Menu

ИИМ

ИИМ: Оштогу "Төлөйкөн" атмайданында чагымчылдык жасап, башаламан уюштургандар жоопкерчиликке тартылат

Ош облусунун “Төлөйкөн” атмайданында Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын 32 жылдыгына арналган Көк бөрү боюнча финалдык беттештин аяктар алдында оюндун жыйынтыгына көрүүчүлөр тарабынан нааразычылыктар айтылып, жыйынтыгында көрүүчүлөр массалык түрдө коомдук тартип бузушкан. Бул окуя ички иштер органдарында катталып, териштирүү иштери жүрүүдө. Жабыркаган жарандар жок. Териштирүү иштери ИИМдин жетекчилигинин көзөмөлүндө жана коомдук тартипти бузуп, чагымчылдык аракеттерди жасагандар аныкталып, мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылат.
Акыркы күндөрү социалдык тармактарда  региондор аралык кастыкты козутууга түрткөн билдирмелер активдүү жарыяланууда. Ички иштер министрлиги чагымчыл жана башка материалдарды тараткандар мыйзамдын негизинде кылмыш жоопкерчилигине тартыла тургандыгын эскертет. ИИМ жана анын бөлүктөрү мындай чагымчыл материалдарды тараткандарды аныктоо боюнча чараларды көрүп жатат.
Ички иштер министрлиги региондор аралык кастыкты козутууну көздөгөн жарандар Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу) боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылаарын эскертет.
Мыйзам бузууларга, чагымчылдык жасоого аракеттенүүгө, коомдук тартипти бузууга байланышкан жагдайлар аныкталса мыйзам чегинде катуу чаралар көрүлөт.

ИММ: Жарандардын арыз-билдирүүлөрүнө кайдыгер караган жетекчилерге карата катуу чечимдер кабыл алынат

Бүгүн ИИМдин жыйындар залында  ички иштер органдарынын 2023-жылдын 3 айынын ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча коллегиялык отуруму болуп өттү.
Коллегияда ички иштер министринин биринчи орун басары Адыл Бийбосунов региондордо канчалаган жарандарыбыз тигил же бул маселеси боюнча жергиликтүү ички иштер органдарына арызданышып, маселесин чече албай жүрүшөт. Айласы кеткенде, Ички иштер министрлигине кайрылышып, бул жактан көзөмөлгө алгандан кийин, маселелер мыйзам чегинде чечилүүдө.
Тилекке каршы, мындай көрүнүш күндөн күнгө көбөйүп жатат.
Жардам сурап кайрылган жарандардын маселесин жеңилдетип, ыкчам чечүү боюнча бир дагы ички иштер башкармалыгынан же борбордук аппараттын кызматтарынан сунуштар келип түшкөн жок. Баягы эле эски система менен жарандарды кабыл алып, эскиче мамиле жасап жатасыздар.
Милицияга кайрылып жүрүп, калыстык таппай, акыйкат издеп жогорку инстанцияга кайрылдым деген дооматтар токтошу зарыл. Жакын арада конкреттүү координациялоо тутумун ишке киргизип алсак, элдин арыз-аттануусуна кайдыгер караган жетекчилерге карата  ошол замат чара көрүү процесси бышыкталат жана катуу чечимдерди кабыл алабыз.
Коомчулуктун нааразычылыгын жараткан учурларга бөгөт коюп, ички иштер органдарынын ишмердигин чыңдап, элдин ишенимин жогорулатуу максатында ИИМдин тиешелүү кызматтарына “Сервистик кызмат” аталыштагы жаңы санарип тутумун иштеп чыгуу боюнча тапшырма беребиз. Анын негизги максаты – жардам сурап кайрылган жарандарды, ички иштер органдарынын жетекчилиги тарабынан кабыл алуу тартибин күчөтүп, ыраттуу иш алып баруу болуп эсептелет. Ошого байланыштуу төмөнкүдөй тартипте иш-чаралар жүргүзүлсүн:
Биринчи: Шаардык, облустук, райондук ички иштер органдарынын имараттарынын сыртында биринчи жетекчилер тарабынан элди кабыл алуу күндөрү, сааттары так көрсөтүлсүн.
Экинчи: Аталган жетекчилерге келген элди электрондук тартипте каттап, эмне маселе менен кайсы жетекчиге келгендиги тизмектелсин.
Үчүнчү: Арыз же кайрылуу менен келген жарандар, жетекчилерге жолугуп чыккандан кийин, алардын арыз-муңдары кандай чечилгендиги ырасталып, каттоого алынсын.
Төртүнчү: Райондук ички иштер бөлүмдөрү жарандарды кабыл алуу боюнча электрондук жазмаларына талдоо жүргүзүп, облустук жана шаардык ички иштер башкармалыктарына жөнөтүшсүн, ал эми алар өз кезегинде Ички иштер министрлигине жөнөтүп турушсун.
Бешинчи: Ички иштер министрлигинин жетекчилиги жана тиешелүү кызматтар элдин арыз-билдирүүлөрүнүн абалын онлайн карап, координация иштерин жүргүзүп турууга шарт түзүлсүн.
Жогоруда аталган процедура ийгиликтүү ишке ашкандан кийин, канча адам канча ирээт кайрылгандыгын так билип, өз милдетине салкын мамиле жасаган
жетекчилерге карата чечим кабыл алууга, эл үчүн кызмат кылбаган жооптуу кызматкерлерди жөнгө салууга мүмкүн болот. Бул абдан чоң жана маанилүү санариптик программа. Ар бир жетекчи, өтө жоопкерчилик менен мамиле
кылуусун табыштаймын,- деди Адыл Бийбосунов.

ИИМ Бишкек шаарынын бардык райондоруна адамдарды жүздөрүнөн тааный турган видеокамераларды орнотууну баштады

Ички иштер министрлиги санариптештирүүнун алкагында республика боюнча видеобайкоо камераларынын борборлоштурган бирдиктүү тутумун түзүү боюнча иш-чараларды турмушка ашырууда. Бул тууралу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.
Ички иштер министрлигинин демилгеси менен жакында Бишкек шаарынын Свердлов, Биринчи май, Октябрь жана Ленин райондук мамлекеттик админстрацияларынын башчылары-акимдери, аталган райондук ички иштер башкармалыктарынын начальниктери жана Бишкек ШИИББнын начальниги Азамат Ногойбаев менен министрликте жыйын өткөрдү.
Аталган жыйында Бишкек шаарындагы санариптештирүүнүн негизги көйгөйлөрү ортого салынып, видеокамералардын иштөө принциптери кеңири каралып, коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулук менен күрөшүү жана укук бузууларды алдын алуу маселелери талкууга алынган.
Ички иштер министрлиги жыйындын жыйынтыгы менен Бишкек шаарынын Свердлов, Биринчи май, Октябрь жана Ленин районунун аймактарында адамдарды жүздөрүнөн тааный турган видеобайкоо камераларын орнотуу керектиги тууралуу демилге көтөрүп чыккан. Бишкек шаарында орнотулуп, андан соң ишке кире турган жаңы видеобайкоо камералар үч айдан кийин ИИМдин борборлоштурулган бирдиктүү тутумуна киргизиле тургандыгы, андан аркы ишмердүүлүгүн толугу менен ички иштер министрлиги мойнуна ала тургандыгы жыйында айтылган. Мына ошол ИИМ көтөргөн демилгенин негизинде Биринчи май райондук администрациясы райондогу коомдук жайларга атайын видеокамераларды орното баштады.
ИИМдин мындай демилгесинин негизинде Бишкек шаарынын Свердлов, Октябрь жана Ленин райондорунда ушул багытта иштер колго алына баштады. Анткени, адамдарды жүздөрүнөн тааный турган видеобайкоо камераларын колдонуунун башкы максаттарынын бири – шаардын тургундарынын, меймандарынын коопсуздугун сактоо жана коомдук жайларда тартиптин сакталышын толук көзөмөлгө алуу болуп эсептелет.
Азыркы учурда республика боюнча коомдук тартипти сактоо, укук бузууларды аныктоо жана ыкчам чараларды көрүү максатында коомдук жайларда 2 миң 177 видеокамера иштеп жатат. Алардын ичинен 519 видеокамера коомдук коопсуздук кызматынын алдындагы Ыкчам башкаруу борборуна онлайн көзөмөлдөө үчүн кошулган.

ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси Ички иштер министрлигине 9 автоунаа тапшырды

Бүгүн, 6-апрель күнү Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков менен ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы, элчи Алексей Рогов жолукту.
Жолугушуунун жүрүшүндө ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине милициянын көчмө кабылдамасы үчүн 7 жана Туристтик-экологиялык милициясына 2 авто унаа тапшырды.
Ал автоунаалар Бишкек шаарынын Ленин жана Биринчи май РИИБне жана облустардын Сокулук, Нарын, Лейлек, Сузак жана Алай райондук Ички иштер “Коомдук коопсуздук демилгеси” долбоорунун алкагында Кыргызстанда
биринчи милициянын көчмө кабылдамалары иштеп баштаган. Алар алыскы аймактарда жашаган жергиликтүү калктарды кабыл алуу үчүн түзүлүп, кылмыштарды жана укук бузууларды алдын алууда өз натыйжалуулугун
көрсөтүүдө.
2011-жылдан баштап бүгүнкү күнгө чейин ички иштер министрлигине ЕККУ тарабынан 39-милициянын көчмө кабылдама унаасы тапшырылганын билдиребиз.
Мунун негизинде Кыргызстанда Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ички резервинен 10 автоунаа бөлүнүп берилип, жалпысынан Кыргызстанда 49 милициянын көчмө кабылдамасы иштөөдө.
Ички иштер министри Улан Ниязбеков ЕККУга көрсөткөн колдоолору үчүн ыраазычылыгын билдирип, укуктук тартипти жана коомдук коопсуздукту камсыздоо үчүн мындан ары дагы алгылыктуу кызматташууга даяр экендигин
билдирди.
“ ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси Кыргыз Республикасынын ИИМинин негизги өнөктөшү катары бул багытта баа жеткис салым кошууда. Ички иштер министрлигине экологиялык коопсуздукту камсыз кылууда олуттуу колдоо көрсөтө турган Ниссан-Патрол эки авто унаасы өткөрүп берүүдө көрсөтүлгөн туристтик-экологиялык милицияны колдогонуңуз үчүн Элчи мырзага жана ЕККУнун Программалык кеңсесине чын дилимден ыраазычылык билдирем.
Калктын милицияга болгон ишенимин арттырууга жана анын ишмердигинин ачыктыгын күчөтүүгө багытталган ИИМдин күч-аракетине ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси зор салымын кошууда. Биз Сизге жана ЕККУнун жалпы жамаатына көрсөткөн колдоолору үчүн терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз.
Өз тарабыман мындан ары дагы кызматташууга даяр экендигибизди билдирем”, – деди министр Улан Ниязбеков.
Милицияны мындан ары өнүктүрүүдө жарандык коом жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен тыгыз кызматташуусун бекемдөө боюнча ИИМдин күч-аракетин ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси жогору баалайт.

УКМК: пара талап кылуу фактысы боюнча Кыргыз Республикасынын ИИМ кызматкерлери кармалды

Кыргыз Республикасынын УКМК КР ИИМ түзүмдүк бөлүмдөрүндө коррупцияга байланыштуу кылмыштарды аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча иш-чараларынын алкагында, Кыргыз Республикасынын ИИМ Ички иликтөө кызматы менен биргеликте, 1000 АКШ доллары өлчөмүндө пара талап кылуу фактысы боюнча Сокулук РИИБдин кызматкерлери аныкталып, кармалышты.

Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын сотко чейинки өндүрүш боюнча орун басары милициянын полковниги “А.А.К.”, тергөөчү милициянын капитаны “И.А.А.” жана райондук ыйгарым укуктуу улук лейтенанты “А.А.М.” макулдашышып сотко чейинки өндүрүштү оң тарапка чечип беребиз деп  акча талап кылышкан.

Азыркы учурда, КР Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси (Пара талап кылуу) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүшүнүн алкагында, Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары жана райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык камакка алынып, тиешелүү ыкчам тергөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилишти.

ИИМ: Министр Улан Ниязбеков жана анын орун басарлары коронавирус илдетине каршы эмдөөдөн өтүштү

Бүгүнкү күнү өлкөнүн бардык аймагында жарандар COVID-19 каршы эмдөөдөн өтүшүүдө.  Ички иштер министрлигинин башчысы Улан Ниязбеков орун басарлары Нурбек Абдиев, Октябрь Урмамбетов жана  Эркебек Аширходжаев менен бирге коронавирус илдетине каршы вакцина  алышты. Бул тууралу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Ал эми, министрдин биринчи орун басары Сүйүнбек Өмүрзаков эмгек өргүүсүндө болгондуктан, ал кызматка келгенден кийин коронавируска каршы эмдөөдөн өтөт. Андан сырткары, ички иштер органдарынын жалпы өздүк курамына вакцинаны алуусу үчүн бардык шарттар түзүлгөн.

ИИМ: Милиция шайлоону өткөрүү учурунда коомдук коопсуздукту жана тартипти камсыздайт

Бишкек, Ош жана Токмок шаарларындагы шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоо 2021-жылдын 11-июлунда өткөрүлөт. Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги өткөрүлүүчү иш-чаранын маанилүүлүгүн түшүнүп, шайлоого карата даярдануу жана өткөрүү мезгилинде коомдук тартиптин жана коопсуздуктун деңгээлин жогорулатууга багытталган бир катар иш-чараларды жүргүзүүдө.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин “Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоого даярдануу жана өткөрүүдө коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу боюнча иш-чаралар жөнүндө” буйругу чыккан.
Укук коргоо органдарынын кызматкерлерине жүктөлгөн милдеттерин натыйжалуу аткаруу үчүн ыкчам штаб түзүлдү. Коомдук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча иш-чаралардын комплекстүү планы иштелип чыгып, Бишкек, Ош жана Токмок ШИИБне жиберилген. Планда Бишкек, Ош жана Токмок шаарларындагы шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоо учурунда мыйзамдуулукту сактоо, жарандардын укуктары менен эркиндиктерин камсыз кылуу, шайлоо участокторун коргоо, инвентаризациялоо, ташуу коопсуздугу жана шайлоо бюллетендерин шайлоо тилкелерине жеткирүү боюнча иштерди уюштуруу кирет. Бишкек, Ош жана Токмок шаарларындагы шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоо жана шайлоону өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы менен маалымат алмашуу, ошондой эле иш-чаралар жөнүндө маалыматты жалпылоо максатында маалыматтык-аналитикалык топ түзүлдү.
Ички иштер министрлиги БШК менен биргеликте мыйзамдуулукту сактоо жана шайлоо учурунда мыйзам бузууларды алдын алуу боюнча милиция кызматкерлери үчүн онлайн усулдук окууларды өткөрүүдө.
2021-жылдын 9-июлунан 12-июлуна чейин Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жана Токмок шаардык ички иштер бөлүмүнүн милиция кызматкерлери алдыда өтө турган шайлоого байланыштуу күчөтүлгөн түрдө кызмат өтөөгө киришти.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын маалыматы боюнча 326 шайлоо тилкелеринин комиссиясы түзүлдү.
Бул шайлоо процессинде коомдук тартипти сактоого үч миңден ашуун милиция кызматкерлери тартылат. Ал эми шайлоо тилкелеринде миңден ашуун кызматкер бекитилген. Ошондой эле, ыктыярдуу элдик кошуундун мүчөлөрү дагы тартылат.
Учурда ИИМдин жана БШКнын кызматкерлери таза жана ачык шайлоо өткөрүү боюнча координациялык топто иштеп жатышат.
Белгилей кетсек, COVID-19га байланыштуу, шайлоо күнү кошумча санитардык чаралар көрүлөт. Тактап айтканда, шайлоо күнү бардык шайлоочуларга бет каптар жана кол каптар берилет.
Ички иштер министрлиги саясий процесстерге катышпайт жана кийлигишпейт, ал бардык саясий коомдук бирикмелерге бирдей мамиле кылат, бирок, эгерде мыйзам бузуулар жана укук бузуулар аныкталса, анда бардык фактылар катталып мыйзам чегинде жоопко тартылышат.

ИИМ: Кыргыз Республикасынын жарандык паспортторун алган чет элдик жарандардын бардыгы мыйзам чегинде текшерүүгө алынат

Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө жаран Орхан Инанды Түркиянын жараны болуп туруп, 2012-жылдын 28-июнунда Кыргыз Республикасынын ID паспортун жана 2012-жылдын 25-декабрында Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспортун алгандыгы аныкталган. Учурда ага берилген паспорттордун мыйзамдуулугу да иликтенүүдө.

Андан сырткары аталган кылмыш ишинин алкагында учурда жалпы Кыргыз Республикасынын жарандык паспортторун алган чет элдик жарандардын бардыгы ички иштер министрлиги тарабынан дыкат иликтенип текшерүүгө алынат. Алардын паспортторунун канчалык мыйзамдуу экендигин, бир эле учурда эки мамлекеттин паспортторун алган фактылар жана Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспорттору эмне себептен мыйзамсыз берилип кеткендиги, жана кимдер бергендиги сыяктуу бардык фактылар текшерилип, аларга юридикалык баа берилет.
Мыйзамсыз берилген паспорттор, паспорт берүүдөгү ээнбаштыктар, коррупциялык фактылар, анын ичинде мурда соттолгон, издөөдө жүргөн адамдар, башка өлкөнүн жарандары, керек болсо кылмыштуу чөйрөнүн адамдары да кыргыз паспортун алып жүрүшкөндүгүн биз өз убагында ачыктаганбыз.
Ошондой эле жалаң гана паспорт эмес эки өлкөнүн кош жарандыгын алгандар да текшерүүгө алынып, алар мыйзамдуу алганбы же мыйзамсыз алганбы, аларга кимдер жардам бергендигин тактоо жана аныктоо иш-чаралары башталды.
Ички иштер министрлиги паспорт системасында тартип орнотуу максатын көздөйт жана иликтөө учурунда мыйзамсыз берилген паспорттор боюнча маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу коомчулукту кабардар кылып турабыз.

ИИМ: Шайлоо учурунда милиция добуш сатып алууга, административдик ресурстарды пайдаланууга бөгөт коюп, мыйзамга ылайык ыкчам чечимдерди кабыл алат

Ички иштер министрлиги бардык жеке жана юридикалык жактарды шайлоо процессинин жүрүшүндө мыйзамдуулукту сактоого чакырат. Ички иштер министрлиги шайлоочулардын добуштарын сатып алууну аныктоо боюнча керектүү ыкчам иштерди жүргүзүп, ал эми жарандарга добуштарды сатуу кылмыш жоопкерчилигине тартылаарын эскертүүдө. Ички иштер органдарынын алдына бардык мыйзам бузууларга токтоосуз аракеттерди көрүү тапшырмасы коюлду. Милиция кызматкерлери ар кандай мыйзамсыз иш-аракеттерге бөгөт коюуга, мыйзам чегинде ыкчам чечимдерди кабыл алууга, укук бузуулардын жана кылмыштардын алдын алуу боюнча иштерди жүргүзүп, жүктөлгөн тапшырмаларды так аткарууга милдеттүү. Добуштарды сатып алууга, административдик ресурстарды пайдаланууга жана башка мыйзам бузууларга жол берилбейт.
2021-жылдын 7-июлунда Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан ыкчам алдын алуу иш-чараларды жүргүзүү учурунда, Ош шаарында жергиликтүү кеңешке шайлоого катышкан саясий партиялардын бири шайлоочулардын добуштарын сатып алып жаткан факты аныкталды. Аталган факты Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 192-беренеси (добуштарды сатып алуу) боюнча КЖБРге катталып, сотко чейинки өндүрүш башталды.
Иликтөөнүн жүрүшүндө Ош шаарындагы Жумабаев көчөсүнөн жергиликтүү кеңешке шайлоого катышкан саясий партиялардын биринин талапкеринин өкүлдөрү шайлоочулардын добуштарын сатып алуу менен алектенип жатканы аныкталган.
Окуя болгон жерди ыкчам тергөө тобунун кызматкерлери кароо учурунда И.Х. жана Р.Ш. аттуу жарандардан 115000 сом акча каражаты менен Ош шаарынын Амир-Темир кичи районунун Жалал-Абад көчөсүнүн жашоочуларынын 7 барактык тизмеси табылып алынган.
Депутаттыкка талапкер жаран Л.Б.нын өкүлдөрү 15 ашык шайлоочуга депутаттыкка талапкерге добуш бериши үчүн ар бирине 1000 сомдон таратышкан.
Кечээ, 2021-жылдын 7-июлунда, депутаттыкка талапкер Л.Б. Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Мындан тышкары, депутаттыкка талапкердин өкүлдөрү И.Х. менен Р.Ш.га добуштарды сатып алуу фактысына шектелип жаткандыгы жөнүндө кабарлама жеткирилди.
Азыркы учурда, бул факт боюнча жасалган кылмыштын бардык жагдайларын аныктоого багытталган ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө, анын жыйынтыгы боюнча тиешелүү чечим кабыл алынат.

ИИМ: Орхан Инандыны издөө боюнча зарыл болгон бардык ыкчам тергөө иш-чараларынын хронологиясы

2021-жылдын 1-июнунда таңкы саат 4:20да Октябрь РИИБне 12- микрорайонунда жайгашкан көп кабаттуу турак жайдын астынан эшиктери ачык “Lexus GX470” үлгүсүндөгү автоунаа табылгандыгы боюнча маалымат келип түшкөн.
Окуя болгон жерге Октябрь РИИБнин ыкчам-иликтөө тобу барып иликтөө жүргүзгөн учурда автоунаа “Сапат” билим берүү мекемесинин башчысы Орхан Инандыга таандык экендиги аныкталып, анын уулу Ю.К. атасын таап берүү өтүнүчү менен милицияга арыз жазган. Арыз ээсинин маалыматы боюнча Орхан Инанды жогорудагы автоунаа менен жүргөндүгүн жана акыркы жолу 31-май күнү болжол менен кечки саат 18:00дөр чамасында байланышка чыккандыгын маалымдаган.
Жогорудагы факты Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 170-беренеси боюнча (Адам уурдоо) кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.
Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында ИИМден, Бишкек ШИИББден, Чүй ОИИББнын жана Октябрь РИИБден тажрыйбалуу ыкчам кызматкерлер менен тергөөчүлөрдөн турган ыкчам-иликтөө тобу түзүлүп, бөлүнгөн аймактар боюнча Орхан Инандынын жүргөн жерин аныктоо боюнча бардык зарыл болгон тергөө иш-аракеттери менен издөө иш-чараларын жүргүзүшүп келишкен. УКМКнын Чек ара кызматына кайрылуу кат жөнөтүлүп, алардан Орхан Инанды чек арадан өтпөгөндүгү такталган.
Ички иштер министри, милициянын генерал-майору Улан Ниязбековдун тапшырмасы боюнча жоголгон жаранды издөө иштери жалпы республика боюнча жүргүзүлүп келген. Активдүү издөө иштери тоо этектериндеги аймактарда, дарыялардын нугунда жана каналдарда, талааларда жана айыл чарба жерлеринде, таштанды төгүлүүчү жайларда жүргүзүлүп, ага ички иштер органдарынын 1000 ашык кызматкерлери тартылган. Курулуш аянтчалары, гараж кооперативдери, унаа токтотуучу жайлар, кароосуз калган имараттар, заводдор жана фабрикалар, токой тилкелери жана парк зоналары текшерүүгө алынган.
Бишкек ШИИББнин тергөө кызматынын, алгачкы текшерүү органынын жана криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери дайынсыз жоголгон кыргызстандыктын жүргөн жерин аныктоо боюнча жүргүзгөн ыкчам иштердин натыйжасында башка оор кылмыштардын жана жоруктардын дагы бетин ачышкан.
Ошондой эле, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын Коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери тарабынан издөө ишине байланыштуу алдын алуу иш-чарасы уюштурулуп, өткөрүлгөн. Анын негизинде борбордук милиция кызматкерлери тарабынан 10434 объект, 3251 жеке менчик жана 6336 көп кабаттуу турак жай, 175 мейманкана, 91 курулуп жаткан объект, 377 көңүл ачуучу жай, 30 базар, 51 соода түйүнү, 31 сейилдөөчү жайлар, ошондой эле 88 унаа токтотуучу жайлар текшерүүгө алынган.
Дайынсыз болуп жаткан Орхан Инандыны издөө боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүндө милиция кандайдыр-бир маалыматтарга ээ болушу мүмкүн болгон жарандар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, учурда териштирүү жана тактоо иштерин улантып жатат. ИИМдин кызматкерлери тарабынан Орхан Инандынын жүргөн жерин аныктоо боюнча кеңири иштерди жүргүзүлдү. Кыргызстандык жаран Орхан Инандыны издөө жана тактоо боюнча сотко чейинки өндүрүш толугу менен ички иштер министри милициянын генерал-майору Улан Ниязбековдун көзөмөлүндө болгон.
Учурда, Орхан Инандын кайда экендиги аныкталгандыктан, ИИМ анын дайынсыз жоголушуна багытталган жагдайлар боюнча мындан аркы ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүүдө.

Меню