Menu

Пенсия

Кыргызстандыктарга пенсиянын топтолгон бөлүгүн ипотека үчүн колдонууга уруксат берилди

Кыргызстан жарандарына пенсиялык топтомдогу акча менен ипотекалык карыздын негизги бөлүгүн же үстөгүн төлөөгө уруксат берилди. Мындай чечимди министрлер кабинети кабыл алды.

Кеп Мамлекеттик пенсиялык топтоо фонду жөнүндө болуп жатат. Бул каражатты пайдалануу үчүн топтолгон сумма 50 миңден кем болбошу керек.

Кыргызстандын пенсия системасы базалык жана топтоочу бөлүктөн турат. Жыл сайын иштеген ар бир кыргызстандык маянасынын 10% пенсияга которот. Анын 8% азыркы пенсионерлерди каржылоо үчүн жумшалат, 2% Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондуна которулат. Акыркы каражат жарандын өзүнүн акчасы болуп эсептелет. Министрлер кабинети бул чечими менен дал ушул каражатты импотека карызын жабууга колдонууга уруксат берди.

Өлкөдө топтоо системасы 2010-жылы киргизилген.

2021-жылы Казакстанда пенсиялык топтомдун бир бөлүгүн турак жай маселесин чечүүгө жана ден соолукту жакшыртууга пайдаланууга уруксат берилген. Бирок быйыл апрелден тартып бул каражатты алуу шарттары татаалдаштырылган.

1-октябрдан тарта пенсиялардын базалык жана камсыздандыруу бөлүгү жогорулатылат

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов үстүбүздөгү жылдын 1-октябрынан тарта пенсиялардын базалык жана камсыздандыруу бөлүгүн  индексациялоо жөнүндө токтомго кол койду.

Чечим Кыргыз Республикасынын Президентинин «Пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрүн индексациялоо жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу жана пенсионерлердин кызыкчылыгын коргоону камсыздоо максатында кабыл алынган.

Тактап айтканда, өткөн жылы пенсиясынын жалпы өлчөмү жашоо минимумунан төмөн болгон  пенсионерлердин категориясы үчүн пенсиянын базалык бөлүгү 110%га индексацияланган. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин маалыматы боюнча, өткөн жылы пенсионерлердин төмөнкү жашоо минимуму 4785,4 сомду түздү.

2021-жылдын 1-октябрына чейин дайындалган пенсиялардын камсыздандыруу бөлүктөрү 1,08 индексациялоо коэффициентине индексацияланат.

Пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрүн индексациялоонун жыйынтыгы менен жалпы пенсиянын орточо көлөмү 6248 сомду түзөт, бул пенсиянын жогорулатылганга чейинки орточо көлөмүнөн 8%га жогору, же 455 сомду түзөт. Белгилесек, жогорулатуу суммасы ар бир пенсионердин пенсиясынын өлчөмүнөн көз каранды болот.

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине караштуу Социалдык фондго пенсиянын базалык бөлүгүн өз убагында кайра эсептөөнү жана аларды жаңы өлчөмдө төлөп берүүнү камсыз кылуусу тапшырылды.

Пенсия дайындоо үчүн Ички аскерлердин аскер кызматчыларынын кызмат өтөө мөөнөтүн жеңилдетилген түрдө эсептөө жөнүндө чечим кабыл алынды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин аскер кызматчыларынын социалдык кепилдиктерин камсыздоо, ошондой эле аларга кошумча деп берүү максатында, пенсияны дайындоо жана кызмат өтөгөн жылдарына пайыздык үстөктү эсептөө үчүн кызмат өтөө мөөнөттөрүн жеңилдетилген эсептөө жөнүндө чечимди кабыл алынды.

Кабыл алынган токтомго ылайык, Ички аскерлердин аскер кызматчыларына (мөөнөттүү кызмат өтөгөндөрдөн тышкары) бир ай кызмат өтөө бир жарым ай катары эсептелет, ал эми Баткен облусунда туруктуу жайгашкан аскер бөлүктөрүндө, мекемелерде жана бөлүкчөлөрдө кызмат өтөгөндөр үчүн бир ай кызмат өтөө эки ай катары эсептелет.

Белгилей кетсек, бул чечим Кыргыз Республикасынын Президентинин Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин 80 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарасында айтылган тапшырмасына ылайык кабыл алынды.

Чечим расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Түркиядагы кыргызстандык мигранттар пенсия ала баштады

Түркияда пенсия ала баштаган кыргызстандык мигранттар бар экенин Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин онлайн жыйынында Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев билдирди.

Элчинин айтымында, “Түркия жана Кыргызстандын өкмөттөрүнүн ортосундагы Социалдык Коопсуздук Келишимине” ылайык, эки өлкөдө 15 жылдан ашык эмгек визасы менен иштеп, камсыздандыруу акысын төлөгөн жарандар эки жактан тең быйыл март айынан баштап пенсия ала баштады.

Эки өлкө ортосундагы социалдык камсыздоо боюнча келишимге президенттер 2018-жылы 9-апрелде Анкарада кол коюлган.

Элчи Кубанычбек Өмүралиев канча киши пенсия алып жатканын тактаган жок.

Ал Түркияда 20 миңден 25 миңге чейин кыргызстандык бар экенин айтып, пандемияга байланыштуу мигранттардын саны акыркы эки жылда кыскарганын кошумчалады.

Меню