Menu

“Клооп” басылмасы

"Клооп" сайтын бир нече провайдер бөгөттөгөнү кабарланды

“Клооп” басылмасы 13-сентябрда бир катар интернет провайдерлер “фейктер жөнүндөгү” мыйзамга ылайык Маданият министрлигинин талабын аткарып, колдонуучулары үчүн kloop.kg жана ky.kloop.asia сайттарын бөгөттөгөнүн жазды.

Маалыматка караганда, алардын арасында “О!” уюлдук оператору менен Homeline провайдери да бар.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин эркин басылманын сайтын бөгөттөө чечимине сайтка оппозиционер саясатчы Равшан Жээнбеков абакта кыйноого кабылганын айтып даттанганы жөнүндөгү жаңылык жарыяланганы себеп болгон. Министрлик атайын кызмат “бул макала фейктер жөнүндөгү мыйзамга каршы келет жана УКМКнын аброюна шек келтирет” деп кайрылганын билдирип, аны өчүрүүнү талап кылган.

12-сентябрда “Клооп” сайтындагы макала өчүрүлбөй турганын жарыялады. “Албетте, биз эч нерсени өчүрбөйбүз. Аталган жаңылыкта кандайдыр бир такталбаган маалымат бар деп эсептебейбиз. Ал эми бийликтин өжөрлөнүп, кандай ыкма менен болсо да оозубузду жабууга аракет кылганы ансайын күмөн ойлорго түртөт”, – деп жазылган билдирүүдө.

Бишкек шаардык прокуратурасы “Клооп” басылмасын жабуу боюнча сотко кайрылып, отурум 26-сентябрга белгиленген. Шаардын прокурору Эмилбек Абдыманаповдун сотко жолдогон кайрылуусунда “Клооп” басылмасы “азыркы бийликтин жүргүзгөн саясатын кескин сындап, мамлекеттик, муниципалдык ишканалардын өкүлдөрүнүн кадыр-баркын кетирүүнү көздөгөн терс мүнөздөгү маалыматтарды көп жарыялап жатканы” жазылган.

Медиа коомчулук прокурордун кайрылуусун басма сөз эркиндигине басым катары сыпаттаган. Бир катар эл аралык уюмдар кыргыз бийлигин эркин басылманын ишмердигин чектөбөөгө үндөдү.

Алты эл аралык уюм "Клоопту" куугунтуктоону токтотууга чакырышты

Алты эл аралык уюм кыргыз бийлигинин “Клооп Медиа” мекемесин жабуу аракети боюнча тынчсыздануусун билдиришти.

Алар Кыргызстандын бийлигин медианы жоюу тууралуу арызын артка кайтарып, көз карандысыз репортаждары жана иликтөөлөрү үчүн куугунтуктоону токтотууга чакырышты.

4-сентябрда жарык көргөн билдирүүгө кол койгон алты уюм Евробиримдикти жана Кыргызстандын башка эл аралык өнөктөштөрүн бул кайрылууну колдоп, Кыргызстанга сөз эркиндиги жаатында алган эл аралык милдеттенмелерин сактоону эскертип коюуга чакырышкан.

Кайрылууга кол койгон Freedom Now, Адам укуктары боюнча Хельсинки фонду, Адам укуктары үчүн эл аралык федерация, Норвегиядагы Хельсинки комитети, Адам укуктары үчүн эл аралык өнөктөштүк уюму, Кыйноолорго каршы дүйнөлүк уюм Кыргызстандын бийлигин жарандык коомго, журналисттерге, активисттерге жана укук коргоочуларга өз ишмердүүлүгүн коркпой-үркпөй жүргүзүүгө шарт түзүп берүүгө үндөдү.

Буга чейин эл аралык Журналисттерди коргоо комитети (CPJ), “Хьюман Райт Уотч” уюму (HRW) жана Кыргызстандын медиа коомчулугу да прокуратуранын Kloop Media басылмасын жабуу тууралуу арызын айыптап, кыргыз бийлигин сөз эркиндигин коргоого чакырган.

Бишкек шаардык прокуратурасы Бишкектин Октябрь райондук сотуна “Клооп” басылмасын жабуу боюнча арыз жазганы 28-августта белгилүү болгон. Шаардын прокурору Эмилбек Абдыманаповдун сотко жолдогон кайрылуусунда “Клооп” басылмасы “азыркы бийликтин жүргүзгөн саясатын кескин сындап, мамлекеттик, муниципалдык ишканалардын өкүлдөрүнүн кадыр-баркын кетирүүнү көздөгөн терс мүнөздөгү маалыматтарды көп жарыялары” жазылган.

Прокуратура басылманын мындай маалыматтары “эл арасында терс маанай жаратып, айрым аймактардан элди көчүп кетүүгө арагасыз кылып жатканын” жүйө келтирген.

Басылманын башкы редактору Анна Капушенко бийликтин мындай аракетине мурдатан даярданып келишкенин, артка чегинүү болбой турганын билдирген.

“Клооп” 2008-жылдан бери иштейт. Басылма бир катар чуулгандуу иликтөөлөрү үчүн эл аралык сыйлыктарга татыган.

CPJ уюму "Клоопко" басымды токтотууга чакырды

“Журналисттерди коргоо комитети” (The Committee to Protect Journalists – CPJ) эл аралык уюму Кыргызстанда “Клооп” басылмасынын сайтын бөгөттөө аракети көрүлүп жатканын белгилеп, 2-февралда атайын билдирүү таратты. Анда ал өлкө бийлигин мындай кадамга барбоого чакырды.

“Кыргызстандын бийлигинин өлкөдөгү эң абройлуу жаңылык агенттиктеринин бири болгон “Клоопту” цензуралоо аракети эч убакта кабыл алынбашы керек болгон “жалган маалымат” тууралуу мыйзам канчалык абсурд жана чектен чыккандык экенин дагы бир жолу айгинелеп турат. Бийлик “Клооптун” сайты бөгөттөлөт деген коркутуусун токтотуп, “жалган маалымат” жөнүндөгү мыйзамды жокко чыгарып, көз каранды эмес прессага каршы күчөп жаткан репрессияны токтотушу керек”, — деди баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан CPJ уюмунун Европа жана Борбор Азия боюнча координатору Гүлноза Саид.

Веб-сайты бөгөттөлүшү ыктымал экени тууралуу өкмөттөн эскертүү алганын “Клооп” (Kloop) басылмасы 1-февралда кабарлаган. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Байланыш тармагын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы басылмага Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигине (АРИС) байланыштуу макаланы веб-сайтынан өчүрүү талабы менен кат жолдогон. Расмий катта бул материалда “жалган маалымат” берилгени белгиленген.

“Kлооп” бул талапка макул эмес экенин жана макаланы сайтынан өчүрбөй турганын жазган.

Ушу тапта Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттык Медианы” да жабуу аракетин көрүп жатат. Министрлик буга “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун дагы бир кызматы – “Настоящее время” телеканалынын сайтына чыккан видео материал негиз болгонун айтууда. “Азаттык” бул материалда журналисттик стандарттар сакталганын жана мыйзамга каршы эч нерсе жок экендигин билдирүүдө.

Министрликтин кадамын бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар, коомдук ишмерлер, медиа серепчилер сындап жатышат.

Меню