Menu

Эрмек Нургазиев, мэрдин м.а.: “Адвокат аял келип мени бетке чапканда, рефлекс болуп мен дагы аны чаап жибергем”

Бөлүшүү:

Мага каршы кылмыш иши жок. Бул тууралуу бүгүн, 9-февралда Бишкек шаарынын мэринин жаңы милдетин аткаруучу Эрмек Нургазиев маалымат жыйында билдирди.

“Бишкекте казинону камаган Бозулан деген кишилер бар. Алар мэриядан ижарага жер алышыптыр. “Альянс курулуш” деген компанияга “долевой строительствого” беришкен. 10 жыл мурун буларда “Капитал плюс” , “Капитал право” деген фирмалар болгон. Алар элге кердит берип, акчаны кечиктиргендерден үйлөрүн алып коюшчу. Конкреттүү бир мисал айта алам, Жаркеева деген судья бир канча кишилердин батирлерин ушул фирмага алып берип койгон. Бу фирма чоң бизнеске айланып, “Альянс курулуш” деген компанияга кредит беришет. Ушул эле схема менен аларды банкрот кылып, объектилерин басып алышкан. Учурда Альянов Максим деген ишкер түрмөдө отурат. Азыркы мезгилде дагы бул иш боюнча сот отурумдары болуп жатат”, – деп билдирди ал.

«Аял менен болгон окуя күтүлбөгөн окуя болду. Бул аял жогорудагы фирманын юристи. Компанияда менин да объектим бар эле, алар объектилерге камак коюшту. Биздин “дольщиктердин” жыйыны өтүп жаткан жерге ал аял киши 3-4 адам менен келип, сүйлөшүп жаткан жерден келип бетке чаап жиберген. Бул бир жарым жыл мурун болгон окуя. Менде дагы рефлекс болуп кетти. Мен дагы аны чаап жибергем. Анысы чын. Ошол эле күнү ал арыз жазган. Бирок, менин 30 “дольщиктерим” аял биринчи келип мени чапканын далилдеп, көрсөтмө беришкен”, – деп кошумчалады ал. 

Белгилей кетсек, буга чейин социалдык тармактарда Эрмек Нургазиев адвокат Ольга Новохатскаяны жаакка бир чапкан видеотамасы тараган. Адвокат аял ал убакта кош кабат болгонун, бул окуядан кийин кош бойлуулугу токтотулганын билдирген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 1 = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: