Menu

Жашыруун видеокамера

Студенттик жатаканадагы кыздардын бөлмөсүнө жашыруун видеокамера орноткон проректорго айып пул салынды

Кокон шаарындагы Педагогикалык институтта окуган кыздардын жатаканадагы бөлмөсүнө жашыруун камера орнотуу иши боюнча сот өкүмү чыкты.

Ага ылайык, окуу жайдын проректору Ойбек Бозоров 4,5 миллион сум өлчөмүндө, дагы үч кызматкери 3 миллион сумдан айып пул төлөөгө милдеттендирилди. Алардын баары Административдик кодекстин “Жеке жашоонун кол тийбестигин бузуу” беренеси боюнча күнөөлүү деп табылышты.

Быйыл 4-апрелде Педагогикалык институттун студенттери жатакана бөлмөсүнөн жашыруун камера таап алышканын билдиришкен.

Кыздардын айтымында, 1-апрелде аларды референдум боюнча үгүт иш-чарасына шашылыш түрдө чакыртып, бөлмөнү ачууну өтүнүшкөн. Аларга “Wi-Fi сигналын күчөтө турган жабдуу орнотуларын” айтышкан.

Шектенген кыздар бөлмөнүн бурчуна орнотулган кутуну ачып, жашыруун камера табышкан.

Кыздар жабдууну адистерге алып барышкан. Алар анын үн менен видео жазган жана аны түйүн аркылуу башка жабдууга жеткире турган жашыруун камера экенин тастыкташкан.

Видеокамерага жалпысынан 128 Гб көлөмдөгү видео жазылган. Анын ичинде кыздар кийим алмаштырган учурлар да бар.

Студенттер ички иштер органдарына даттанып, президенттин элдик кабылдамасына кайрылуу жөнөтүшкөн. Мындан соң проректор аларды ички иштер бөлүмүнө кайрылганы үчүн урушкан. Ректор кыздарды “окуу жайдын мүлкүн” зыянга учуратканы үчүн зекиген.

5-апрелде Өзбекстандын Билим берүү министрлиги кыздардын бөлмөсүнө жашыруун камера орнотууга катышкан проректор жана үч кызматкер иштен алынганын билдирген.

Кыздар жатаканасына жашыруун камера орноткон 3 кызматкер менен окуу жайдын проректору кызматтан алынды

Кокон педагогикалык институтунун кыздар жатаканасына жашыруун камера орноткон үч кызматкер менен проректор Ойбек Бозоров кызматтан алынды. Бул тууралуу Өзбекстандын  билим берүү министрлиги билдирди.

Маалыматта проректор менен иштен алынган кызматкерлер жашыруун камера орнотууга түздөн-түз катышып, кызмат абалынан кыянат пайдаланганы айтылат.

“Министрлик адамдардын жеке өмүрүнө кийлигишкен мындай аракеттерди кескин айыптайт. Бул аракет кыздардын ар-намысына шек келтирүү катары бааланат. Адамдын жеке жашоосунун жана эркиндигинин кол тийбестигин бузууга эч кимдин укугу жок”, – деп айтылат билдирүүдө.

Өзбекстандын билим берүү министрлиги камерага түшүп калган кыздар кандайдыр бир кысымга кабылбастан окууларын улантарын белгиледи.

Мурдараак жатакананын бөлмөсүнөн жашыруун камера таап алган кыздар ички иштер органдарына кайрылган. Бул үчүн кыздарды окуу жайдын жетекчилиги тилдегени айтылган.

Укук коргоо органдары окуяны иликтөөнү улантууда.

Меню