Menu

майнинг-ферма

Казак министри Кыргызстандагы майнинг-ферма тууралуу комментарий берди

Казакстандын энергетика министри Алмасадам Саткалиев RFE/RL радиосунун казак кызматына Кыргызстандагы майнинг компанияга электр энергиясы сатылган-сатылбаганы боюнча комментарий берди.

Саткалиев кыска видео интервьюда Казакстанда электр энергияны экспортоо-импорттоону бирдиктүү сатып алуучу – министрликке караштуу компания ишке ашырарын белгилеп, учурда тиешелүү сааттарда, тагыраагы, түнкүсүн токту сыртка сатууга мүмкүнчүлүк бар экенин билдирди.

Ал Борбор Азиянын энергоалкагы аркылуу Казакстан башка өлкөлөргө электр энергиясын кээде сатып, кээде алып жатканын кошумчалап, анын ичинде Кыргызстан менен да алып-сатуу ыктымалдыгын айтты. Ошол эле маалда министр кыргыз жергесинде жайгашкан майнинг компания менен түзүлүүчү келишимден кабары жоктугун тактады.

“Бул боюнча канча көлөм болот, кандай болот, деталдуу маалыматты тактоо үчүн мага убакыт керек. Башкача айтканда, биздин бирдиктүү сатып алуучу компания менен сыртка чыгара ала турган электр энергиясынын көлөмүн эми гана аныктадык. Менин билишимче, азырынча конкреттүү келишимдер жок. Бирок жалпысынан мындай мүмкүнчүлүк бар экенин ырастайм жана энергетикалык ишканалардын деңгээлинде сүйлөшүү жүрүп жатышы мүмкүндүгүн айтып койгум келет”, – деди Саткалиев.

Казакстандын энергетика министри өндүрүлүп жана экспорттолуп жаткан электр энергиясы боюнча сандарды атоодон карманып, бул сан ай сайын өзгөрүп турарын айткан.

Июлдун аягында “Азаттык” “Энергокризис: Кеминдеги майнинг ферма кимдики?” деген иликтөө жарыялаган. Анда фермага ээлик кылган “Соларкоин” Кыргызстандын энергетика системасынын 30 МВт электр кубатын ала турганы, бул айрым райондордун бүтүндөй же теңинин керектөөсүнө тете экендигин тактаган. Бул жагдай Кыргызстандын энергетика системасында өзгөчө кырдаал жарыяланган маалда ишке ашып жатканы коомчулукта кызуу талаш-тартыштарга жем таштаган.

Иликтөөгө президент Садыр Жапаров жооп берип,“жаз-жай мезгилинде өлкөдө электр энергиясы жетиштүү экенин, ал тургай ашып жатканын” айткан. Ал ошол себептүү мамлекет майнинг фермага электр жарыгын эң кымбат баа менен 1 кВт/с 5 сом 4 тыйындан сатып жатканын кошумчалаган.

Мунун артынан энергетика министри Таалайбек Ибраев журналисттерге маек куруп, Кыргызстанда криптовалюта чыгара турган эки гана майнинг компания – Кеминдеги “Соларкоин” жана “Камбар-Ата-2” ГЭСиндеги “МБТ Строй” компаниялары менен келишим түзүлгөнүн тактаган. Ошол эле маалда ал кеп болгон иликтөө чыккандан кийин “Соларкоин” компаниясы электрди Казакстандан алууну чечкенин билдирген. Ибраевдин айтымында, майнинг компания токту коңшу өлкөдөн 1-августтан тартып ала баштамак. “Кыргызстандын энергетика тармагы мурдагы 5 сом 4 тыйындын ордуна транзит үчүн 23 тыйындан гана каражат алат” деген өз интервьюсунда энергетика министри.

Интернетте гана жүгүртүлгөн санариптик акча – криптовалюны өндүрүү, кадимки кендерди казып алуу сыяктуу эле майнинг деп аталат. Аны жүргүзгөн ишкерлер “майнерлер”, ишканалар “майнинг-ферма” деген атка конгон. Майнинг кылуу үчүн мындай фермаларга үзгүлтүксүз түрдө жана көп көлөмдө электр энергиясы керектелет.

УКМК: Майнинг-ферманын мыйзамсыз иш-аракеттерине бөгөт коюлду

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан энергетика тармагындагы коррупцияны жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында, жана ошондой эле республикада электр энергиянын олуттуу жетишсиздигин эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын электр тармактарына ири зыян келтирген майнинг-ферманын (криптовалюта үчүн өндүрүшүндөгү) мыйзамсыз иш-аракеттери аныкталып жана ага бөгөт коюлду.

Нарын шаарынын аймагында ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө, сотко чейинки өндүрүштүк материалдардын негизинде, Кыргыз Республикасынын жараны “Б.Т.Б.” 118 даана өлчөмүндө майнинг-ферманы жеке үйгө орнотуп мыйзамсыз пайда алып жүргөнү аныкталды.

“Б.Т.Б.” өзүнүн мыйзамсыз иш-аракеттерин жашыруу максатында, “майнинг-фермасынын” жайгашкан жерин, ошондой эле ал жердин үн изоляциясын жана желдетилишин жашыруу боюнча максаттуу иш-чараларды уюштурган.

Азыркы учурда КР УКМК тарабынан мыйзамсыз иштерге катыштыгы бар адамдардын бардыгын аныктоо иштери улантылууда.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

УКМК: Ош облусунда майнинг-ферманын мыйзамсыз ишине бөгөт коюлду

Кыргыз Республикасынын УКМК энергетика тармагындагы коррупцияны жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, ошондой эле республикада электр энергиясынын жетишсиздигин эске алып, Ош областынан Кыргыз Республикасынын электр тармактарына ири зыян келтирген майнинг-ферманын (криптовалют өндүрүшүнүн) мыйзамсыз иштери аныкталып жана ага бөгөт коюлду.

Ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кара-Суу районунун Кожокелен айылынан майнинг-ферманын ишмердүүлүгү аныкталды.

Бул аталган факт Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 3-бөлүмү боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине сотко чейинки өндүрүшкө катталды. Кылмыш иштин алкагында майнинга иштерин уюштуруу үчүн 650гө жакын жабдуулар табылып алынды.

Азыркы учурда КР УКМК тарабынан мыйзамсыз иш-аракеттерге тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча иш-чаралар улантылууда.

Тергөө иштери жүрүп жатат.

Меню