Menu

Телефон уурулар

Бишкекте телефон уурулар кармалып, алардын үйүн тинткенде 1700 мобилдик телефон табылды

Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыгы уурдалган телефондорго байланыштуу Кылмыш кодексинин бир нече беренелери менен козголгон кылмыш ишин тергеп жатат. Анын алкагында калаанын жана Ленин районунун из кубарлары уюшкан кылмыштуу топтун артынан түшкөн.

Тергөөнүн версиясы боюнча шектүүлөр уурдалган телефондорду, планшеттерди жана ноутбуктарды сатуу боюнча эл аралык канал уюштурушкан.

Кымырылган телефондордун өзүнө таандык маалыматтары, сериялык номурлары, IMEI коддору алмаштырылып, Mi Cloud, ICloud жана Google аккаунттары бузулган.

Жыйынтыгында ондон ашык шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Кийин соттун чечими менен алардын алтоо №1 тергөө абагына камакка алынып, калгандары үй камагына чыгарылган.

Шектүүлөрдүн үйүн тинткен маалда 1700 мобилдик телефон, жети ноутбук жана беш планшет табылды.

Милиция Алматы полициясы менен бирге дагы эки адамды коңшу Казакстандан кармады. Алардын жанынан Кыргызстанда уурдалган 46 мобилдик телефон табылган. Кыргызстандык милицонерлер казакстандык кесиптештерине Алматы шаарында уурдалган 278 мобилдик телефонду кайтарып бергени айтылды.

Табылган телефондордун бир бөлүгү ээлерине кайтарылып берилгени, иликтөө уланып жатканы кабарланды.

Меню