Menu

Этникалык кыргыздар

Этникалык кыргыздар Акыйкатчыга балдарына жөлөк пул берилбей жатканына арызданышты

Кечээ, 27-апрелде КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмен) Атыр Абдрахматова Москва районунда жарандарга көчмө кабыл алуу өткөрүп, коңшу мамлекеттерден Чүй областына отурукташкан этникалык кыргыздар менен жолугушту.

Беш-Терек айыл өкмөтүндө Акыйкатчынын кабыл алуусуна 30дан ашык адам келди.

Аталган айыл өкмөттө Тажикстан жана Өзбекстандан көчүп келип отурукташкан 100гө чукул этникалык кыргыздар жашайт.

Алардын көпчүлүгү Кыргызстандын жарандыгын алышкан, бирок ата-энеси КРнын паспортуна ээ болгону менен балдары дагы деле болсо жарандык алууну күтүп жаткан үй-бүлөлөр да бар.

Акыйкатчыга 1970-жылы туулган аял – кабыл алууга келген этникалык кыргыздардын бири кайрылды: анын жолдошу каза тапкандан кийин аял жашы жете элек балдары менен жалгыз калган жана жана аларга жөлөк пул жана тиешелүү пенсияны да ала албай жатат. Балдар үчүн жөлөк пул алууга жеринде баардык чаралар кабыл алынды.

Айыл өкмөтү Алмазбек Дубанаев этникалык кыргыздарга жергиликтүү бийлик органдары тарабынан кабыл алынып жаткан чаралар жөнүндө токтолду.

“Айылда 12 улуттун өкүлдөрүнөн турган 400дөй үй-бүлө жашайт. Алардын көбүндө 3,5 гектардан жер үлүшү бар, ошондой эле мал кармашат. Бирок ички мигранттар бар, алардын жашоосу кыйыныраак. Мындай үй-бүлөлөргө жерди ижарага беребиз жана алар аны иштетүүнүн эсебинен жашашат”,-дейт айыл башчысы.

Акыйкатчы балдар үчүн жөлөк пул чектеп берүүгө көмөк көрсөтүү зарыл экенине көңүл бурду.

“Аталган айылда болгону үч үй-бүлө балдар үчүн жөлөк пул алат. Бизге кайрылгандар айтып беришкендей, алар балдарга жөлөк пул алууда адам укуктарынын өтө одоно бузулушуна кабылышкан. Мисалы, аял күйөөсү менен ажырашкандан кийин өзүнүн ата-энесиникинде жашап жатыптыр. Бирок анын балдарына жөлөк пул берилбейт, анткени аял жашап жаткан үйдүн кирешеси эсептелген”,-деп нааразы болду Акыйкатчы.-“Социалдык жөлөк пул алуу укугу ар бир балага таандык, ошондуктан “үй бүлөгө көмөк” жөлөк пулун алуу укугун чоң ата, чоң эне же үй-бүлө менен чогуу жашап жаткан башка тараптарга карап чектөө адам укугунун одоно бузулушу болуп саналат. Министрлер кабинети социалдык жактан корголбогон жарандар үчүн мамлекеттик колдоонун конституциялык кепилдигинин кынтыксыз аткарылышын камсыздашы керек”.

Меню