Menu

Кош жарандуулук

УКМК: Президенттин Баткендеги ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппарат жетекчиси Россиянын жараны экени аныкталды

Мамлекет башчысынын бардык деңгээлдеги мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди кош жарандуулукка жана жасалма диплом колдонууга каршы текшерүү тапшырмасынын алкагында Кыргыз Республикасынын УКМК КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жетекчиси У.А.У. КР жана РФ кош жарандуулугу бар экендиги боюнча маалымат келип түшкөн.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында, У.А.У. 2021-жылдын 11-январында Россия Федерациясынын жарандыгынан чыгууга уруксат берилгендиги тууралуу Россия Федерациясынын Ош шаарындагы Башкы консулдугунун маалымкатынын көчүрмөсүн берүүгө аргасыз болгон.

Белгилей кетсек, 2018-жылдын апрель айында У.А.У. КР Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Коргоо жана укук тартиби башкармалыгынын кызматкери болуп турганда мамлекеттик сырды билүүгө уруксат берилген, ошол учурда У.А.У. өзүнүн жеке маалыматтарында Россия Федерациясынын жарандыгы бар экенин жашырган.

«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17 жана 18-беренелерине ылайык, мамлекеттик сырды билүүдөн баш тартуу жана токтотуу үчүн кош жарандуулуктун же башка жарандыктын болушу негиз болуп саналат, ушул жылдын 26-апрелинде УКМК тарабынан мамлекеттик сырды билүү мүмкүнчүлүгү У.А.У. чакыртып алынган, бул тууралуу кийин ээлеген кызматынан бошотуу үчүн Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнө билдирүү жөнөтүлгөн.

Ошону менен бирге, КР УКМК “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” КР мыйзамынын 15-беренесине ылайык башка мамлекеттин жарандыгы бар кызматчы мамлекеттик органдардагы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы кызматта боло албайт деп эскертет. Чет мамлекеттин жарандыгынын фактысын жашыруу анын андан аркы кызматын токтотуу үчүн негиз болуп саналат.

УКМК: Баардык мамлекеттик кызматкерлердин билими тууралуу жасалма дипломдору жана чет мамлекеттердин жарандыгы жок экендиги текшерилет

Акыркы жылдары мамлекеттик кызматкерлердин билими тууралуу жасалма дипломдор менен мамлекеттик кызматка өтүү фактылары көбөйгөнү байкалууда.

Мындай фактылар коомдо активдүү талкууга айланып, мамлекеттик кызматка көлөкө түшүрүп, мамлекеттик башкаруунун бүткүл системасын дискредитациялап, көп учурда айрым ведомстволордун да, жалпы мамлекеттик аппараттын да ишинин оң натыйжаларын терс жагынан көрсөтүп коюуда.

Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаров УКМКга бардык деңгээлдеги мамлекеттик кызматкерлердин арасында билими тууралуу жасалма диплом, күбөлүк жана сертификаттардын болушу жана колдонулушу боюнча масштабдуу текшерүү жүргүзүүнү тапшырды.

2022-жылдын 24-январында башталып, 3 айга созула турган бул текшерүүнүн алкагында, бардык мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин өздүк иштери жана билими бар экендиги тууралуу документтери текшерилет.

Пландалып жаткан текшерүү райондордун жана облустардын айыл аймактарынын башчыларын, министрликтердин жана ведомстволордун, алардын түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнүн деңгээлиндеги мамлекеттик органдардын кызматкерлерин жана жетекчилерин, Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүн, Президенттин Аппаратынын кызматкерлерин, жергиликтүү жана шаардык кеңештеринин депутаттарын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын, ошондой эле укук коргоо, көзөмөл жана сот органдарынын кызматкерлерин камтыйт.

Демилгеленген текшерүүнү эске алуу менен Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билими тууралуу жасалма документтери бар бардык мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди, бардык денгээлдеги депутаттарды ээлеген кызматын өз алдынча бошотуу маселесин кароого чакырат.

Эгерде мамлекеттик кызматка кирүү жана кызматтык тепкичке көтөрүлүү үчүн жасалма документтерди колдонуу боюнча тиешелүү фактылар аныктала турган болсо, колдонуудагы мыйзамдардын чегинде кылмыш-жаза жоопкерчилигине чейин тартуу каралат.

Бул текшерүү аяктагандан кийин Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети анын жыйынтыгы жана билими тууралуу жалган документтерди колдонуунун аныкталган фактылары жөнүндө коомчулукка маалымат берет.

Меню