. Анын 113 млн. сому туристтик эс алуучу жайларды курууга бөлүнгөн. Алар жалпысынан 68 жерге, өлкөнүн ар кайсы аймагына салынууда”, – деди Калашникова.

“Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду” ачык акционердик коому март айында түзүлүп, анын уставдык капиталы 1 млрд. сом деп белгиленген.

Фонд ички туризмди өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди ишке ашыруу менен алектенет.
Мындан тышкары региондордо туристтерди кабыл алуу үчүн инфраструктураны жакшыртууга, алыскы аймактарда кошумча жумуш орундарын түзүүгө, калктын социалдык жактан аялуу катмарын, аялдарды окутуу программаларын, туристтик жайлардын базасында иш менен камсыз кылууга, калктын билим деңгээлин жана туризм тармагында көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатууга колдоо көрсөтөрү айтылган.

Меню