Menu

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал

Баткендеги тажик баскынчыларынын кол салуусунан кийин 32 калктуу конуш (9609 үй) электр жарыксыз калган

Баткен облусунун Баткен жана Лейлек райондорунда 6-10 кВ аба чубалгыларынын 15 линиясы авариядан өчүрүлгөн. Бул тууралуу маалымат жыйында энергетика министринин милдетин аткаруучу Таалайбек Ибраев билдирди.

Анын айтымында 32 калктуу конуш (9609 үй) электр жарыгысыз калган, анын ичинен Баткен районунда 26, Лейлек районунда 6. Баткен электро тармагы ишканасы оңдоо иштерине 60 адам тартылган.

“Мындан тышкары республиканын башка областтарынын жана областтарынын энергетика ишканаларынын персоналынан 42 адам тартылган,” – деп билдирди Таалайбек Ибраев.

Бригадалар керектуу материалдар, куйуучу май, жабдуулар, запастык бөлүктөр жана транспорт менен жетиштуу өлчөмдө жабдылган.

Энергетика системасынын негизги жана стратегиялык объектилеринде эксплуатациялоочу-ремонттук жана инженердик персоналдын күзөтү күчөтүлдү. Жеринде түзүлгөн оор кырдаалдан улам оперативдүү топторго аскер күчтөрү тарабынан авариялык-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүгө уруксат бериле элек.

Келтирилген зыяндын көлөмү кийин аныкталат.

Акылбек Жапаров Баткен облусундагы куралдуу кагылышууда жаракат алган жарандардын абалынан кабар алды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы куралдуу кагылышууларда жаракат алган балдардын жана жарандардын абалынан кабар алды.

Акылбек Жапаровго Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда тийиштүү дарылануу жана психологиялык жардам алып жаткан 7 баланын абалы тууралуу маалымат берилди.

Андан соң Министрлер Кабинетинин башчысы Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Улуттук госпиталында дарыланып жаткан жарадар болгон жарандарга жана аскер кызматкерлерине барды. Учурда медициналык мекемеде 36 адам дарыланууда, жабыркагандардын абалы орто жана оор деп мүнөздөлөт.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы бардык жабырлануучулар тийиштүү дарылануу жана андан ары ден соолугун калыбына келтирүү менен камсыздалаарын баса белгиледи.

Акылбек Жапаров жабыркагандардын тез арада сакайып кетишин каалады.

Финансы министрлиги: Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатактан жапа чеккендерди колдоого кыргыз жарандары жана башка ыктыярчылар 3,5 млн сомдон ашык каражат чогултушту

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги маалымдайт.  2022-жылдын 17-сентябрында саат 15:30га карата Борбордук казыналыгы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы чыр-чатактын жүрүшүндө калкты колдоо максатында Кыргыз Республикасынын жарандарынан акча каражаттары алынганын билдирет. Учурда Кыргыз Республикасынын жарандары жана башка ыктыярчылар жиберген сумма 3 598 430,23 сом болду.

Белгилей кетсек, атайын эсеп Баткен облусунун калкын колдоо, ошондой эле абийирсиз жарандардын каржылык көз боемочулугуна бөгөт коюу максатында ачылган.

Эскерте кетсек, акча каражаттарын “кайрымдуулук” негизде жөнөтүү үчүн 4409021103005073 – “КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты” атайын эсеби ачылган.

Эсептин реквизиттери улуттук валютада (сомдо):

Бенефициар банк: Борбордук казыналык

БИК 440001 (банк аркылуу);

БИК 440902 (ВКП, МКП);

ИНН 01312199910086

Эсеп номери № 4409021103005073 «КРнын Баткен облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты»

Төлөм коду 14411100 – “Учурдагы жардам”

«Айыл Банк» ААКсында улуттук валютадагы (сомдогу) эсептин реквизиттери:

Алуучу: ЭФКР Борбордук Комитети

Бенефициар банк: «Айыл Банк» ААК ИНН 01803199710084

БИК 135001

Эсептин номери № 1352119929762602 “2021-жылдын апрель айында Баткен окуясында жабыркаган калкка жардам көрсөтүү үчүн ЭФФКБ Борбордук Комитетинин транзиттик эсеби. (сомдо).

Төлөм коду 14411100 – “Учурдагы жардам”

Чет өлкөлүк валютадагы мультивалюталык эсептин реквизиттери (юридикалык жактар үчүн)

(АКШ доллары, евро, орус рубли, казак теңгеси менен):

“РСК Банк” ААКдагы эсептин реквизиттери АКШ долларында (жеке адамдар үчүн).

Көк-Таш - Ак-Сай унаа жолунун 7 км аралыгындагы көпүрө минометтук аткылоодон жараксыз абалга келгендигине байланыштуу жабылды

Баткен облусундагы кырдаал тууралуу  КР Транспорт жана коммуникациялар министрлиги 17-сентябрдын саат 15:00гө карата маалымат таратты;

2022-жылдын 17-сентябрынын 15:00гө Баткен облусунун Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 211-220 км (Развилка Чоң-Талаа) жабык,

265 км (Кара айыл бөлугү) жабык,

272 км (Төрт-Көчө бөлугү) жана Баткен-Кара-Бак, Баткен-Кызыл-Бел, Көк-Таш-Ак-Сай унаа жолунун 7 км аралыгындагы көпүрө минометтук аткылоодон жараксыз абалга келгендигине байланыштуу унаа жолдору каттам үчүн жабылган!

Ошондой эле, Лейлек районунун Кайрагач-Кулунду-Арка унаа жолу жабык.

Эски багыттагы Ош-Баткен-Исфана жолунун 340-346 км аралыгы жабылган.

Ал эми Төрт-Көл-Достук (Кара-Бак айылы), Ак-Сай-Рават, Миң-Булак-Чорго-Ак-Сай, Көк-Таш-Ак-Терек эвакуациялык жолдор ачык, каттамдар бар.

ӨКМ: Тажикстан менен чектешкен Чоң-Алай районунун Жекенди айыл аймагынан 5034 адам эвакуацияланды

Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жекенди айыл аймагынан бүгүнкү күнгө чейин жалпы 5034 адам эвакуацияланган. Анын ичинен 92 адам убактылук жайгашуу пунктуна калган 4942 жаран жакындардыкына жайгаштырылды. Учурда тамак-аш жергиликтүү бийлик тарабынан берилүүдө.
Чон-Алай району боюнча эвакуациялоо иш-чараларына Жарандык коргонуу кызматтарынан, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынан жалпы 185 кызматкер, 12 техника жана ошондой эле жергиликтүү тургундардан 673 жаран, 149 техника тартылган.
ӨКМдин Ош облустук башкармалыгынан Чоң-Алай районуна матрац 80, жаздык 44, жууркан 500 даана башкармалык тарабынан бөлүнүп берилди.

КР Президенти Садыр Жапаровдун кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылуусу

КР Президенти Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы кырдаалга байланыштуу социалдык тармактагы баракчасы аркылуу кайрылуу жасады:

“Урматтуу мекендештер!
Кымбаттуу калайык-журт!
Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, тилекке каршы, Баткен жергебизде коогалаңдуу окуя – курал-жарак колдонулган жана кан төгүүлөргө алып келген чыр-чатак кайталанды.
Кыргыз-тажик чек ара аймактарында болуп өткөн бул-куралдуу чыр-чатакта мекендештерибиз курман болду.
Мен Мекенибиздин чегинде курман болгон мекендештерибиздин үй-бүлөсүнө, ата энелерине жана ага-туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтам.
Курман болгон бир туугандарыбыз бир чарчы метр жерди бербей, Мекен чегин көздүн карегиндей сактоо деген ыйык милдетти аткарып жатып курман болушту.
Жаткан жерлери жайлуу болсун, Жараткан бейишинен орун берсин! Алардын үй-бүлөлөрү ар тараптан камкордукка алынарына сөз берем.
Урматтуу агайын-туугандар, курман болгон ар бир жараныбыз – жалпы кыргызстандыктардын сыймыктуу уул-кыздары.
Ошондуктан, эл-журтубузга дагы кайрат айтаар элем. Куралдуу кагылыштарда, тилекке каршы, кырчындай өмүрлөр кыйылбай койбойт экен. Кечээги окуяларда биздин эр жүрөк чек арачыларыбыздын жааган октон жалтанбаган эрдигине, душман мизин кайтарган баатырдыгына чоң ыраазычылык билдирем.
Манас атабыздын каны айланган ар бир азаматыбыз үстөккө-босток атылып жаткан октон жалтанбай, чек арадан артка чегинип бербей, бекем туруп беришти.
Мына ушундай эр жигиттерибиз турганда Кыргызстандын аймактык бүтүндүгү бекем сакталат деп ишенем.
Бул куралдуу кагылышта жалаң эле биздин жарандарыбыз өлүмгө кирептер болгон жок. Ыкчам маалыматтарга ылайык, тажик тарап дагы оор жоготууларга учурады.
Урматтуу агайын-туугандар, өткөн тарыхка көз чаптырсак, чек ара маселеси жөнгө салынбай, жер талашкан учурлардын баары чыр-чатактар менен коштолуп, жоготуулар сөзсүз болгондугуна күбө болобуз.
Бирок, кандай болгон күндө дагы ата-бабаларыбыздан мурас болуп калган жерибиздин бир чарчы метр жерин да башкаларга бербейбиз.
Улуттук кызыкчылыгыбызды бекем коргойбуз!
Сиздерге белгилүү, Өзбекстан менен чек ара тилкерибиздин баары такталды, аларды кагазга түшүрүп, тариздөө маселелери гана калды.
Ал эми кыргыз-тажик чек арасын тактоо маселелери дагы деле күн тартибинде турат.
Тарых тастыктап келе жаткандай, чек ара маселеси өтө кылдаттыкты, сабырды талап кылган оор маселе.
Ошентсе да биз кыргыз-тажик чек арасын ыкчамдатып чечүүгө аракетибизди бир мүнөт дагы токтотпойбуз”.

Баткен облусуна гуманитардык жардамдарды чогултуу пункттарынын даректери

Баткен облусуна гуманитардык жардамдарды чогултуу пункттарынын даректери

Райондун жана шаарлардын аталышы  Чогултуу   пункттарынын даректери Жооптуу кызматкердин

ФАЖ 

Тел. номери
Бишкек шаары 
Бишкек шаары Кожомкул атындагы спорт сарайы Кутманов Алтынбек Аскарович 0773 703 003
Чүй облусу
Кемин району Кемин райондук  маданият үйүнүн имараты

Кемин шаары, Ленин көчөсү, 23

Курманалиева Айгуль Зарылбековна 0703 752 745
Чүй району Чүй райондук мамлекеттик администрациясы

Чүй айылы, Ибраимов көчөсү, 33

Базарбеков Улан Максатбекович 0500 480 490
Ысык-Ата району Ысык-Ата районудук маданият үйүнүн имараты

Кант шаары, К.Абдраимов көчөсү, 95

Джумалиев Алмасбек Джекшенбаевич 0550 588 569
Аламүдүн району Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясы

Лебединовка айылы, Ленин проспекти, 354А

Абдугулов Бактыбек Нурбекович 0556 790 179

0700 510 037

Сокулук району Сокулук райондук мамлекеттик администрациясы

Сокулук айылы, Фрунзе көчөсү, 116

Закирова Мээрим Бактыбековна 0557 557 060
Москва району Москва райондук мамлекеттик администрациясынын бет мандайы (борбордук аянт)

Белеводск айылы

Мамаджанова Мунара Мамаджановна 0553 160 250

0703 160 250

Жайыл району 1) Жайыл райондук мамлекеттик администрациясы

Кара-Балта шаары, Т.Кожомбердиев көчөсү, 102

2) Кара-Балта шаардык мэриясы, Кара-Балта шаары, Т.Кожомбердиев  көчөсү, 14

Дуйшенов Нурбек Искенович

Абдимиталипова

Кызжибек

Абдимиталиповна

0552 103 511

0550 600 046

Панфилов району Панфилов райондук мамлекеттик администрациясы

Кайынды шаары, Садовый көчөсү, 7

Колсариева

Кулуйпа Шаршенбековна

0551 312 483
Токмок шаары
  1. Токмок шаарынын балдар менен өспүрүмдөрдүн олимпиадалык резервдеги спорт мектебинин имараты

Токмок шаары, Сарыбагышев көчөсү, 84

2) Борбордук базарындагы  «Саквояж» соода борборунун имаратынын алдында

Токмок шаары

Осмон кызы Асель

Шаршекеев Токтосун Еркинбекович

0558 260 895

0555 433 443

Облустук пункттун дареги Аламүдүн районунун Лебединовка айылындагы № 1 Лебединовка мектеп-гимназиясы,

Аламүдүн району, Лебединовка айылы, Ленин проспект, 366

Жаамбаев Жолой Замирович 0706 323 443
Ош облусу
Кара-Кулжа району Кара-Кулжа райондук    өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн имараты (пожарный)

Кара-Кулжа айылы, Ч.Пазылов көчөсү, 40

Пазылов Нурлан

Абдырахманов

Бекмамат

Ташматова Батма

0222 611 117

0777 777 084

0776 612 373

0770 142 093

Араван району Араван районунун мамлекеттик администрациясы

Араван айылы, Ленин көчөсү, 1

Сатыбалдиев Т.А. 0555 649 616
Кара-Суу району Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясы

Кара-Суу шаары, Ж.Аматов көчөсү, 2

Абдураимова Элнура 0777 777 180
Ноокат шаары Мэриянын имараты Тиллаев Жолой Арапбаевич 0558 020 558
Өзгөн шаары Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнүн спортзалы

Өзгөн шаары, Ленин көч., 312

Сагынбаева Уулкан Сартбаевна 0555 600 238
Ош шаары 
Ош шаары Борбордук аянт Жунусбаев Сонунбек 0553 326 505
Жалал-Абад облусу
Аксы району Кербен шаарынын борбору Уметалиев көчөсү, 1 Стамбеков Алтынбек Жакшыбекович 0556 019 003

0222 830 084

Ала-Бука району Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын имараты

Ибраимов көчөсү, 37

Курманбаева Гулназ Эшенкуловна 0995 003 901

0995 003 908

Базар-Коргон району Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын  имаратынын алдындагы борбордук аянт

Б. Осмонов көчөсү, 170

Досов Эмил Исмаилович 0559 870 005

0773 611 034

 Ноокен району Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын имараты

Масы аыйылы, Турдумбетов көч., 37

Жармаматов Бегелы Жармаматович 0222 385 261
Сузак району Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын имараты

Сузак айылы, Сатыпалды Палван  көч, 108

Маматжанов Азамат Кабылбекович 0552 062 506
Тогуз-Торо району Райондук мад үйү

Казарман айылы, Жээналинев көч, 56

Карагулова Токтобүбү

Дүйшенбековна

Нургазиева Наргиза Аскатовна

0772 831 742

0702 210 888

Токтогул  району Токтогул шаары борбордук аянт А.Суөркулов көч, 1 Намазалиева Роза Мокушовна-жооптуу 0700 639 010
Чаткал району Чаткал РМАнын имараты Т. Айдаров көчөсү, 17 Асанбаев Рустам Асанбаевич-жооптуу 0997 014 151
Жалал-Абад шаары Жалал-Абад шаары

Эркиндик аянты

Шайбеков Кыяз Жанабекович 0770 000 586
Кара-Көл шаары Мэриянын имараты

Ленина көч, 1

Усонова Нурбү Арыкбаевна 0779 053 550
Майлуу-Суу шаары Борбордук мечит Ленина көчөсү Абдиганиев Нурахмед Арапбаевич 0556 899 089
Таш-Көмүр шаары Мэриянын имараты

Ш.Сыдыков көч., 24

Абдымомунов Талантбек Омуралиевич 0770 776 655
Нарын облусу 
Ат-Башы району Ат-Башы райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы

Ат-Башы айылы, М.Өмүракунов көчөсү, 133

А.Жанышов

Ж.Кермакунов

0502 555 675

0703 768 884

Ак-Талаа району райондук эмгек жана миграция башкармалыгынын имараты

Баетов айылы Т.Жолдубаев көчөсү 32

Э.Качкынбаев

А.Сейитказиев

0706 774 133

0708 896 381

Жумгал району райондук эмгек жана миграция башкармалыгынын имараты

Чаек айылы М.Алыбаев көчөсү, 39

Э.Тариель уулу

Э.Садыгалиев

А.Какенов

0705 957 894

0708 270 304

0707 451 541

Нарын шаары Т.Усубалиев атындагы аянт Нарын шаардык мэриясы

Нарын шаардык кеңеши

0500 535 430
Нарын шаары Нарын шаары ДЭУ-8 ишканасынын имараты Т.Кулешов

А.Орозказиева

0703 010 981

0701 600 655

Кочкор району Кочкор айылынын борбору Э.Тойтоев 0706 151 517
Каракол шаары Ч. Айтматов атындагы борбордук аянт Бапаев Чынгыз Арстанбекович 0700 531 414
 Тоң району Бөкөнбаев а. Тоң райондук мамлекеттик администрациянын имараты Мамбетов Болот Ѳмүрбекович 0701 360 651
Балыкчы шаары Ж. Абдрахманов көчөсү, 252

(мэриянын имараты)

Асаналиев Азис Асанкадырович 0706 980 002
Чолпон-Ата шаары Чолпон-Ата шаарынын мэриясынын имараты

Чолпон-Ата шаары, Совет кѳчѳсү, 75

Акматова Динара Асангуловна 0559 221 276
Жети-Өгүз району райондук мамлекеттик администрациясынын имараты

Кызыл-Суу айылы Манас

Көчөсү, 95

Дүйшембиев Адилет Керезбекович 0501 250 101
Ак-Суу району Теплоключенка айылы, Ленин көчөсү

«Тазалык» муниципалдык ишканасы

Дорбаев Максат Кудаваевич 0778 900 655
Түп району Түп айылы, Боронбай-Бий көч. 53, Маданият үйү Дуйшебаева Эрмекан Асанакуновна 0709 090 269

Бишкектеги Медиа-штаб Баткендеги тастыкталган маалыматтарды ыкчам берип, чет өлкө ЖМКларына англис, түрк, орус тилдеринде маалыматтарды таркатууда

Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасынынын тилкесиндеги кырдаалдын курчушуна байланыштуу Бишкекте Медиа-штаб иш алып барууда ( https://t.me/media_shab).

Штабдын башкы милдети күч органдарынын, тармактык министрликтердин жана ведомстволордун расмий өкүлдөрү тарабынан тастыкталган, окуя болгон жерден маалыматтарды ыкчам берүү болуп саналат.

Чындыкка дал келбеген маалыматтарды аныктоо жана аларды четке кагуу максатында  маалымат талаасына туруктуу негизде мониторинг жүргүзүлүүдө.

Мындан тышкары, КР Президентинин Администрациясынын Маалыматтык саясат кызматынын жетекчилигинде иштеп жаткан Штабдын милдетине жакынкы жана алыскы өлкөлөрдүн ЖМКларына англис, түрк жана орус тилдериндеги расмий маалыматтарды даярдап, таркатуу кирет.

Иштин бир бөлүгү социалдык түйүндөрдөгү платформаларга ыкчам маалымдоону колдоого багытталат.

Көрүлүп жаткан күч-аракеттердин негизги максаты өз убагындагы жана ишенимдүү маалымдоону камсыз кылуу, борбордук жана жергиликтүү аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, башка мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын алдындагы маалымат кызматтарды түзүү жана алардын ишин координациялоо болуп саналат.

Белгилүү болгондой, үстүбүздөгү жылдын 16-сентябрында Баткен облусунун кыргыз-тажик чек арасынын тилкесиндеги кырдаал чыңалган бойдон калууда.

Коңшу өлкөнүн аймагынан куралдуу топтордун массалык басып кирүүсүнүн натыйжасында курман болгондор жана жабыркагандар бар.

КР Чек ара кызматы: Тажик тарап Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Тешик-Таш, Карамык жана Кароол-Дөбө айылдарын миномет жана артиллерия менен аткылай баштады

КР УКМКнын Чек ара кызматынын маалымат жана байланыш башкармалыгы билдирүүсү боюнча, 2022-жылдын 17-сентябрында саат 11:30да КР УКМКнын Чек ара кызматынын бөлүмдөрү Республика Тажикстандын аскер кызматкерлеринин Достук айылына минометтук чабуулун басышты.

Андан кийин саат 12:30дан 12:35ке чейин тажик тарап Баткен районунун Төрт-Көчө аймагында Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин позицияларын жана бөлүктөрүн аткылашты.

Учурда атышуу токтотулду.

Окуя боюнча иликтөө иштери башталды.

Ок атышууну токтотуу келишимин бузуп, саат 12:37де тажик тарап Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Тешик-Таш, Карамык жана Кароол-Дөбө кыргыз чек арачыларынын айылдагы позицияларын миномет жана артиллериялык түзүлүштөр менен аткылай баштады. КР УКМКнын Чек ара кызматынын Ош облусуна жайгаштырылган бөлүктөрү жооп иретинде ок атышты.

Бирок окуяны басаңдатуу үчүн Кыргызстандын аскер кызматкерлери биринчилерден болуп ок атууну бир тараптуу токтотушкан.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрү күтүлүүдө.

Куралдуу кагылыш болгон жерден эвакуацияланган Баткен облусунун тургундарын Бишкектеги бир нече мейманканаларга жайгаштырууга мүмкүн

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы куралдуу кагылыш болгон жерден эвакуацияланган жана Бишкек шаарында жүргөн Баткен облусунун тургундары борбордогу бир нече мейманканаларга убактылуу жайгаша алышат.

– “Достук” мейманканасы, Бишкек ш., Фрунзе көч., 429 «б» дарегинде жайгашкан, 10 жаранды кабыл алууга даяр. Кошумча орундар даярдалууда (байланыш телефону: 0500 61 18 06, Рустам).

– «Семетей» мейманканасы, Бишкек ш., Токтогул көч., 125, 20га чейин жаранды кабыл алууга даяр (байланыш телефону: 0555 65 22 22, Чыңгыз).

– «Ата-Түрк Ала-Тоо» мейманканасы, Бишкек ш., Исакеев көч. 2а/2, 15ке чейин жаранды кабыл алууга даяр (байланыш телефону: 0507 77 77 24, Өмүрбек).

Меню