Menu

Кадыр Досонов «Дженго»

Ошто Кадыр Досоновдун ("Дженго") уюшкан кылмыштуу тобунун эки мүчөсү опузалап, ири суммадагы акча алып жаткан жеринен кармалды

Үстүбүздөгү  жылдын 17-февралында Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында КР Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (Опузалап пара талап кылуу) боюнча каралган кылмыш ишинин материалдарынын алкагында, Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун жеке ишкерлерди коркутуп, опузалап акча каражатын талап кылган уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөлөрү аныкталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында Ош облусунун Кара-Суу районунун Нариман айыл аймагында А.А.И. аттуу жарандан акча каражатын алып жаткан жеринен мурда ар кандай кылмыштар үчүн бир нече жолу соттолгон К.Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөлөрү 1993-жылы туулган А.у.Э., 1992-жылы туулган Р.Э.Р., кармалышты. Кармалгандар КР УКМК тергөө камак жыйынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. 

Учурда кармалгандарга карата уюшкан кылмыштуу топтордун мыйзамсыз иштерине тиешеси бар башка фактыларды жана башка адамдарды аныктоого багытталган тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

ИИМ: Ош облусун көзөмөлдөп келген (положенец) «Дженго» каймана аттуу кримтөбөлдүн айдоочу-жансакчысы бир ишкерди сабап, акчасын карактап кеткендиги үчүн кармалды

2021-жылдын 23-июлунда Ош шаарында ИИМдин КМКнын Аймактар аралык башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан ээнбаштыкка шектелген адам кармалды.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында 1995-жылы туулган Ош шаарынын тургуну М.А. кармалган. Ал мурда соттолгон Ош шаары менен Ош облусун көзөмөлдөп келген  (положенец) «Дженго» каймана аты бар жарандын айдоочу-жансакчысы жана ИИМдин ыкчам каттоосунда уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү катары турат.
Белгилүү болгондой, жогоруда көрсөтүлгөн  жаран 2021-жылдын 10-июлунда бир нече жаран менен биргеликте денеге залал келтирүү менен коштолгон ээнбаштык аракеттерге катышкан. Ош шаарындагы кафелердин биринин жанында, алар Куршаб айылынын тургунун ур-токмокко алышып, бычак менен коркутушкан. Андан соң, жабырлануучунун 1600 АКШ доллары жана 48 миң сом өлчөмүндөгү акча каражаты салынган капчыгын алып кетишкен.
Аталган факты  Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 266-беренесинин (Бейбаштык)  негизинде катталган.
Кармалган жаран Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодекстин 98-беренесинин негизинде Ош шаарынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
https://www.youtube.com/watch?v=w1h1qtFf0lk
Меню