Menu

ФЕТО

ТИМ: Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде «ФЕТО террордук уюму» деген темада өткөн семинар боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлүп жатат

Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Авазбек Атаханов 2022-жылдын 31-майында Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде «ФЕТО террордук уюму» деген темада өткөн семинар тууралуу маалымат тараганына байланыштуу, бул эл аралык университет дүйнөнүн эки боордош элинин ортосундагы достукту чыңдоо механизми катары жана Кыргызстан менен Түркиянын сапаттуу жогорку билим берүүгө болгон умтулуусунун көрүнүшү катары түзүлгөнүн айтты. Окуу жайдын жетекчилиги эки өлкөнүн элдеринин ынтымагынын духуна таянып, мындай иш-чараларга өзүнүн аянтчасын берип, араздашуунун себилишине салым кошпошу керек.

Анын пикиринде, бул университет эки тараптуу билим берүү жаатындагы эң ийгиликтүү долбоорлордун бири болгондуктан, кандайдыр бир күчтөрдүн саясий инсунациясынын куралына айланбашы керек. Авазбек Атаханов бул факты боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы жалпы коомчулукка жеткириле тургандыгын билдирди.

Жапаров Эрдоган менен жолугушуусунда Орхан Инандынын жоголушу боюнча сөз кылды

Президент Садыр Жапаров Түркиянын лидери Режеп Тайып Эрдоган менен жолукканда андан Орхан Инандынын Кыргызстанда жоголушу боюнча сурады. Бул тууралуу кыргыз президентинин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев журналисттердин суроосуна жооп берип жатып билдирди.

“Президент Садыр Жапаров кесиптеши Режеп Тайып Эрдогандан Орхан Инандынын Кыргызстанда жоголушу боюнча сурады. Режеп Тайып Эрдоган аны тааныбастыгын, ал жөнүндө маалыматы жоктугун, ФЕТОчулар боюнча билгиси да келбесин айтты”, — деди Султанбаев.

9-июнда Режеп Эрдоган Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен биргелешип өткөргөн маалымат жыйынында “ФЕТО баш болгон террордук уюмдарга каршы күрөшүү жана чөлкөмдөгү кызматташтык сыяктуу маселелерди талкууладык” деп билдирген.

“ФЕТО уюмунун эки өлкөнүн улуттук коопсуздугуна коркунуч келтирери тууралуу урматтуу бир тууганым менен пикирдешпиз. Соңку саясий көйгөйлөр ФЕТОнун караңгы, кандуу жана суук “жүзүн” ортого салды. Буюрса, бири-бирибизге колдоо көрсөтүп, бул маселени бирге жеңебиз. Урматтуу президентке Түркиянын кыргыз элине жана өкмөтүнө болгон колдоосун дагы бир жолу баса белгиледим. Саясий туруктуулукка карай жасалган ар бир кадамында биз кыргыз мамлекетинин жанындабыз”, – деген Эрдоган.

59 жаштагы Орхан Инанды 1-июнга караган түнү жоголгон. Анын эшиги ачык калган машинеси өзү жашаган үйдүн короосунан табылган. Милицияга арызды анын уулу жазып, акыркы жолу атасы байланышка 31-майдын кечинде чыкканын, ошо бойдон дайынсыз экенин айткан.

Кыргызстанда 20га жакын “Сапат” жеке лицейинин, эл аралык “Ала-Тоо” университетинин негиздөөчүлөрүнүн бири Орхан Инандынын теги түркиялык. Ал Бишкекте иштеп, Кыргызстандын жарандыгын алган.

Меню