Menu

Камбар-Ата 2 ГЭС

Министрлик "Клооптун" Камбар-Ата-2 ГЭСи боюнча иликтөөсүнө жооп берди

Энергетика министринин орун басары Таалайбек Байгазиев 5-июлда Бишкекте өткөн маалымат жыйында “Клооп” басылмасынын иликтөөсү тууралуу комментарий берди. Ал иликтөөдө аталган “МБТ Строй” компаниясы менен келишим даярдалып жатканын билдирди.

Орун басардын айтымында, компания Камбар-Ата-2 ГЭСиндеги жогорку чыңалуудагы электр чубалгыларын жана трансформаторлорду модернизациялоо үчүн 1,5 млрд. сом сала турган болду. Ишкана салган каражатынын ордуна “электр энергиясын ГЭСте иштелип чыккандагы баа менен алат жана анын баасы кеминде 50 тыйындан жогору болот”.

Ал ошондой эле компания алган электр энергиясын кайсы багытта колдонушун Энергетика министрлиги көзөмөлдөбөй турганын, алар каалаган тармакка иштетерин айтты. Долбоорду мамлекет өзү ишке ашырганга каражаты жок экенин, ошол себептүү жеке компанияга берилип жатканын кошумчалады.

“Сунушта дата-борбор болот деп жазылган. Маалымат борбор болобу, майнингби, биз ага аралаша албайбыз. Азыр биз эч кандай пайда көрбөй элебиз да. 30 мегаваттын ордуна бизде нөл болуп жатпайбы. Бизге ошонун ордуна 30 мегаватт берилип туруп, модернизацияны жүргүзгөнүбүз оң болуп жатат”, деди Байгазиев.

Анын айтымында, модернизациялоо иштери бүткөн соң ГЭСтеги бир агрегаттын кубаттуулугу 120 мегаваттка жетет. Ошондо компания жогоруда сөз болгон электр энергиясындагы үлүшүн алып баштаса болот. Быйыл кышында бул кубаттуулук 70 мегаваттка жетет.

4-июлда “Клооп” басылмасы жарыялаган иликтөөдө Министрлер кабинети Камбар-Ата-2 ГЭСинен 30 мегаватт электр энергиясын “МБТ Стройго” эч кандай сынаксыз берүү чечимин чыгарганы айтылат.

Ишкана Камбар-Ата-2 ГЭСинен иштелип чыккан электр энергиясын өткөрүү системасын модернизациялап, инфраструктурасын жакшыртышы керектиги макалада жазылган.

Ал салган инвестициясынын акысы катары алган электр энергиясын майнинг фермага жумшай турганы да белгиленген. Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы “МБТ Строй” азырынча Камбар-Ата-2 ГЭСинин аймагына майнинг ферма үчүн керектүү шаймандарын орното электигин “Клоопко” билдирген.

Макалада компаниянын артында Максим Бакиевдин өнөктөшү, чуулгандуу иштерде аты аталган Алексей Ширшов турушу мүмкүн экени кошумчаланган. “МБТ стройдун” жетекчиси Алексей Зайцевдин атына катталган Кыргызстандагы эки компаниянын дареги “Кыргызтемир” өндүрүш базасына жазылганын көрсөткөн.

“Бул жайды он беш жыл мурун Максим Бакиевдин айланасындагылар басып алган, база азыр да аларга карайт. 2022-жылы Зайцев президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен кыргыз жарандыгын алган. Ушул эле жарлыктын негизинде Кыргызстандын Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын мурдагы жетекчиси Евгения Судец жана Владимир Андросик да жарандык алган”, – деп жазат басылма.

Министрдин орун басары “МБТ строй” кызматташуу боюнча сунуш берген жалгыз компания экенин, кызыкдар болгон бардык компания менен кызматташууга министрлик ачык экенин белгиледи.

Камбар-Ата-2 ГЭСинин биринчи агрегаты 2010-жылы ишке берилген.

Бакыт Төрөбаев Токтогул жана Камбар-Ата-2 ГЭСинин абалы менен таанышты

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Токтогул ГЭСинин жана Камбар-Ата-2 ГЭСинин абалы менен таанышты.

Ал ошондой эле Камбар-Ата -1 ГЭСин курууга даярдык иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Бир күн мурун Бакыт Төрөбаев энергетикалык компаниялардын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен алдыдагы күз-кыш жылытуу мезгилине карай даярдык көрүү маселеси боюнча кеңешме өткөргөн.

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары калкты жана экономика тармактарын жылытуу мезгилине карата электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо максатында белгиленген бардык иш-чараларды өз мөөнөтүндө аткаруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Сапар жыйынтыгы боюнча бир катар тапшырмалар берилди.

Меню