Menu

Казино

УКМК: Жалал-Абад облусунда жашыруун казино иштеткендер кармалды

КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 218-беренесинин (Мыйзамсыз ишкердик) негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында, Жалал-Абад шаарында жана облустун Сузак районунда компьютердик клубдарга жамынып иштеп жаткан мыйзамсыз оюн-зоок жайлардын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду.

2023-жылдын 17-мартында бул көмүскө оюн-зоок жайлардын айрым уюштуруучулары жана администраторлору кармалды, бул жайлардын ар биринин ай сайын акча жүгүртүүсү бир миллион сомдон ашык болгон. Аталган жашыруун жайлардын кассаларынан бир күндүк мыйзамсыз аракеттерден түшкөн 200 (эки жүз) миң сомдон ашык акча каражаты табылган. Ошондой эле, оюн автоматтарынын ролун аткарган тиешелүү программалык камсыздоосу менен камтылган жалпысынан 40ка жакын компьютер алынды. 

Муну менен катар ал жайлардын 30 кардары да ал жерде болуу жагдайларын тактоо үчүн кармалды. Кармалган жарандар менен аталган мекемелердин иштери мыйзамсыз экени боюнча профилактикалык түшүндүрмө иштери жүргүзүлдү.

 Учурда кылмыш иши боюнча тиешелүү салыктык текшерүүлөр жана экспертизалар дайындалды.

Ошол эле учурда, облустун айрым укук коргоо кызматкерлери жашыруун мекемелерге колдоо кылууга тиешеси бар деп шектелип, буга байланыштуу алардын өздүгүн тактоо жана жоопкерчиликке тартуу боюнча иш-чаралар улантылууда.

Тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Кыргызстандагы кумарканаларга келе турган чет элдиктер үчүн виза талабын жоюу сунушталды

Чет элдиктерге Кыргызстандагы кумарканаларга визалык каттоого турбастан келип-кетүүгө уруксат берүү сунушталууда. Мындай жеңилдик каралган мыйзам долбоору бүгүн 21-ноябрда коомдук талкууга коюлду.

Министрлер кабинети демилгелеп, Экономика жана коммерция министрлиги иштеп чыккан долбоордун негизги максаты Кыргызстандагы атайын оюн-зоок аймактарына келүүнү каалаган чет элдик жарандардын тоскоолдуксуз жүрүүсүн камсыздоо жана ошол аркылуу инвестиция тартуу, кошумча жумуш орундарын түзүү экени маалымдалды.

Эгер сунуш колдоо таап, президент кол койсо, “Тышкы миграция жөнүндө”, “Кыргызстандагы оюн-зоок иши жөнүндө” мыйзамдарына өзгөртүү киргизилип, кумарканага келген чет элдиктер виза толтурбай, документин каттатпай 15 күн бою жүрө алышат.

Мыйзам долбоорунда “Атайын оюн-зоок зонасы – Министрлер кабинети аныктаган жана/же түзгөн, оюн-зоок уюштуруу жана жүргүзүүгө арналган, аймагында атайын укуктук, валюталык жана башка режимдер иштеши мүмкүн болгон аймак же инфраструктура” экени жана ал аймакта оюн-зоок ишин түзүүнүн жана жүзөгө ашыруунун тартибин Министрлер кабинети белгилей турганы да жазылды.

Кыргызстанда казинолордун ишине 2012-жылы тыюу салынган эле. Мындай чечимди кабыл алууга кумар оюндарынын кесепетинен үй-жайынан, колдо бар мүлкүнөн ажыраган адамдардын жакындарынын кайрылуулары себеп болгону айтылган.

Кумарканалардын чет өлкөлүктөр үчүн иштөөсүнө уруксат берген мыйзам быйыл 22-июнда парламентте экинчи окууда беш жолу добушка коюлуп, дароо эле үчүнчү окууда да добуш берилип, 58 депутат “макул”, тогузу “каршы” болгон. “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынан беш депутат добуш берген эмес.

Президент Садыр Жапаров ал мыйзамга 30-июнда кол койгон. 25-июнда мыйзамды колдоп берген депутаттарга алкышын айткан, ал эми каршы чыккандарды “саясий упай топтоп, элдин диний ишенимдерине ойноп, өздөрү эптеп бийликке келүүнү эңсеген күчтөр” деп атаган.(

Парламент кумаркана мыйзамын талаш-тартыш менен кабыл алды

Жогорку Кеңеш 22-июндагы жыйынында Кыргызстанда чет өлкөлүктөр үчүн казинолордун иштөөсүнө уруксат берген мыйзам долбоорун колдоду. Бирок документтин кабыл алынышы талаш-тартыш менен коштолуп, “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын депутаттары добуш берүүдөн баш тартып, ага бөгөт коюшту.

Жогорку Кеңештин регламентинде каттоодон өтүп, бирок депутаттар добуш бербей койгон учурда абалдан чыгуу жолу каралбагандыктан талаш чыкты. Регламентке ылайык, мыйзам долбоорун кабыл алуу үчүн каттоодон өткөн бардык депутаттар добуш бериши керек. Депутаттар тарабынан мындай учурда Конституция негиз болору айтылып, көпчүлүк добуш менен мыйзамды кабыл алуу сунушталды.

Ошентип аталган мыйзам экинчи окууда беш жолу добушка коюлуп, дароо эле үчүнчү окууда да добуш берилип, 58 депутат “макул”, тогузу “каршы” болду. Беш депутат добуш берген жок.

Парламенттин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат комитети 20-июнда бул мыйзам долбоорду жабык карап, экинчи жана үчүнчү окууда дароо карап, көпчүлүк добуш менен кабыл алган.

Депутаттар арасында казиного уруксат берүүнүн кесепети оор болорун айтып, каршы пикирин билдиргендер болду. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров мыйзам кабыл алынса, андагы коюлган талаптардын так сакталышына убада берди.

Өлкөдө бир катар нааразылыктан улам кумар оюндарына мындан он жыл мурун мыйзам менен тыюу салынган. 2015-жылы тотализатор менен букмекерлердин иши токтогон. Бирок кумарканалар тымызын иштеп жатканы тууралуу буга чейин бир топ маалыматтар айтылып келген.

Бишкекте казинолорду кайра ачууга каршылар нааразылык акцияга чыкты

Жогорку Кеңештин имаратынын алдына кумарканалардын кайра ачылышына каршы болгон жарандар акцияга чыкты. Топтолгон 20 чакты адам депутаттардан мыйзам долбоорун кабыл албоону талап кылып жатат. Азырынча аларга парламенттин өкүлдөрү чыгып жолуга элек.

Парламенттин тармактык комитети 20-июнда кумарканаларды кайра ачуу мыйзам долбоорун жабык карап, дароо экинчи жана үчүнчү окууда көпчүлүк добуш менен кабыл алган.

Депутат Дастан Бекешов Твиттердеги баракчасына “мен мыйзам долбооруна каршы добуш бердим. Анткени бул Кыргызстанда онлайн-казинолордун ачылышына, кумар оюндарын жарнамалоого жол ачат. Жарандар баары бир казино ойнойт”, – деп жазган.

Өткөн аптада аталган комитет чет элдик жарандар үчүн казино ачууга жол берген мыйзам бул долбоорун караган эмес. Анда депутаттар талкуунун түз эфирде көрсөтүлүшүн жана Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун келишин талап кылышкан.

Парламент өткөн айда бул долбоорду биринчи окууда колдогон.

Президент Садыр Жапаров менен өкмөт башчы Акылбек Жапаров журналисттерге курган маектеринде документти колдошорун билдиришкен.

Былтыр депутаттар Бактыбек Турусбеков жана Дастанбек Жумабеков Ысык-Көл облусунун аймагында кумаркана жайларын ачууга уруксат берген мыйзам долбоорун сунуштап, талаш-тартыштардан кийин артка кайтарып алган.

Президент Жапаров кызуу талкуу жараткан казинолор тууралуу мыйзамды колдоп, кумарканаларды Ысык-Көл облусунда гана эмес, Кыргызстандын бардык аймагында ачууну сунуштаган.

Өлкөдө бир катар нааразылыктардан улам кумар оюндарына мындан он жыл мурун мыйзам менен тыюу салынган. 2015-жылы тотализатор менен букмекерлердин иши токтогон. Бирок кумарканалар тымызын иштеп жатканы тууралуу буга чейин бир топ маалыматтар чыккан.

Меню