Menu

Парламентте депутаттар менен президенттин өкүлү кайым айтышты

Бөлүшүү:

Бүгүн, 20-январда ЖКнын жыйынында депутат Умбеталы Кыдыралиев президенттин жана өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлдөрүнөн тышкы миграция мыйзамына көңүл бурууну суранды.

Анын айтымында, чет элдик мигранттар патентсиз жана тиешелүү уруксат документтерисиз иштешет. Бул улуттук коопсуздукка таасир этиши мүмкүн.

Түштүк регионго бизге чектеш республикалардын жарандары келип иштеп жатышат. Эч кандай документтери жок иш жүргүзүп жатышат. Ушул маселеге көбүрөөк көңүл буруп койсоңуздар. Буга чейин биз аларга жеке патенттерди берүүнү сунуш кылганбыз. Келечекте бул улуттук коопсуздукка таасирин тийгизиши мүмкүн. Акчалар чыгып жатат. Жумуш орундарына конкуренция болуп жатат.. Биздин жарандар чет өлкөгө кетип жатат.. Тамыры терең маселе болуп жатат. Ошого көңүл буруп коюңуздарчы”, – деди депутат.

Өз кезегинде президенттин ЖКдагы өкүлү Анарбек Калматов жумушка келгенден бери миграция маселеси көп көтөрүлүп жатканын белгиледи.

“Эми силердин колуңарда мыйзам чыгаруу бийлиги турат. Кандай өзгөртүүлөр болсо киргизгиле, колдой турчу нерсе болсо, колдоп берели. Депутаттар ушундай экен да, “президенттин, өкмөттүн өкүлүнө айттым” дейт экен. Президенттин мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө укугу жок”, – деди ал.

Депутат Дастан Бекешев Калматов президенттин конституциялык укугу жөнүндө туура айткандыгын белгиледи.

“Бирок президент тышкы саясатка жооп берет. Бул мыйзам долбоору оңой эмес. Экинчи окууга сунуштарымды бердим, бирок алар четке кагылды. Мыйзам долбоору өлкөдөн чыгаруу эрежесин катаалдаштырат, башкача айтканда, чет өлкөлүк жаран кичине эле мыйзам бузса, ал сотсуз эле, улуттук коопсуздук жана ички иштер органдары тарабынан өлкөдөн чыгарылат. Башка өлкөлөр реторсия принцибин колдоно алышат. Мен мындан чочулап жатам. Президенттин Аппаратынан ушул потенциалдуу коркунучту анализдеп берүүсүн өтүнөм. Эгерде бар болсо, анда мен сунуш кылган түзөтүүлөрдү киргизели”, – деди ал.

 “Мыйзамдарды биз чыгыра беребиз. Бирок, маселе алардын аткарылышында болуп жатпайбы. Түштүк региондордо көзөмөл болбой жатпайбы. Чет өлкөнүн жарандары келип, мыйзамсыз иштеп жатат. Өлкөдөн кимдерди чыгардыңар? 5 жылдын ичинде 21 миң адам чыкты статистиканы айтып жатасыңар, бирок биз административдик мыйзам бузуулар менен гана чектелип калып жатабыз. Бул чоң саясат. Ошону силер карабаганда, ким карайт? Күнүмдүк мыйзамдар кете берет, ал эми стратегиясын силер карашыңар керек да”, – деди депутат Умбеталы Кыдыралиев президенттин ЖКдагы өкүлү Анарбек Калматовго кайрылып.

“Ал түшүнүктүү. Ал деген ушул мыйзамдан келип жатпайбы. Бул мыйзамды экинчи окууга кайтарып карайлы деп жатасыңар. Карагыла. Дастан Далабаевич, сиз президенттин аппаратынан эмнени каалайсыз?  Өткөндө мени “кийлигишпе” дедиңиз эле. Эми сиз мага ишмердүүлүгүңүзгө кийлигишүүгө мажбурлап жатасыз. Эгерде жакпаса, экинчи окууда кайра карап чыгыңыздар. Туурабы? ” – деди Калматов.

Умбеталы Кыдыралиев президенттин жана өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлдөрү сөзсүз түрдө болуп жаткан процесстерге кийлигиши керектигин белгиледи.

“Бул чоң саясат. Эгерде силер кийлигишпесеңер, ким кийлигишет? Силер сөзсүз киришип, ар бир мыйзамды карап турушуңар керек” – деди депутат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 97 − = 93

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: