Menu

Орозайым Нарматова

Орозайым Нарматова абакта калтырылды

Бишкек шаардык соту бүгүн 16-ноябрда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, активист Орозайым Нарматованын бөгөт чарасын өзгөртүү тууралуу өтүнүчтү карап, канааттандырган жок.

Ошентип, шаардык сот Биринчи Май райондук сотунун Нарматованы эки айга камоо тууралуу чечимин күчүндө калтырды.

Судья соттук отурумду видеого жана сүрөткө тартууга да тыюу салды. Буга Нарматованын жактоочусу каршылыгын айтып, судьяларга ишенбөөчүлүк көрсөткөн, бирок сот адвокаттын мындай өтүнүчүн четке каккан чечимин жарыялады.

Нарматова Кемпир-Абад ишине байланыштуу “жапырт башаламандык уюштурууга даярданды” деген шек менен Москвада кармалып, 27-октябрда Бишкекке алынып келинген.

Биринчи май райондук соту Нарматованы жана аны менен чогуу ушундай эле шек менен Москвадан алынып келинген активист Илгиз Шаменовду эки айга Бишкектин №1 тергөө абагына (СИЗО-1) камаган.

Шаменовдун бөгөт чарасы шаардык сотто кайсы күнү каралары азырынча айтыла элек.

23-24-октябрда Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер, жалпысынан 26 адам жапырт кармалган.

Ички иштер министрлиги алар Жазык кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга даярдык” беренесинин негизинде кармалганын билдирген.

Кылмыш ишин козгоого алардын Бишкектеги кафелердин биринде Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча 22-октябрда өткөргөн жыйыны негиз болгону айтылган.

Милиция кармалгандар жапырт башаламандык уюштурууга аракет кылганын, айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирүүдө, ал эми камалгандар күнөөсү жок экенин айтып, мунун баарын саясий куугунтук деп атап жатышат.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычы Өзбекстанга негизсиз өтүп кетиши ыктымал деген кооптонуусун айрым саясатчылар жана активисттер бул маселе парламенттик комитетте жабык каралганда ачык айта башташкан. Президент Садыр Жапаров кыргыз-өзбек чек арасындагы талаш жерлердин дээрлик 99% Кыргызстанга өткөнүн билдирген.

Кемпир-Абадга байланыштуу мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин тийиштүү комитетинде 16-ноябрда колдоо тапты. Каршылыгын билдирген беш депутат добуш берүүгө катышкан жок.

Москвада Орозайым Нарматова кармалганы кабарланды

Москвада “Бүтүн Кыргызстан” партиясынан Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Орозайым Нарматова кармалды. Бул тууралуу журналисттерге анын жакындары билдиришти.

Азырынча Нарматованын кармалышы боюнча Кыргызстандын укук коргоо органдары комментарий бере элек. Анын кайсы иш боюнча жана эмне себептен кармалганы жөнүндө так маалымат жок.

Орозайым Нарматова “Кемпир-Абадды коргоо” комитетинин мүчөсү. Буга чейин бул комитеттин бир канча мүчөсү жана активисттер менен саясатчылар кармалып, аларга жапырт башаламандык уюштурууга даярдык көрүү айыбы тагылган.

27-октябрда “Кемпир-Абадды коргоо” комитетинин мүчөсү жана уюштуруучусу Мамбетжунус Абылов милицияга сурак бергенден кийин 48 саатка убактылуу кармоочу жайга камалганы белгилүү болгон.

26-октябрда Абыловдун үйү тинтүүгө алынып, эртеси Ички иштер министрлигине суракка чакырылган.

Мурдагы элчи жана экс-министр Мамбетжунус Абылов 25-октябрда маалымат жыйынын өткөрүп, “Кемпир-Абадды коргоо” комитетинин бийликти алмаштыруу ниети болбогонун айткан. Бишкекте 22-октябрда өткөн жыйында Кемпир-Абад боюнча Өзгөндө өткөн курултайдын чечими талкууланганын белгилеген.

23-октябрда Бишкекте жыйырмадан ашуун оппозициялык саясатчы менен активисттердин үй-жайында тинтүү жүргүзүлүп, кийин соттун чечими менен дээрлик баары эки айга камалган. Алардын арасында активист Атай Бейшембек комитетке мүчө эмес экенин жана алардын жыйынына катышпаганын сотто билдирген. Камалгандардын көбү акыркы күндөрү “Кемпир-Абад суу сактагычынын жеринин Өзбекстанга берилишине каршы” болушкан.

ИИМ аларга Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүлүп жатканын маалымдаган.

УКМК: "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын депутаттыкка 3 талапкери жасалма документтер менен диплом алышкандыгы аныкталды

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети бардык деӊгээлдеги мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлердин жогорку билими тууралуу дипломунун аныктыгын текшерүү ишин улантууда. Анын жыйынтыгында ар бир аныкталган фактылар боюнча мыйзамдарга ылайык тийиштүү процессуалдык чечим кабыл алынат.

Ошондой эле айрым жарандык активисттер менен Жогорку Кеӊештин депутаттарынын, алардын катарында А.Мадумаровдун, улуттук коопсуздук органдарынын бул ишине терс маани берүү аракети байкалууда.

Топтолгон материалдарды алдын ала талдоо көрсөткөндөй, бул маселе боюнча бузуулар төмөнкү топторго бөлүнөт:

  1. Мамлекеттик билим берүү стандартынын талаптарын аткарбоого (жогорку окуу жайы менен байланыштын жоктугу, чет өлкөдө жүрүү, зачёт, сынактарга барбоо ж.б.) байланыштуу билим берүү мыйзамдарын бузуп, жогорку билим жөнүндө диплом алган адамдар. Мисал катары “Бүтүн Кыргызстан” партиясынан Жогорку Кеӊештин мурунку депутаты О. Нарматованын ал Жалал-Абад мамлекеттик университетиндеги сынак сессиясы учурунда чет өлкөдө узак убакыт жүргөн окуяны келтирсек болот.
  2. Жогорку окуу жайга баштапкы билими жөнүндө жасалма документ (орто билими жөнүндө аттестат, академиялык маалым кат ж.б.) тапшырган адамдар. Мисал катары “Бүтүн Кыргызстан” партиясынан Жогорку Кеӊештин депутаттыгына талапкер Кыянбек Сатыбалдиевдин айланасындагы абалды келтирсе болот. Ал жасалма документтердин негизинде Жалал-Абад экономика жана ишкердик университетине тапшыргандыгы текшерүүлүдө.
  3. Ишке орношуу үчүн, ошондой эле тездетилген программа боюнча экинчи жогорку билим алуу максатында жогорку билим жөнүндө жасалма диплом колдонгон адамдар. “Бүтүн Кыргызстан” партиясынан Жогорку Кеӊештин депутаттыгына талапкер Жолдошбек Осмонбекович Токсобаев жасалма дипломун колдонуу фактысын атаса болот.

Билими жөнүндө жасалма документтерди даярдаганга катыштыгы бар тийиштүү окуу жайлардын кызматкерлерине мыйзамдарга ылайык юридикалык баа берилет.

Ушуга байланыштуу текшерүүлөрдү жүргүзүүдө тандоо ыкмасы жөнүндө айтылган сөздөр чындыкка дал келбейт жана улуттук коопсуздук органдарынын иш-аракеттеринин айланасында терс көрүнүч түзүү аракеттерин жана мындай материалдарга саясий коннотация берүү, соттолуучуларды жоопкерчиликтен четтетүү каалоолорун көрсөтөт.

УКМК өлкөдө коомчулук жасалма диплом ээлеринин, жумшак айтканда, «иш-аракетинин кейиштүү кесепеттерине» калыс ой-пикирдеги баа бере алат деп ишенебиз, алардын пикирлери, чыныгы компетентсиздигинен жана алган билиминин жетишсиздигинен улам өлкөнүн коомуна коркунуч туудурат.

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети дипломдорду текшерүүгө байланыштуу кандайдыр бир комментарий берүүдөн, текшерүү аяктап жыйынтыгын расмий түрдө жарыялаганга чейин карманууну суранат.

УКМК: КР ЖК депутаты Орозайым Нарматованы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин 3-курсуна мыйзамсыз кабыл алуу фактысы боюнча кылмыш иши козголду

Коомчулукта жана социалдык тармактарда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Орозайым Нарматованын суракка чакырылганы кызуу талкууланып жатканына байланыштуу, УКМК анын чакырылуу себептерин коомчулукка төмөндөгүчө маалымдайт.

Улуттук коопсуздук органдарына Өлкөнүн Жогорку Кеңешине шайлоо учурунда, О.Нарматованы 2013-жылы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин (ЖАМУ) 3-курсуна орто кесиптик билими жөнүндө дипломдун негизинде мыйзамсыз кабыл алуу фактысы боюнча маалымат келип түшкөн.

Текшерүүнүн жүрүшүндө О.Нарматовага ЖАМУга тапшыруу үчүн жасалма диплом берүү ыктымалдыгы тууралуу да маалымат келип түшкөн.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөөнүн жүрүшүндө ЖАМУдагы О.Нарматованын өздүк делосунда орто кесиптик билими бар экендигин тастыктаган документтери жок экендиги аныкталган, бул анын окууга кабыл алынуусунун жана жогорку билими жөнүндө дипломду алуусу мыйзамсыз экендигин күбөлөндүрөт.

Мындан тышкары, тергөө учурунда ЖАМУда жеке сессияларды жана тиешелүү экзамендерди тапшыруу учурунда О.Нарматова өлкөдө жок болуп, Россия Федерациясында болгону аныкталды.

Демек, О.Нарматова Москва шаарында жүргөндө экзамендерди тапшыра алмак эмес, бул дагы ЖАМУнун жооптуу адамдары тарабынан жогорку билими жөнүндө диплом берүү мыйзамсыз экендигинен кабар берет.

Ошол себептен О.Нарматова жогоруда аталган кылмыш иши боюнча тиешелүү көрсөтмөлөрдү берүү үчүн күбө катары суракка чакырылып, анын жыйынтыгында ЖАМУга окууга кабыл алуу жана жогорку билими жөнүндө диплом берүү фактыларына юридикалык баа берилмекчи.

ИИМ: Орозайым Нарматова ИИМдин Тергөө кызматына тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн жеткирилди

Укук коргоо органдары тарабынан интернет тармагында укукка каршы аракеттерди аныктоо, эскертүү жана бөгөт коюу  боюнча мониторинг жүргүзүүнүн жана талдоонун натыйжасында Кыргыз Республикасындагы коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштырууга, өлкөнүн калкынын кеңири катмарынын арасында терс эмоцияларды жаратууга, жарандарды мыйзамсыз жана зомбулук көрсөткөн аракеттерге чакырууга багытталган фактылар аныкталган.

Ал эми О.Нарматованын билдирүүлөрү өлкөдөгү кырдаалды туруксуздаштырууга үгүттөгөн чакырыктар, эмгек мигранттарынын, Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган жарандардын дагы арасында нааразылыктарды  козгогон белгилер бар болгон.    Топтолгон материалдар КЖБРге Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 313-беренесинин 1-бөлүгүндө (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу) көрсөтүлгөн кылмыш белгилеринин негизинде катталып,   сотко чейинки өндүрүш башталды.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматынын тапшырмасы менен   2021-жылдын 10-сентябрында О.Нарматова Ош шаарынын аэропортунда кармалган.  Учурда ал  ИИМдин Тергөө кызматына жеткирилип, тергөө амалдары жүрүүдө.

Адвокат: Орозайым Нарматова "бийликти басып алууга чакырык" жасаган деп шектелип жатат

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөсү, активист Орозайым Нарматова бийликти күч менен басып алууга чакырык жасаган деп күнөөлөнүп жатат. Бул тууралуу анын адвокаты Сейитбек Довлотов билдирди.

“Нарматова менен телефондон сүйлөшкөнгө үлгүрүп калдым. Ал “Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырык таштаган” деген күнөөнү коюп жатат” деди. Ош облустук ички иштер башкармалыгынын тергөөчүлөрүнөн сурасам тапшырма Бишкектен келген экен. Кечээ Бишкектин Биринчи май райондук соту Орозайымдын жанындагы буюмдарды алып текшерүү тууралуу токтом кабыл алыптыр”, – деди Довлотов.

Активист Орозайым Нарматованы 10-сентябрда таңга маал Ош аэропортунан укук коргоо органдарынын кызматкерлери кармап кеткенин “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын Ош облусундагы өкүлү Замир Шамшидин уулу “Азаттыкка” кабарлаган. Ал Нарматованы соттун чечими менен Бишкекке автоунаа менен алып кетишкенин айткан.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) анын кармалышы боюнча маалымат такталып жатканын билдирди.

Орозайым Нарматова Орусияда иштеген эмгек мигранты. 2020-жылы өткөн парламенттик шайлоодо “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын алдыңкы ондук тизмесине кирип, шайлоого катышкан.

Бир кезде президент Садыр Жапаровдун активдүү колдоочусу болгон. Жапаров октябрь окуяларында бийликке келгенден кийин анын саясатын кескин сындай баштаган. Ал бир канча күн мурун Кыргызстанга жакын тууганын жерге берүү үчүн келип, кайра Орусияга кетүү үчүн Ош аэропортуна барган.

ИИМ: Орозайым Нарматова региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу кылмышына шектелип кармалды

Кыргыз Республикасындагы коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштырууга, өлкөнүн калкынын кеңири катмарынын арасында терс эмоцияларды жаратууга, жарандарды мыйзамсыз жана зомбулук көрсөткөн аракеттерге чакырууга багытталган укукка каршы аракеттерди аныктоо, бөгөт коюу жана алдын алуу боюнча интернет тармагына мониторинг жүргүзүүнүн жана талдоонун жыйынтыгында РФдеги Москва шаарында “Мен макул эмесмин” жана  “Менин укугум бар” коомдук кыймылдарынын лидери,  “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөсү Орозайым Нарматова Россия Федерациясында акыркы жылдары эмгек миграциясында жүргөндүгү, бул жылдар аралыгында аталган кыймылдын мүчөлөрү менен маал-маалы  менен жолугушууларды жана конференцияларды өткөрүп келгендиги аныкталган.

Бул өткөрүлгөн иш-чараларда О.Нарматова эмгек мигранттарынын, Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган жарандардын арасында нааразылыктарды күчөтүү максатында негизсиз сындарды дайыма айтып келген.

О.Нарматованын билдирүүлөрүндө  терс чакырыктарды жасаган белгилер бар. Анын акыркы ишмердүүлүгү региондор аралык кастыкты козутууга жана бийликти күч менен басып алууга шарттарды түзүү үчүн терс маанайдагы коомдук пикирди калыптандыруу максатында коомдук-саясий процессти бир багыттуу чагылдырууга багытталгандыгы күбөлөндүрөт.

Топтолгон материалдар КЖБРге Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 313-беренесинин 1-бөлүгүндө (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу) көрсөтүлгөн кылмыш белгилеринин негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүш башталды.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматынын тапшырмасы менен   2021-жылдын 10-сентябрында О.Нарматова Ош шаарынын аэропортунда кармалган. Учурда тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн аны ИИМдин Тергөө кызматына жеткирүү чаралары көрүлүүдө.

Меню