Menu

ИИМ

Бактыбек Нарчаев Бишкектин Ленин райондук милициясынын начальниги болуп дайындалды

Кечээ, 10-июнда милициянын полковниги Бактыбек Нарчаев Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын начальниги болуп дайындалды.

Бактыбек Нарчаев 44 жашта, 1976-жылы 8-июлда Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кош-Дөбө айылында тулган. Буга чейин ИИМдин кылмышкерлерди издөө башкармалыгынын начальниги, Чүй облустук милициянын начальнигинин орун басары кызматтарын аркалап келген.

Булак: KyrgyzToday.kg

 

УКМК: Пара алуу фактысы боюнча КР ИИМ тергөө кызматынын тергөөчүсү кармалды

Кыргыз Республикасыынын УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарындагы коррупцияга байланыштуу кылмыштарды аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, КР ИИМ тергөө кызматынын тергөөчүсү жазык ишине катышкан адамга карата жазык куугунтугун токтотуу үчүн акча каражатын талап кылгандыгы аныкталды.

2021-жылдын 9-июнунда КР ИИМ ички иликтөө кызматы менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жыйынтыгында, өзүнүн кызматтык бөлмөсүнөн 500 миң АКШ доллар өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен милициянын полковниги  «У.Э.К.» кармалды.

Бул факт КР УКМК башкы тергөө башкармалыгы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси (Опузалап пара алуу) боюнча сотко чейинки өндүрүштү баштады.

Кармалган адам КР Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесинин негизинде КР УКМК тергөө камак жайынны убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тергөө иштери жүрүп жатат.

ИИМде милициянын участкалык уполномоченныйлары менен жашы жете электер менен иштөө бөлүмдөрүнүн иши талкууланды

Ички иштер министрлигинин жыйындар залында ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын жетекчилиги менен Чүй облусунун милициянын участкалык уполномоченныйлары менен жашы жете электер менен иштөө бөлүмдөрүнүн бардык райондогу, шаардагы өздүк курамы менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Иш-чарага ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын башчысынын милдетин аткаруучу милициянын полковниги Сталбек Рахманов, ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын башчысынын орун басары милициянын полковниги Нурлан Исмаилов, ошондой эле Коомдук коопсуздук кызматынын бөлүм башчылары катышты. Күн тартибинде ишти өркүндөтүү, милициянын участкалык уполномоченныйларынын жана жашы жете электер менен иштөө бөлүмдөрүнүн ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу маселелери каралып, ошондой эле Ички иштер министри милициянын генерал-майору Улан Ниязбековдун ички иштер органдарынын кызматкерлерине кайрылуусу каралды.
Милициянын участкалык уполномоченныйлары жана жашы жете электер менен иштөө инспекторлорунун негизги милдети коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу, кылмыштардын жана укук бузуулардын эскертүү боюнча алдын алуу иштерин жүргүзүү, жарандар менен ишенимдүү мамиле түзүү болуп саналат.
Ички иштер министрлигинде өткөн жыйында ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан мыйзамдуулуктун сакталышы, кызматтык тартипти, жалпы жүрүм-турумдун этикалык ченемдерин сактоо маселелери талкууланды. Иш-чарага милициянын участкалык уполномоченныйлары, жашы жете электер менен иштөө бөлүмдөрүнүн инспекторлору жана Чүй облусунун бардык тогуз райондук-шаардык ички иштер бөлүмдөрүнүн  башчылары катышышты.
Меню