Menu

USAID Баткенде

USAID Баткендеги жер которгон үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүү үчүн 8 млн сомдон ашык акча бөлдү

АКШнын эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) бөлүп берген каражат (100 миң АКШ доллары) Баткен облусунда жер которгон 400дөй үй-бүлөгө берилет. Бул каражаттар Баткен облусундагы чек ара кагылышууларынан жапа чеккен кыргызстандыктардын шашылыш гуманитардык муктаждыктарын канааттандырууга багытталат. 

Эл аралык Кызыл Крест жана Кызыл Жарым Ай Коомдор Федерациясы бул көп максаттуу акчалай жардамды жабыр тарткандарга жардам көрсөтүү үчүн таратат.

«Бул каржылоо Америка элинен Кыргыз Республикасынын элине колдоо. Биз Баткендеги жүздөгөн үй-бүлөлөр дуушар болгон кыйынчылыктарды жеңилдетүүгө жардам берген эл аралык гуманитардык аракеттерге өз салымыбызды кошуп жатабыз”,- деди АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин убактылуу ишенимдүү өкүлү Соната Коултер.

Буга чейин USAID ЮНИСЕФ жана Кыргызстандын Улуттук Кызыл Жарым Ай Коому аркылуу 1000 гигиеналык комплектилерин да берген болчу. Ал комплектилер 5 миң адамдын, анын ичинде Баткен облусундагы 2 миң баланын муктаждыктарын канааттандырууга жардам берди.

USAID Баткенде мөмө-жемиштерди өндүрүүчү 500дөн ашуун кожолуктун малинасын экспорттого жардам берүүдө

АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) Баткен облусунун Кадамжай районундагы «Грин Экспорт КейДжи» фермердик чарбасына жаңы шок тоңдургуч жабдууларын берди. Жаңы жабдуулар «Грин Экспорт КейДжи» компаниясына күнүнө 20 тоннага чейин малинаны кайра иштетүүгө мүмкүндүк берет. Заматта тоңдуруу технологиясы малинаны узак мөөнөткө сактоого мүмкүндүк берип, малинаны коңшу өлкөлөргө экспорттоону көбөйтөт.   

Өндүрүш кубаттуулугу кеңейген «Грин Экспорт КейДжи» ишканасы Кадамжайда үй шартында малина өстүргөн 500дөн ашуун кожолук үчүн туруктуу кардарына айланды. Компания облуста өз ишин баштагандан бери 1 килограмм малинанын баасы орто эсеп менен 50 сомдон 200 сомго чейин көтөрүлүп, майда фермерлердин кирешесин бир топ жогорулатты.

«Сактоо шарттарын жакшыртуу жана жаңы рынокторду табуу Кыргыз Республикасында айыл чарба өндүрүшүн көбөйтүүнүн негизги фактору болуп саналат. Бул малина сыяктуу аймактын уникалдуу продукциясына өзгөчө тиешелүү. Бул инвестициялар жаңы жумуш орундарын түзүп, жүздөгөн үй-бүлөлөргө пайда алып келгенин азыртадан эле көрүп жатабыз. Бул биздин түпкү максатыбыз», – деп билдирди USAID Кыргызстандагы директору Кайя Адамас.

4 млн сомдон ашык суммага мөмө-жемиштерди тоңдургуч жабдуулары USAIDдин «Агросоода» долбоорунун алкагында берилди. Бул шок-тоңдуруу технологиясы клетканын түзүлүшүн, бардык пайдалуу микроэлементтерди жана 85-90% витаминдерди сактап калууга мүмкүндүк берет.

«Малинаны өстүрүү жана сатуу боюнча сегиз жылдык, ал эми тоңдурулган азыктарды коңшу өлкөлөргө экспорттоо боюнча эки жылдык тажрыйбабыз бар. Азыр биз USAIDдин колдоосу менен өз ишмердүүлүгүбүздү кеңейтип, жергиликтүү фермерлер менен малинаны туура өстүрүү жана жыйноо боюнча түшүндүрүү иштерин улантууну көздөп жатабыз, бул сапаттын жана өндүрүштүн жакшырышына алып келет», – дейт мекеменин жетекчиси Акторо Саттаров.

USAIDдин «Агросоода» долбоору Кыргызстандын айыл чарба ишканаларынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу жана Өзбекстан менен соода мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү аркылуу жаңы жумуш орундарын жана кирешелерди көбөйтүүгө багытталган.

USAID Саламаттыкты сактоо министрлиги жана жарандык коом менен биргеликте Баткен облусунун чек ара райондорунун тургундарына психологиялык жардам боюнча программасын ишке ашыра башташты

Бишкек шаары, 2021-жылдын 15-октябры – USAIDдин “Жигердүү жарандар” долбоору Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте 2021-жылдын жаз айында кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалдан жабыркаган Баткен районунун тургундарына психологиялык жардам көрсөтүү программасын ишке ашыра баштады.

“Жигердүү жарандар” долбоорунун аталган программасы 2021-жылдын сентябрь айынан 2022-жылдын январына чейин “Үй-бүлө жана коом” коомдук бирикмеси менен өнөктөштүктө төмөнкү багыттар боюнча ишке ашырылат:

  • Баткен жана Лейлек райондорунун саламаттык сактоо уюмдарынын медициналык кызматкерлерин окутуу, психологиялык жардамга муктаж болгон жарандарды аныктоо, кабыл алуу жана жардам алуусу үчүн аларды адистерге жөнөтүү;
  • Лейлек районундагы үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча жергиликтүү комитеттин мүчөлөрүн, ошондой эле жергиликтүү социалдык кызматкерлерди жана адистерди конфликттен жабыр тарткандарга, анын ичинде гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандарга коопсуз колдоо көрсөтүү жана алар менен иштөө боюнча окутуу;
  • Чыр-чатак учурунда жамааттарга жардам көрсөтүүгө тартылган жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө стрессти башкарууга жана өзгөчө кырдаалдарда эмоционалдык жактан чарчоону жеңүүгө үйрөтүү;
  • Мамлекеттик жана муниципалдык органдарга, ошондой эле бейөкмөттүк уюмдарга өзгөчө жана кризистик кырдаалдарда баштапкы психологиялык-психиатриялык жана негизги социалдык-укуктук жардам көрсөтүү боюнча бирдиктүү колдонмону иштеп чыгууда көмөк көрсөтүү.

“Бул демилгенин дагы бир маанилүү бөлүгү — психологдордон жана психиатрлардан турган Саламаттык сактоо министрлигинин атайын командаларынын Арка, Карабак, Көк-Таш, Кызыл-Бел, Кулунду, Максат жана Раззаков айылдарынын тургундарына түздөн-түз психологиялык жардам көрсөтүүсү,” – деди Лилия Пантелеева, дарыгер-психиатр жана  “Үй-бүлө жана коом” коомдук бирикмесинин башчысы.

Эске сала кетсек, 2021-жылдын 28-30-апрелинде Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында куралдуу чыр-чатак орун алып, анын натыйжасында расмий маалымат боюнча Кыргыз Республикасынын 180 ашуун жаран жаракат алган, 36 адам каза тапкан. Расмий маалымат боюнча, 60 миңден ашуун адам үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болгон. КР Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, жабыркаган жарандардын ар бир бешинчисинде травмадан кийинки стресстин кандайдыр бир деңгээли байкалууда.

Меню