Өлкө боюнча жыл сайын жүз миң же андан ашуун бала 1-класска кирүүдө. Бул тууралуу бүгүн “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын жыйынында билим берүү жана илим министри Элвира Сариева билдирди.
“9-11-класстарды бүтүрүүчүлөрдүн саны берилген аттестаттын негизинде такталат. Ошондой эле Мамлекеттик каттоо кызматынан паспорт алганда кошумча такталат. Министрлик мектеп окуучуларын жогорку окуу жайларынан сырткары, орто кесиптик окуу жайларга барууну пропогандалап келет. Анын негизинде бир топ балдар кесиптик окуу жайларга кетишет. Аларда окуу мөөнөтү ар кандай. Ошондон улам, 1-класска кирген, 9-класттан кесиптик окуу жайларга кеткен, 11-кластты бүтүргөн, 1-курска тапшырган балдардын санын тактоодо айырмачылыктар чыгат”, – дейт Сариева
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ