Депутат болгусу келбей, «адам» бойдон калгысы келген Лунара Мамытованын ордуна “Бир Болдун” тизмедеги кийинки мүчөсү Улукбек Ормонов депутат болуп ант берди. Ошентип бир кезде «Ак Жол» фракциясын жетектеп, Бакиевдердин айтканын буту үзүлгөнчө чуркап аткарган Улукбек кайрадан мандатка ээ болуп отурат. Ошондо Ормоновду кошкондо «Ак Жолдон» бүгүнкү күндө 9 депутат Жогорку Кеңеште ар кайсы партиядан эл өкүлү болуп келишти. Тактап айтканда, Алтынбек Сулайманов, Аскарбек Шадиев, Азамат Арапбаев, Пархат Түлөндүбаев, Динара Исаева, Асылбек уулу Дамирбек, Зиядин Жамалдинов, Азис Турсунбаев бар. Ирденип калышыптыр. Улукбек «Ак Жол» деп өзүнчө депутаттык топ түзүп, мурдагы эңсөөсүн калыбына келтирсе болчудай.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ