Бишкек шаарында 18-март күнү мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге чейин жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 1…3° жылуу, күндүзгү жогорку температурасы 4…6° жылуу болушу күтүлөт.
Ош шаарында 18-март күнү мезгил-мегили менен жаан жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге чейин жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 3…5° жылуу, күндүзгү жогорку температурасы 7…9° жылуу болушу күтүлөт.
18-март күнү көпчүлүк аймактарда жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Тоолуу аймактарда автожолдор тоңголок, тайгак болушу күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
19-март күнү түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, 19-март күнү күндүз жана 20-март күнү түнкүсүн айрым жерлерде жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
20-март күнү күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу аймактарда автожолдор тоңголок, тайгак болушу күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 20-март күнү Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
21-22- март күндөрү жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы жогорулайт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ