Menu

Москвадагы кыргыз-тажик мушташы

Москвадагы калайман мушташтын алты катышуучусу 15 суткага камалды

Москва соту “Кузьминки” метро станциясынын жанындагы калайман мушташтын алты катышуучусун 15 суткага административдик камакка алуу тууралуу чечим чыгарды. Бул тууралуу ТАСС агенттиги кабарлады.

Маалыматка караганда, соттолгондор ““Жыйындарды, митингдерди жана демонстрацияларды өткөрүү эрежелерин бузуу” беренеси боюнча күнөөлүү деп табылышты.

Түрдүү маалыматтар боюнча Борбор Азия өлкөлөрүнөн барган 50дөн 200гө чейин мигрант катышкан 11-июлдагы мушташтан кийин полиция жүздөн ашык кишини кармаган. Бычактан жаракат алган бир нече адам ооруканага жеткирилген.

Кармалгандарга “Уруксат берилбеген митингге катышуудан” тышкары “Орусияда жүрүү эрежелерин бузуу” жана “Майда бейбаштык” беренелери боюнча да айыптар тагылган. Мушташтын айрым катышуучулары Орусиядан чыгарылып, өлкөгө кайра кирүүгө тыюу салынышы мүмкүн.

Москвада кыргыз-тажик жарандарынын массалык мушташы боюнча кылмыш иши козголду

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Орусиядагы өкүлү Нурлан Жанбаевдин билдиришинче, Москвада кыргыз-тажик жарандарынын калайман мушташынан улам “бейбаштык” беренеси менен иш козголду.

Полиция 103 адамды кармады жана алардын 70тен ашыгы Кыргызстандын жарандары. Аларга каршы үч тажик жараны полицияга арыз жазган.

Буга чейин Жанбаев эки өлкөнүн жарандары өз ара араздашканын, бирок калайман мушташка айланып кетпеши үчүн полиция чара көргөнүн билдирген. Анын айтымында, жума күнкү мушташта Кыргызстандын жараны бычак жеген, абалы жакшы.

Орус медиасы 11-июлдагы калайман мушташта Кыргызстандын эки жараны бычакталганын жазган. Буга байланыштуу топтолгон кыргызстандыктар менен тажикстандыктарды полиция кууп таркатканын, жыйынтыгында 100дөй киши кармалганын билдирген.

Социалдык тармактарда адамдарды кармоо учуру тартылган видеолор тарады. Андан тышкары тажиктерден бычак жеген кыргызстандыктын сүрөтү тарап жатат.

 

 

Меню