Menu

Эмдөө

Эмдөөдөн баш тарттыруунун себеби кайда?

Эл арасында эмдөө тууралуу ар кандай кайчы пикирлер айтылып келет. Эмдөөнүн пайдалары, зыяндуулугу тууралуу толтура маалыматтар тараган.  Албетте, эмдөөдөн өтүү же баш тартуу ар бир адамдын укугу, ал эми балдар үчүн ата-энелеринин чечими  болгону менен туура эмес тандоо жеке адамга эле эмес, үй-бүлөсү, бүтүндөй коом үчүн оор кесепеттерди алып келүүдө.

2022-жылы августта Бишкектеги жугуштуу оорулар ооруканасында 5 жашар бала селейме оорусунан көз жумган. Селейме нерв системасын жабыркаткан, денени карыштырган курч жугуштуу оору болуп саналат. Бала төрөтканадан 1 эле вакцина алып, калгандарынан ата-энеси баш тартышкан. Бул маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлиги ырастаган. Бул бир эле мисал. Ал эми Республикалык эмдөө борборунун каттоосуна таянсак, ар жыл сайын Кыргызстанда 8 миңге чукул жаран расмий түрдө эмдөөдөн баш тартышат. Каттоого алынбаганы канча? 

Эмне үчүн эмдөө алууга каршы болушат деп анализдеп, басымдуу бөлүк диний ишенимдеринен улам экендигин көрө алдым. Анткени «чочконун эти кошулат экен, арам экен» деген сыяктуу түшүнүктөр бар. Кыргызстанда калктын 88 пайызы ислам динин кармандыктан молдого кайрылып көрдүм.

«Маселе эмдөөдө эмес,  маселе эмдөөнүн ичинде эмнелер камтылгандыгында. Кээ бир адамдарыбыз эмдөөдө пайда бар, анткени, адамдардын клеткаларын жандандырып, көптөгөн ооруларга туруштук бергенге жардам берет десе, кээ бири  тескеринче ошол клеткаларды өлтүрүп, адамдарды алсыз кылып койгонго себеп болот деп айтышат. Азыркыга чейин ушул талаш болуп келет. Талаш эмдөөдөн кийин пайда боло турган жыйынтыкта. Эгер вакцинанын толук далилин билсек, жүз пайыз жардам берет экендигин, анда ,ооба, шариятыбыз дагы жол берет»-деди, Ислам университетинин бүтүрүүчүсү, имам Тилек Зарылбеков.

Ошондой эле, ден соолукка өзгөчө маани берилиши керектигин «күчтүү мусулман алсыз мусулманга караганда жакшыраак», «адам өзүнүн ден соолугуна жооп берет» деген хадистер менен бекемдеп, өзү дагы, балдары дагы эмдөөдөн өтүп турарын кошумчалады. 

 Республикалык Эмдөө Борборунун директору Гүлбара Ишенапысова диний ишенимдерден улам баш тарткандар мурда 70 пайызды түзсө, бул көрсөткүч диний уюмдар менен иштешүүнүн натыйжасында 2021-жылы 50 пайызды көрсөткөндүгүн «Спутник» порталына берген маегинде билдирген.

Дагы бир себеби – эмдөөнүн  натыйжалуулугу жана коопсуздугуна болгон күмөнсүнүү. Мындай күмөн вакцинанын курамын изилдеп, ага канааттанбагандыктан деле жаралбайт. Бул жерде чөйрөсүнөн көргөн тажрыйбалар, «туугандар» группасынан уккан ушак-айыңдар, социалдык тармактарда кеңири тараган фейк маалыматтар, дезинформациялар чоң роль ойнойт. Мисалы, кошунасынын баласы сасык тумоого каршы эмдөө алгандан кийин деле ооруп калса, «эмдөө болбогон эле нерсе тура» деп, өзү көргөн саналуу эле окуялардан, орто статистикалык жыйынтыктарга карабай тыянак чыгарып алгандар бар. Айрымдар жакын адамдарынан уккандыгы үчүн эле ишенип алышат. Factchek.kg журналисти, медиа адис Асель Сооронбаева бул боюнча: “Мисинформация- жакындарын сактап калуу оюнда туура эмес маалыматтарды таратуу. Ал атайын фейк маалымат таратпайт. Бул – инстинкт” дейт.

 Эмдөө эмне үчүн керек, албай койсо кандай кесепеттери болорун  Балыкчы шаардык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун кызматкери Кенже Исенбаевадан сурадым.

Жалпысынан эмдөө аркылуу көп ооруларды алдын алса боло тургандыгын, адамдын организми кайсы ооруга каршы вакцина алса, ошол оорулардан сактарын айтты . «Эмдөөдөн өтпөй койсо организмде илдетке иммунитет пайда болбойт дагы, биринчи орунда эмдөө албаган адам ооруйт. Мисалы, кызамык менен ооруган балдардын көбү мурда вакцина албагандар”-дейт, Кенже айым.

Азыр интернет желесинде маалыматтар абдан көп болгондуктан, чын менен жалган кабарларды бири-биринен айырмалаш оор. Ушундан пайдаланып, коомго дүрбөлөң салуу үчүн дезинформацияларды атайын жаратып келишет. 

Бирок коомдун күзгүсү болгон, коомду агарта турчу адамдардын публикага сөздөрүн ылгабай, тактабай чыгара бергендери кандай? Эмдөөнүн коопсуздугуна кошумча күмөн жаратпайбы? деген суроо туулат.

   2021-жылы 17-июлда депутат Шайлообек Атазов жогоркудай пикирин өз фейсбук баракчасына жүктөгөн. Бул боюнча kaktus.media фактчегин жүргүзүп, Атазовдун айткандарын Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму четке каккан.

Ошондой эле, социалдык тармактарда колдонуучулардын, же атайын жалданган бот, троллдордун калтырган билдирүүлөрү эмдөөгө каршы коомдук пикирди жаратып койгон учурлар кездешет. 

Мындан сырткары, жөн эле кайдыгерликтен, башкача айтканда, 

 «жумушум көп, убактым жок» деген шылтоолордон улам, же маалымат жетпей калгандыктан эмдөөдөн өтпөй калгандар да бар. Мисалы, сиз, азыр Кыргызстандын бардык аймактарында Гепатит В’ га каршы 23 жаштан 65 жашка чейинки жарандарга бекер эмдөө жүрүп жаткандыгын билесизби? 

 Жыйынтыктап айтканда, эмдөөгө болгон көз карашыбызды өзгөртүү эч кандай мыйзам аркылуу чечилчү маселе эмес. Анткени, 2021-жылы «Анык эмес маалыматтардан коргоо жөнүндө мыйзам» сөз эркиндигин ооздуктаганга ыкма экендиги айтылып, медиа адистери тарабынан катуу сындалды. Ал эми эмдөөнүн баарын милдеттүү кылып коюу адам укуктарын жана эркиндиктерин бузуу катары бааланат. Ошентсе да, бир канча өлкөлөрдө: Германия, Сингапур, Франция, Италия, Индонезияда эмдөө албагандарга айып пул салынып, түрмөгө камоого чейин жетет. 

Өз укуктарыбызды мыйзамдар аркылуу чектеттирбей эле, жөн гана ар бирибиз медиа сабаттуу болуп, туугандарыбызга «Эмдөө ДНКны бузат. Баланын аң-сезими өспөй калат» деген такталбаган маалыматтарды жибере бербей, жеке ишенимдерибизге байланбай, медициналык изилдөөлөргө гана таянып эмдөөдөн өтүп же баш тартып,  ден соолугубузга олуттуу мамиле кылсак.

Уулжан Бейшенбекова,

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин журналистика бөлүмүнүн студенти.

Президент Садыр Жапаров коронавирус инфекциясына каршы эмдөөдөн өттү

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 23-июлда, уулу менен коронавирус инфекциясына каршы эмдөөдөн өттү.

Мамлекет башчысы менен анын уулу коронавирус инфекциясына каршы вакцинанын биринчи дозасын борбордогу мобилдүү эмдөө пункттарынын биринде алышты.

Садыр Жапаровго эмдөөдөн өткөндүгү тууралуу паспорт берилди.

Президент кыргызстандыктарга кайрылып, вакцина алуу чечими ар бир адамдын жеке иши экенин, эч ким эч кимди иммунизацияга мажбурлабастыгын айтты.

Анын айтымында, акыркы убактарда коомчулукта ар кандай чындыкка дал келбеген маалыматтар, анын ичинде коңшу өлкөлөр Кыргызстанга бекер вакцина берип, өлкө калкынын 70% ын эмдөөдөн өткөрүүнү талап кылып жатат деген туура эмес маалыматтар тарап жатат.

Садыр Жапаров Кыргызстан бюджеттик каражаттын эсебинен Кытайдын Синофарм (Sinopharm) вакцинасынан 1,1 миллион доза сатып алгандыгына көңүл бурду. Буга чейин Кытай бийлиги жалпысынан аталган вакцинанын 300 миң дозасын Кыргызстанга кайтарымсыз берген, бул үчүн кыргыз тарап аларга ыраазычылыгын билдирет. Мындан тышкары, Россия Федерациясынан 120 миң доза вакцина сатылып алынган, ал эми 10 миң доза вакцина кайтарымсыз негизде берилген. Бул үчүн дагы кыргыз тарап ыраазычылыгын билдирет.

Мамлекет башчысы жакын арада Синофарм вакцинасынан 1 млн 250 миң доза кошумча партия сатылып алынарын баса белгиледи.

Буга байланыштуу ал кыргызстандыктарга кайрылып, эл арасында тарап жаткан ушак-айыңдар менен жалган маалыматтарга ишенбөөгө үндөдү.

Президент Садыр Жапаров жарандарды жакындарынын жана жалпы коомдун саламаттыгын коргоо үчүн эмдөөдөн өтүүгө дагы бир жолу чакырды.

Президент элди вакцина алууга чакырды

Президент Садыр Жапаров 20-июлда кыргызстандыктарды Курман айт майрамы менен куттуктады.

Өлкө башчы Кыргызстанда ушуну менен экинчи жолу коронавируска байланыштуу Курман айт майрамы чектөөлөр менен өтүп жатканын белгилеп, жарандарды өздөрүнүн жана айланасындагы адамдардын саламаттыгын коргоо үчүн эмдөөдөн өтүүгө, ден соолукту бекемдөөгө чакырды.

“Курман айт күнү мусулмандар таң эртеден тазаланып, жүздөрүн кыбылага буруп, айт намазын окушат, аруу дуба-тилектерин айтышат. Жаратканга жакындоо максатында курмандык чалышып, жакындарына, кошуна-колоңдоруна жана муктаждарга таратышат. Ушул себептен Курман айт аруулуктун жана кайрымдуулуктун майрамы болуп саналат”, – деп айтылат куттуктоодо.

Дүйнө мусулмандары 20-июлда Ислам дининдеги чоң майрамдардын бири – Курман айтты белгилешти.

Коронавирус пандемиясынан улам эки жылдан бери Сауд Арабия падышалыгы өзүнүн жарандарына гана ажылык амалдарын аткарууга уруксат берген.

Кыргызстанда айт намазы борбордук аянттарда эмес, мечиттерде гана окулду. Жарандардын кол алышып, кучакташып көрүшүүсүнө тыюу салынды. Ар бир адам дааратты үйүнөн алып, өзүнүн жайнамазын көтөрө келиши керектиги эскертилген.

Дүйнө калкынын 1,7 миллиардын мусулмандар түзөт.

Кыргызстанда Курман айт майрамына байланыштуу 20-июль – дем алыш деп жарыяланган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

БИМ: Билим берүү жана илим министри Болот Купешов кызматкерлери менен чоогу коронавируска каршы эмдөө алышты

Бүгүн, 13-июлда Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин кызматкерлери коронавируска каршы вакцина алууну улантып жатышат. Бүгүн министрликке Бишкек шаарынын №1 поликлиникасынын мобилдик тобу келди. Министрликтин жетекчилиги биринчилерден болуп «Синофарм» вакцинасын алды. Бул тууралу БИМдин  басма сөз кызматы билдирет.

Бүгүнкү күнгө карата министрликтин борбордук аппаратынын, ошондой эле ведомство алдындагы уюмдардын кызматкерлеринин жарымынан көбү коронавируска каршы эмделишти.

ИИМ: Министр Улан Ниязбеков жана анын орун басарлары коронавирус илдетине каршы эмдөөдөн өтүштү

Бүгүнкү күнү өлкөнүн бардык аймагында жарандар COVID-19 каршы эмдөөдөн өтүшүүдө.  Ички иштер министрлигинин башчысы Улан Ниязбеков орун басарлары Нурбек Абдиев, Октябрь Урмамбетов жана  Эркебек Аширходжаев менен бирге коронавирус илдетине каршы вакцина  алышты. Бул тууралу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Ал эми, министрдин биринчи орун басары Сүйүнбек Өмүрзаков эмгек өргүүсүндө болгондуктан, ал кызматка келгенден кийин коронавируска каршы эмдөөдөн өтөт. Андан сырткары, ички иштер органдарынын жалпы өздүк курамына вакцинаны алуусу үчүн бардык шарттар түзүлгөн.

Өлкөдө коронавируска каршы эмдөө үчүн 847 пункт ачылды

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова өлкөдө калкты жапырт эмдөө башталганын жарыялады.

Коронавируска каршы эмдөө үчүн 847 пункт ачылды. Алардын 599у медициналык мекемелерде, 100ү мектеп, окуу жайлардын имараттарында, 12си чоң соода борборлорунда, 30у базарларда жана 12 мобилдик бригада иштейт.

“11-июлдан баштап вируска каршы массалык эмдөө башталды жана биринчи кезекте, 1 миллион 312 450 адамды түзгөн, тобокел топтор эмделет. Алар медициналык, социалдык жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери, 60 жаштан жогорку жана өнөкөт оорулары бар адамдар, калктын социалдык жактан аярлуу катмары”, – деп билдирди Бакашова.

Вакцина акысыз, 18 жаштан улуу бардык жарандар ала алышат.

Эмдөөнү ырааттуу уюштуруу үчүн Кызыл чырым жана Кызыл жарым ай эл аралык уюмдары 900 ыктыярчыны даярдады. Алар өлкө боюнча убактылуу эмдөө пункттарына барган адамдарды каттоо жана башка иштерге жардам бермекчи.

11-июль күнү Кыргызстанга Кытайдан бир миллион 250 миң доза Sinopharm вакцинасы келди. Анын 150 миң дозасы гуманитардык жардам катары бекер берилип, калган вакцинаны бийлик бюджеттен бөлүнгөн акчага сатып алды.

29-мартта башталган коронавируска каршы эмдөө өнөктүгүнө өлкө боюнча 130 миңге чукул адам катышты.

Түркмөнстанда жарандар коронавируска каршы эмдөөдөн өтүүгө милдеттендирилди

Түркмөн бийлиги 18 жаштан жогорку курактагы жарандарды милдеттүү түрдө коронавируска каршы эмдөөдөн өткөрөт. Мындай чечим тууралуу өлкөнүн мамлекеттик маалымат каражаттары 7-июлда кабарлашты.

Бирок ал билдирүүлөрдө жарандарга кайсы вакцина сайылары так айтылган эмес.

Түркмөн бийлиги өлкөдө коронавирусту жугузуп алгандар бар экенин пандемия башталгандан бери четке кагып келет. Расмий түрдө бул өлкөдө бир да адам COVID-19га чалдыккан эмес. Ошентсе да Түркмөнстанда санитардык эрежелер күчөтүлгөн. “Эркин Европа”  радиосунун түркмөн кызматы өлкөдө вирус кенен жайылганын билдирип, ооруканалар толуп калган учурлар бар экенин кабарлап келет.

Июнь айынын соңунда түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухамеов Кытайдын “Синофарм” вакцинасынын жарым миллион дозасын сатып алуу боюнча жарлык чыгарган.

Январь айында Түркмөнстан орусиялык “Спутник V” жана “ЭпиВакКорона” вакциналарын каттоодон өткөргөн. Бирок Орусиянын өзүндө вакцина жетишсиз болгондуктан, Түркмөнстанга саналуу сандагы гана вакцина жөнөтүлгөн.

Буга чейин Тажикстандын бийлиги да 18 жаштан жогорку курактагы жарандарын коронавируска каршы эмдөөдөн өтүүгө милдеттендирген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню