Menu

Жаныбек Абиров

Жогорку Кеңештин чоң муштум депутаты Жаныбек Абиров мандатын тапшыруу үчүн арыз жазды

Жогорку Кеңештин депутаты, “Мекенчил” фракциясынын мүчөсү Жаныбек Абиров мандатын тапшыруу үчүн жазган арызы жакынкы күндөрү каралат.

Бул тууралуу Боршайкомдун мүчөсү Узарбек Жылкыбаев билдирди. Бул маселе комиссия мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен чечилет.

Кыргызстандын президентин жана Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо тууралуу мыйзамга ылайык, бир мандаттуу округдан шайланып, түрдүү себептер менен кеткен депутаттардын ордуна кайра шайлоо болот. Аталган мыйзамдын 65-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык, кеткен депутаттардын ордуна кайра шайлоону президент жарлыгы менен дайындайт. Эки айлык мөөнөттүн ичинде БШК талапкерлерди каттоо жана башка жараяндарды конституциялык Мыйзамда белгиленген тартипте жана мөөнөттө өткөрөт.

Эгер бир мандаттуу шайлоо округунан шайланган Жогорку Кеңештин депутаты мөөнөтү аяктаганга чейин бир жыл же андан аз калганда мандатын тапшырса, ордуна кайра шайлоо өткөрүлбөйт.

Жаныбек Абиров депутаттык мандатын тапшыруу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымына жана Жогорку Кеңештин төрагасынын атына арыз жазганын бүгүн, 27-мартта Фейсбуктагы баракчасына жазды.

12-мартта социалдык тармактарда Жаныбек Абиров бир адамды ур-токмокко алып жаткан видео тараган. Окуя 12-мартка караган түнү Бишкектеги “Золотой дракон” ресторанында болгонун милиция маалымдаган. Ал жерде күзөтчүлөр менен депутат баштаган адамдар мушташып, 26 жаштагы күзөтчү мээси чайкалып, мурду сынып ооруканага түшкөн.

Милиция 13-мартта мушташка катышы бар деген шек менен эки адамды кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизген. Кылмыш-жаза кодексинин “Бейбаштык” беренеси менен иш козголгон.

Бул окуядан кийин Башкы прокуратура 14-мартта Абировду жоопкерчиликке тартууга макулдук алуу үчүн Жогорку Кеңешке сунуштама киргизгенин кабарлаган. Депутаттын аракетине юридикалык баа берүү үчүн Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан башкы көзөмөл органына материалдар келип түшкөн.

Жаныбек Абиров Жогорку Кеңешке 2021-жылы өткөн парламенттик шайлоодо Бишкектеги №26 Ленин бир мандаттуу округунан шайланып келген.

Башкы прокурор Жогорку Кеңешке депутат Жаныбек Абировду айыпкер катары жоопко тартууга макулдук алуу жөнүндө сунуштама киргизди

Башкы прокурор Жогорку Кеңешке депутат Ж.Абировду айыпкер катары тартууга макулдук алуу жөнүндө сунуштама киргизди
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына Бишкек шаардык ички иштер Башкармалыгынан кылмыш иштин ичинен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ж.Абировдун аракетине юридикалык баа берүү үчүн материалдар келип түшкөн.
Матариалдарга ылайык, 2023-жылдын 12-мартында саат 01:46 чамасында чакыруу боюнча кызматтык милдетин аткаруу үчүн “Золотой Дракон” ресторанына келген коргоо агенттигинин тез аракеттенүү тобунун кызматкерлери А.Дж. жана А.А уулу Жогорку Кеңешинтин депутаты Ж.Абиров баш болгон болжол менен 7-8 мас абалындагы адамдар, аларды эч бир себепсиз ур-токмокко алып, сабашып, ден-соолугуна зыян келтиришкен.
Учурда кылмыш иши боюнча А. Д. жана П.Э. кармалышкан.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатына кылмыш иши козгоого, ага карата сотко чейинки тергөө аракеттерин, иш-чараларын жүргүзүүгө жана айыпкер катары тартууга Жогорку Кеңештин депутаттарынын макулдугу талап кылынат.
Ошондуктан, Башкы прокуратура Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ж.Абировго карата Кыргыз Республикасынын КЖКнин 280-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1,4-пункттарында (адамдардын тобу тарабынан коомдук тартипти сактоо боюнча милдеттерин аткаруучу адамдарга карата бейбаштык аракеттер) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери менен кылмыш ишин козгоого, ага карата сотко чейинки тергөө аракеттерин, иш-чараларын жүргүзүүгө жана айыпкер катары тартууга макулдук берүү жөнүндө Жогорк Кеңешке сунуштама киргизди.
Меню