Menu

Опузалоо

ИИМ: Жылаңач сүрөттөрүңдү жарыялайм деп коркутуп, аял кишиден 200.000 сом өндүрүп алган жаран кармалды

Үстүбүздөгү жылдын 17-сентябрь күнү милицияга арыз менен Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун жашоочусу (аял киши) кайрылган. Ал арызында акча каражатын опузалап талап кылып жаткан жаранга карата тиешелүү чараларды көрүп берүүнү суранган.
Шектүү жаран “интимдик мүнөздөгү сүрөттөрдү интернетке чыгарам” деп коркутуу менен тынымсыз түрдө 50 миң сом өлчөмүндө акча каражатын опузалап талап кылып келген. Буга чейин ал 2021-жылдан бери шантаж жолу менен арыздануучудан 200 миң сом алган.
Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 2-бөлүмү (Опузалап талап кылуу) менен кылмыш иши козголгон.
Жогорудагы факты боюнча ыкчам-тергөө иш-чараларын ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча 3-башкармалыгынын кызматкерлери жүргүзгөн.
2023-жылдын 19-сентябрь күнү Базар-Коргон районунун аймагынан жабырлануучудан 25 миң сом акча каражатын накталай алып кетип бара жаткан жеринен шектүү кармалган. Кармалган учурда шектүү өзүнүн “Хонда-Фит” үлгүсүндөгү унаасы менен кетип жаткан.
Кармалган жарандын өздүгү такталып, ал Жалал-Абад облусунун 1987-жылы туулган М.У. болуп чыккан. Бул кармалган жаран Жалал-Абад ШИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Иликтөө иштери жүрүп жатат.

ИИМ: Абакта "статусу" жогору кылмышкерлер жаңы камалган жаранды коркутуп-үркүтүп, 30 миң сом алуу фактысы боюнча кармалышты

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 3-башкармалыгы, Жазаларды аткаруу кызматынын Ыкчам режим башкы башкармалагы менен бирдикте эркиндигинен ажыратуу жайларында акча каражаттарын талап кылуу менен байланышкан кылмыш фактылары боюнча ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүштү.
Эркиндигинен ажыратуу жайларында кылмыштуулукту алдын алуу – түзөтүү мекемелериндеги соттолгондордун мыйзамсыз аракеттерин пайда кылуучу криминогендик факторлорду зыянсыздандырууга түздөн-түз багытталган иш.
Кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана алдын алуу жаатында  ИИМдин КИББнын 3-башкармалыгы Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматы менен активдүү кызматташат.
Жакында соттолгондордун жазасын өтөп жаткан учурда жасаган кылмыш иштерин иликтөөгө байланыштуу биргелешкен ыкчам-тергөө иш-чаралары уюштурулуп, пара талап кылышкандыгы боюнча кармоо иштери жүргүзүлдү.
ИИМдин КИББнын ыкчам кызматкерлери жана ЖАКтын кызматкерлери тарабынан түзөтүү мекемесинин биринде акча талап кылуу боюнча мыйзамсыз аракеттерге бөгөт коюлду.
Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 2-бөлүгү (Опузалап талап кылуу) менен кылмыш иши козголуп, Жазаларды аткаруу кызматынын Тергөө башкармалыгы тарабынан тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Маалыматка ылайык, түзөтүү мекемелеринин биринде соттолгон жана жаза мөөнөтүн өтөп жаткан адамдар коркутуп-үркүтүү жолу менен башка соттолгон жарандан 30 000 сом өлчөмүндө акча талап кылышкан.
Кылмыш иштин негизинде, Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун чечими менен атайын тергөө амалдарын жүргүзүүгө уруксат алынып, ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө пара талап кылууга шектелген адамдардын өздүгү такталып, алар мурда каракчылык үчүн соттолгон жана жазасын өтөп жаткан Нарын облусунун тургуну 1996-жылы туулган Н.К.  жана зордуктоо боюнча жазасын өтөп жаткан Жалал-Абад облусунун тургуну  1993-жылы туулган М.Э. экендиги аныкталган. Экөөнүн тең кылмыш чөйрөсүндө статусу жогору.
Үстүбүздөгү жылдын февраль айынын ортосунда соттолгон жаран опузалоочуларга 15 миң сом өлчөмүндө акча которгон. Калган 15 миң сом акчаны опузалап акча талап кылгандар накталай алышкан.
Ал эми, жаза мөөнөтүн өтөп жаткан талап-тоноочулар акчаны алуу үчүн өздөрүнүн жакындарын, тааныштарын жөнөтүп турушкан. Опузалап алынган акча каражаттарын которуунун бардык фактылары документтештирилип ишке тиркелген.
2022-жылдын 4-мартында кийинки уюштурулган ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Кыргыз Республикасынын ИИМдин КИББнын 3-башкармалыгынын кызматкерлери Жазаларды аткаруу кызматынын кызматкерлери менен биргеликте кичи райондордун биринде, Бишкек шаарынын 2 жаранын 15 000 сом өлчөмүндөгү акча каражатын алып жаткан жеринен кармашкан.
Кармалгандар, 2000-жылы туулган жарандар, алардын жанынан мурда акча которулган банк картасы табылган, алар экөө тең мурда опузалап акча талап кылууга шектелип камакта жаткан адамдардын тааныштары жана жакындары болушат.
Сүрөттөрдө эркиндигинен ажыратуу жайында жазасын өтөп жаткан адамдар Н.К. менен М.Э.

Ош шаарынын жашоочусунан 20 миӊ АКШ долларын опузалап талап кылган жаран кармалды

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан Ош шаарынын 36 жаштагы жашоочусунан ири суммадагы акчаны опузалап талап кылып жаткан  жаран кармалды.
Кылмышка шектүү Ош шаарынын тургуну 1987-жылы туулган Ш.М. адам өлтүрүү үчүн мурда соттолгондугу аныкталган.
Ош шаардык ички иштер башкармалыгына 2022-жылдын 1-март күнү Ош шаарынын 36 жаштагы тургуну арыз менен кайрылып, аны «М» аттуу жаран өмүрүнө, жакындарына коркунуч келтирип, 20 миӊ АКШ доллар өлчөмүндөгү акча каражатын  бир нече күндөн бери «WhatsApp»  мессенджери  аркылуу опузалап талап кылып жаткандыгын билдирген.  Арыз Ош шаардык ички иштер башкармалыгына катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 208-беренесинин (Опузалап талап кылуу) белгилери менен кылмыш иши козголгон.
2-март күнү  саат 17.00 чамасында Ош шаарындагы кафелердин биринде аталган сумманын бир бөлүгүн  алып жаткан учурда Ош ШИИБнын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмчөсүнүн жана атайын операциялар отрядынын кызматкерлери тарабынан кармалды.
Шектүү Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тиешелүү иликтөө иштери жүрүп жатат.

Түрмөдө жатып алып, ишкерлерди опузалап, "салык" салган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Криминалдык милиция кызматы кылмыштуулук менен күрөшүүгө, мыйзамсыз аракеттерге бөгөт коюуга багытталган ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө уюшкан кылмыштуу топтордун бири опузалап талап кылган фактыны аныкташты.

ИИМдин КМКнын 3-башкармалыгынын маалыматы боюнча ИИМдин ыкчам каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары турган жана эркинен ажыратылган жерлерде жазасын өтөп жаткандар узак убакыт боюу ишкерлик чөйрөсүндө алектенгендерден ири суммадагы акча каражатын опузалап талап кылышкан.

2020-жылдын күз айында белгисиз адамдар товарларды ташуу жана жеткирүү менен алектенген ишкерге чалышып, коркутуу жолу менен акча каражатын талап кылышканы аныкталган.

Бир аз убакыт өткөндөн кийин  ишкерге криминалдык чөйрөнүн өкүлү катары өзүн тааныштырган адам келип, акча каражатын жана толук товарын тартып алган. Ишкерге жалпы суммасы 420 миң сомдук материалдык чыгым келтирилген.

Бул факты КЖБРге катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 203-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту (Опузалап талап кылуу) менен сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлө баштаган.

Жакында ИИМдин КМКнын 3-башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүүлөрдүн бири   Ысык-Ата районунда жашаган 1989-жылы туулган С.Б. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ал мурда Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин (эски кодекс) 97-беренесинин негизинде соттолгон жана ИИМдин ыкчам каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары турат. Жаран С.Б. Талас облусунан кармалган.

ИИМдин КМКнын 3-башкармалыгынын маалыматы боюнча кылмышкерлер ишкерлерден кирешелеринин бир бөлүгүн дайыма берип турушун талап кылышкан.

Азыркы учурда Чүй облусунун райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн биринин тергөө кызматы жүргүзүүдө.

Меню