– Зарыл мырза, сизди Бабанов менен сөгүшүп, мушташканга чейин барганыңызды айтышууда. Бул маалыматты өзүңүздөн тактап койсок болобу?
– Кызык, Бабанов менен эмнеге урушмак элем? Ушак, болбогон сөз. Ким айтып атыптыр? Канат Исаевден уктуңбу?
– Жо-ок. Ушундай маалыматтар түшкөн эле да…
– Текебаевдин катыгын берсем эле Бабанов менен дагы уруштургусу келгендер чыгып аткан го…
– Негизи окуя Ак үйдун ичинде болгонун айтып атышат. Ал жакка бардыңыз беле?
– Эмнеге барам Ак үйгө? Мандат алгандан кийин гана барбасам, жаш баладай болуп сагалаган уят эмеспи!
– Качан депутат болчудайсыз? Убактысы деле келип калды окшойт э?
– Кудайдын буюрган күнү. Азыр күтүү режиминде туруп атам.
Булак: “Азия news”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ