Menu

Жаш балдарга зомбулук көрсөтүү

Сузакта өз кызын зордуктаган киши өмүрүнүн аягына чейин соттолду

Сузакта өз кызын зордуктап жүргөн деген айып менен кармалган киши өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылды. Мындай өкүм бүгүн Жалал-Абад облусунун Сузак райондук сотунда чыкканын журналисттерге жабыркаган тараптын адвокаты Мунара Акылбекова билдирди.

Анын айтымында, сот айыпталуучуга коюлган киненин баары далилденди деп чечти.

“Тергөө учурунда 42 эпизод боюнча айыбы угузулган – Кылмыш-жаза кодексинин 154 жана 155-беренелеринин баары менен күнөөлүү деп табылды. Ар бири боюнча 15 жыл деп эсептеп, бардык кылмыштарды биротоло кошкондо өмүрүнүн аягына чейин деген жаза берди”, – деди адвокат.

43 жаштагы жергиликтүү тургун 19 жаштагы кызын жети жашынан бери зордуктап жүргөн деп шек саналып кармалганын райондук милиция быйыл 28-мартта билдирген.

Азырынча айыпталган тарап эч кандай комментарий бере элек.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, 2022-жылы Кыргызстанда зордуктоого кабылган жашы жете элек балдарга байланыштуу 52 кылмыш иши козголуп, алардын бирөө тараптар элдешип алганы үчүн кыскарган. Мындан тышкары үч иш кылмыш жасаган адам аныкталбаганына байланыштуу токтоп турса, 34ү сотко өтүп, тогузу тергелип жатат.

Көз каранды эмес изилдөөлөрдүн жыйынтыгында аныкталгандай, зордук-зомбулукка кабылган аялдар менен балдардын окуясынын 60% жабык бойдон кала берет, себеби алар кимге, кайсы жакка кайрылууну билишпейт, айрымдары мамлекеттик органдарга ишенбейт.

Таласта 14 жаштагы кызды зордуктаган 22 жаштагы тургун кармалды

Талас облусунун Арал айылында 14 жаштагы кызды зордуктоого шектелген адам кармалды. Бул тууралуу Талас облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 16-мартта Арал айылынын тургуну быйыл 27-январда 14 жаштагы небересин айылдашы күч колдонуп зордуктаганын айтып, арыз жазган.

“Бул факты боюнча “Зордуктоо” беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү катары ошол эле айылдын 22 жаштагы тургуну кармалды. Азыр тергөө иштери уланып жатат” – деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2021-жылы балдарга карата 3034 кылмыш катталган, анын 500гө жакыны сексуалдык зомбулукка байланыштуу болгон.

Ички иштер министрлиги былтыр сексуалдык зомбулук боюнча жалпысынан 121 кылмыш иши тергелип, анын 80и сотко жөнөтүлгөнүн билдирген. Балдарды зордуктоо фактысы боюнча 39 иш тергелип, анын 25и сотко өткөн. Үч кылмыш иши токтотулуп, дагы 11и боюнча тергөө уланууда.

Инклюзивдик билим берген жайда майып бала сабалган окуя иликтенет

Бишкек шаарындагы Октябрь райондук милициясы инклюзивдик билим берүү жайлардын биринде майып бала сабалган окуяны иликтей баштады.

“Бул фактка байланыштуу тергөөгө чейинки иликтөө башталды жана тиешелүү экспертизалар дайындалды. Иликтөөнүн жүрүшүндө бул окуя жашы жете элек М.Н. аттуу бала август айынан бери барып жүргөн 5-кичи райондогу инклюзивдик борборлордун биринде орун алганы аныкталды. Учурда териштирүү уланууда”,-деп жазылган райондук ички иштер бөлүмү тараткан маалыматта.

Милиция бул окуя качан катталганын тактаган жок. Мунун алдында социалдык тармактарда тарбиячы жашы жете элек баланы чыбык менен сабап жатканы тартылган кыска видео тараган жана бул талкуу жараткан.
Рсасмий маалыматтка ылайык, Кыргызстанда 200 миңдей майып адамдын 38 миңдейи 18 жашка чыга элек балдар. Алардын көпчүлүгү жалпы билим берүү мектеп, окуу жай, бала бакчаларга бара албайт, айрымдары мектеп-интернаттарда, инклюзивдик билим берүү борборлорунда окуйт.
Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун майыптыгы бар адамдарды коомго интеграциялоо боюнча конвенциясын 2019-жылы ратификациялаган.

Меню