Menu

УКТ

УКМК: Бишкекте ресторандын ээсинен $20.000 пара талап кылып, $10.000 алып жаткан жеринен уюшкан кылмыштуу топтун 3 мүчөсү кармалды

КР УКМК Бишкек шаарындагы ресторандардын биринин ээсинен уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү тарабынан 20 миң АКШ долларын пара талап кылуу фактысы боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштү териштирип жатат.

Бул факт боюнча, 2021-жылдын май айында, 10 миң АКШ долларын алып жаткан жеринен уюшкан кылмыштуу тобунун эки мүчөсү «И.Р.М.» жана «М.Р.А.» кармалган.

2021-жылдын 24-июлунда ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында Бостери айылдагы конок үйлөрүнүн биринде бул кылмыштын башкы уюштуруучусу “Б.М.М.” кармалып, КР УКМКнын тергөө камак жайына киргизилген.

Тергөө иштери жүрүп жатат.

ИИМ: Адам уурдоого жана каракчылыкка шектелген УКТнын "смотрящийи" кармалды

ИИМдин КМКнын 3-башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан ыкчам издөө иш чараларынын натыйжасында адам урдоого жана каракчылыкка шектелген адамдар кармалды. Бул тууралу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Буга чейин борбор калаанын райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн бирине мыйзам бузуу фактысы боюнча чара көрүүнү суранып жаран кайрылган. Ушул жылдын июнь айынын башында Бишкек шаарынын Бөкөнбаев көчөсүндө белгисиз адамдар коркутуп-үркүтүү жолу менен жабырлануучуну кара унаага отургузуп, тоого алып чыгып кетишкен. Ээн жерде баш калаанын тургунун күч колдонуп, сабап, акчасын жана уюлдук телефонун тартып алышкан.
Аталган факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 202 беренеси (Каракчылык) жана 170 (адам уурдоо) боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган.
Кылмыш структуралары тарабынан тоноо жөнүндө маалымат болгондугуна байланыштуу, ИИМдин 3-башкармалыгынын (УБОП) ыкчам кызматкерлери бул фактыны иликтөөгө кошулушкан.
Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү катары эки адам кармалган:
– 1983-жылы туулган жаран С.К., Нарын облусунун Жумгал районунда туулган, мурда оор кылмыштар үчүн соттолгон, ИИМдин КМКнын маалыматы боюнча, ал уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары Ички иштер министрлигинин ыкчам каттоосунда турат, кылмыш чөйрөсүндөгү статусу “смотрящий”.
– кармалган экинчи жаран 1983-жылы туулган У.Ч., ошондой эле мурда соттолгон, Ысык-Көл облусунун тургуну.
Соттун чечими менен кармалган эки жаранга тең камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалды.
Учурда сотко чейинки тергөө иштери жүрүп жатат.

ИИМ: Атып өлтүрүлгөн кримавторитеттин оң колу, "положенец" Т.О. тоноочулук айыбы менен кармалды

Буга чейин Ош облусунун тургуну укукка каршы аракеттер боюнча чара көрүү өтүнүчү менен ички иштер органдарына кайрылган. 2020-жылдын декабрь айында Өзгөн шаарында, эки чала тааныш адам  күч колдонуп, тоноо  жолу менен арыз ээсинин   баасы 20 миң сомдон ашкан уюлдук телефонун тартып алышкан.
Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 201-беренесинин 2-бөлүмү  (Тоноо) боюнча сотко чейинки өндүрүш  башталган. Тергөө амалдарынын жүрүшүндө кылмышка шектүүлөрдүн бири камакка алынып, экинчиси качып кетүүгө үлгүргөн.
Андан ары ыкчам-издөө иш-чараларын ИИМдин КМКнын Аймактар аралык башкармалыгынын кызматкерлери жүргүзүшкөн. Тергөөдөн жашырынып жүргөн Өзгөн районунун тургуну, кылмышка шектүү 1993-жылы туулган Т.О. уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда экендиги аныкталган.
Үстүбүздөгү жылдын 3-июнунда ИИМдин КМКнын Аймактар аралык башкармалыгынын кызматкерлери изин жашырып жүргөн  1993-жылы туулган Т.Ону  кармоо боюнча ыкчам иш-чараларын  Ош облусунун Өзгөн районунун аймагында жүргүзүшкөн.
ИИМдин КМКнын Аймактар аралык башкармалыгынын маалыматы боюнча, жогоруда көрсөтүлгөн  шектүү Т.О.  “положенец” макамына ээ. Ал тирешүүнүн кесепетинен каза болгон криминалдык авторитеттин жакын адамдарынын бири болгон. Эске салсак, 2021-жылы 19-мартында Өзгөн районунда жергиликтүү кримавторитеттин унаасын атып кетишкен.  Октон алган жаракатынан улам  эки жаран каза болгон.
Бул ишти андан ары тергөө ИИМдин Тергөө кызматы (Ош шаары) тарабынан жүргүзүлүүдө. ИИМдин КМКнын Аймактар аралык башкармалыгы бул оор кылмышка тиешеси бар адамдарды кармоо боюнча ыкчам-издөө иш-чараларын улантууда.
Меню